KELECHEK
rek

Жалал-Абадда кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча тегерек стол өттү

Жалал-Абадда кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча тегерек стол өттү

Бүгүн, 26-май күнү Жалал-Абад шаарындагы “Мөл-Мөл” мейманкана комплексинин жыйындар залында кыйноолорго жана адамгерчиликсиз мамиле жасоолорго каршы күрөшүү боюнча тегерек стол болуп өттү.

Аталган тегерек стол КР Башкы прокуратурансынын прокурордук кызматкерлерди кесиптик даярдоо борбору, “Лигал просперити” коомдук фондусу жана ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси тарабынан уюштурулду. Бул иш-чарага Башкы прокуратуранын, кыйноолорго каршы улуттук борборунун өкүлдөрү, район-шаарлардын ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү прокуратуралардын кызматкерлери, бейөкмөт уюмдарынын, ММКлардын, укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Бакыт Кетиреновдун берген маалыматына караганда, бул терек столдо кыйноолор боюнча мындан ары кандай жумуш алып бара алабыз, кандай максат коёбуз? Азыркы көйгөй маселелер жана алдыга койгон максаттар талкууланды. Ошондой эле, акыркы жылдарда адамдын укугун коргоо, ар кандай кыйноолорго каршы туруу иш-чараларынын жүрүшү, анын жыйынтыгы, айрым кемчиликтер жана алдыда турган милдеттер тууралуу кеңири сөз болду.

“Бизде кыйноо бар экендиги аныкталган. Статистикага карасак, 2015-жылы Кыргызстанда кыйноолорго каршы 34 кылмыш иши козголгон болсо, анын 18и аймактагы прокуратура органдары тарабынан козголгон. Ал эми 2014-жылы болгону 16 гана кылмыш иши козголгон. Ал эми ошол иштердин сотко жөнөтүлгөнү 2015-жылы 38 пайызды, ал эми 2014-жылы 43 пайызды түзгөн. Бул багытта Башкы прокуратурада өзүнчө адистешкен бөлүм ачылып, алар тарабынан бир топ иштер аткарылып жатат. Кыйноолор эң негизинен ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан болот. Башка органдарда да бар, бирок алар бирин-серин гана”, - дейт Б.Кетиренов.

Тегерек столдо Жалал-Абаддагы “Справедливость” укук коргоо уюмунун өкүлдөрү тарабынан кыйноолорго каршы күрөшүүдө прокуратура жана милиция органдары тарабынан кемчиликтер кетирилип жатканы жана убактылуу кармалуучу жайлардагы шарттар начар экени тууралуу сын пикирлер айтылды.

Ошондой эле, милиция кызматкерлеринин укуктук жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу зарылдыгы тууралуу да олуттуу сөз болду. Ал эми облустук ички иштер башкармасынын өкүлү милиция ишине сырттан кийлигишүүлөр бар экенин билдирди. Тегерек столдун катышуучулары кыйноолорго каршы күрөштү күчөтүү, ага карата чогуу аракеттенүү зарылдыгын билдиришти.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53