KELECHEK
rek

Боспиекте Аксы окуясынын 15 жылдыгы эскерилди (ФОТО)

Боспиекте Аксы окуясынын 15 жылдыгы эскерилди (ФОТО)

17-мартта Боспиекте каргашалуу Аксы окуясынын 15 жылдыгына арналган эскерүү митингиси болуп өттү.

2002-жылдын 16-17 март күндөрү башталган Аксы окуясы Кыргызстандагы демократиянын башаты катары карапайым элдин ошол кездеги үй-бүлөлүк, кландык кылмыштуу бийликке өз талаптары менен ачык каршы чыгышкан. Үзөңгү-Кууштун Кытайга сатылып кетиши элдин ачык кыжырдануусун туудурган. Ошол каргашалуу Аксы окуясында адилеттүүлүк менен эркиндик үчүн өз өмүрлөрүн берген аксылык мекенчил эр-азаматтар: Эркиналы Четинбаевдин, Кадыркул Сапаралиевдин, Медетбек Бекмуратовдун, Сатымбай Үркүмбаевдин, Советбек Тагаевдин, Элдияр Үмөталиевдин жана ошол коогалаңдуу мезгилде Аксылыктарды ачык колдоп, ачкачылык жарыялап каза тапкан Шералы Назаркуловду алардын жакындары жана тууган-уруктары, Аксы районунун эли менен коомчулугу таң заарынан Боспиекке келишип, алардын эстелигине гүлдөрдү коюп жатышты.

Мындан 15 жыл илгери ошол каргашалуу окуяда денелеринен ар кандай жаракаттарды алышкан Кербен шаарынын тургуну Атамырза Токтоматов, Жерге-Тал айылынан Самаган Мурзабеков, Кара-Жыгач айылынын тургуну Бекболсун Чекиров жана Кербен шаарынын жашоочусу Бектемир Жуманалиев Боспиектеги Шейиттер мазарына алгачкылардан болуп келишти. Ал эми ошол каргашалуу окуяда бир боору, 1957-жылы туулган агасы Сатымбай Үркүмбаевден ажыраган Бүбүсара Үркүнбаева көзүнө жаш алып, агасын сыздап эскерип олтурду.

- Агамдын артында чырактай болгон беш баласы калды. Акем үч уул, эки кызды тарбиялап жаткан болчу. Апам уулунун азабын көтөрө албай бул дүйнө менен тез эле коштошуп кете берди. Арман дүйнө, агам уулдарынын үйлөнгөнүн, кыздарынын турмушка чыккандарын көрбөй калды. Неберелеринин таттуу балдай ширин күлкүлөрүн укпай калды. Үй-бүлөдө атанын орду башкача экендигин өз башымдан өткөрүп сездим,- дейт 55 жаштагы Бүбүсара Үркүмбаева көзүнөн аккан жашын арчып жатып.

Эртең мененки саат 10до КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, КР Президенттик Аппаратынын башчысы Сапар Исаков, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган жетекчилер Аксы окуясында курман болгондорго тургузулган эстеликке гүл чамбарларды коюшту. Аксы окуясынын 15-жылдыгына арналган эскерүү митингисин КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев ачты. Алгач каргашалуу Аксы окуясында шейит кеткендердин жаркын элесине арналып, куран түшүрүлдү.

Аксы окуясынын 15 жылдыгын эскерүү митингисинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Аксы элине Кайрылуусун КР Президенттик Аппараттын башчысы Сапар Исаков окуп берди.

- Мындан 15 жыл мурда “Аксы” деген ат Кыргызстанды бүт дүйнөгө дүңгүрөткөн. Эркиндик, адилеттик үчүн керек болсо жан аябай күрөшүү керек экенинин аксылык баатырлар өз өмүрүн берип көрсөтүшкөн. Аксылыктар кыргыздардын байыркы замандан бери “түгөнгөн сайын түтөп, кырылган сайын күчөгөн” эр  көкүрөк эл экенин эске салган! Эркиндик, адилеттик, намыс деген дөөлөттөр каныбыздан эч качан кетпей турганын эске салган!

Аксы окуясы болбосо Март - 2005 жана – Апрель - 2010 революциялары болмок эмес. Бул үч окуя эгемен Кыргызстандын демократия жолундагы, жаңы коом, жаңы мамлекет куруу жолундагы эң оор, бирок эң маанилүү үч ашуусу болгон,- деп айтылат Кайрылууда.

Эскерүү митингисинде КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Аксы элине жана ошол каргашалуу окуяда каза болушкан эр-азаматтардын эрдигин дагы бир ирет эскерип, алардын жакындарына көңүл айтуу менен өлкөдө жасалып жаткан реформаларга токтолуп кетти.

Аксы окуясынын катышуучусу Максатбек Момункулов бийлик башчыларынан каза болгондор менен  жабыркагандарды кабыл алуу өтүнүчүн билдирди. Ушул күнү Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Аксы окуясына катышкандар жана курман болгондордун туугандары менен Аксы райондук мамлекеттик администрациясында жолукту. Жолугушууга келгендер бир катар социалдык маселелерди чечип берүүнү, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнү суранып кетишти. Премьер-министр жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытовго милдеттендирди. Медициналык жардам көрсөтүү боюнча КР Саламаттыкты сактоо министрине тапшырма берди.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин буйругуна ылайык жана КР  17-март – Аксы окуясынын күнү, ал эми 24-март – Элдик революция күнү катары белгиленүүчү атайын даталуу күндөр болуп калды.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу.     

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41