KELECHEK
rek

«Чаткал периси— 2017 » кароо-сынагынын жеңүүчүсү аныкталды (Фото)

«Чаткал периси— 2017 » кароо-сынагынын жеңүүчүсү аныкталды (Фото)

7-март күнү Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылындагы Ч. Айтматов атындагы маданият үйүндө райондук мамлекеттик администрация, райондук маданият бөлүмү жана райондук жаштар кеңешинин уюштуруусу менен «Чаткал периси— 2017 » кароо-сынагы болуп өттү.

Кароо-сынакка райондогу  мектептердин жогорку класстарында окуган тогуз кыз катышып, өз өнөрлөрүн көргөзүшүп, биринчиликке ат салышышты. Мында, алгач катышуучулар кызыл килемди басып өтүшүп, маданият үйүнө киришкен соң, зал толгон көрүүчүлөрдүн назарына ыр, бий жана өз өнөрүн көргөзүү номерлерин тартуулашып, калыстардын сынынан өтүштү.

Соңунда, бардык жагынан төп келген катышуучу катары Каныш-Кыя айылындагы С.Байдөөлөтов орто мектебинин 9-классынын окуучусу Нуржамал Кеңешбекова 1-орунга ээ болуп,  «Чаткал периси— 2017 » кароо- сынагынын таажысын кийди. Ал эми 2- орун А. Баймырзаев орто мектебинин 10-классынын окуучусу Сезимай Курманбековага ыйгарылса, 3-орун Айгыр-Жал айылындагы Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Эрнис кызы Таңнурага берилди.

Кароо-сынактын каржылык маселеси Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан чечилип берилди.

Мухамедалы Эшназаров, Чаткал району.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41