KELECHEK
rek

Облус башчысы Кыянбек Сатыбалдиев Сузактагы мектепте болду (Фото)

Облус башчысы Кыянбек Сатыбалдиев Сузактагы мектепте болду (Фото)

Кечээ, 9-мартта КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Сузак районундагы Барпы айыл аймагына караштуу “Комсомол” айылындагы “Аль-Фауз” атындагы жалпы билим берүүчү менчик мектепте болуп, окуучуларга терең билим жана таалим-тарбия берүү иштеринин абалы  менен жеринде таанышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиевдин мектептин иши менен жеринде барып таанышуусунда өкүлдүн 1-орун басары Мамасалы Акматов, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Абдумуктар Маматов жана Барпы айыл аймагынын башчысы Апсатар Сыргабаев бирге болушту. “Аль-Фауз” менчик мектептин директорунун орун басары Темиркул Айдаров жана мектептин директорунун окуу тарбия иштери боюнча орун басары Таттыбү Жумукова окуучуларга терең билим жана таалим-тарбия берүүдөгү иштери жагдайында кеңири маалымат беришти.

“Аль-Фауз” жалпы билим берүүчү мектеп 2016-жылдын 1-сентябрында пайдаланууга берилген. Мектептин курулушу Кувейт  мамлекетиндеги “Риссалия” коомдук фондунун каржылоосунда 70 млн. сомго бүткөрүлгөн. Учурда бул мектепте 185 эркек балдар терең билим жана татыктуу таалим-тарбия алып жатышат. Окуучуларга терең билим жана таалим-тарбия берүү иштери толугу менен КР Билим берүү жана илим министрлигинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

Учурда аталган мектепте 33 жогорку билимдүү жана тажрыйбасы мол мугалимдер иштеп жатышат. Мугалимдерди ишке алуу конкурстук тандоо жолу менен ишке ашырылган. Мектеп толугу менен компьютерлештирилген. Учурда мектепте заманбап 12 класстык бөлмөлөр окуучулардын терен билим алуулары үчүн иштеп жатат. Сабак өтүүнүн алдыңкы усулдары мектептин мугалимдери тарабынан терең өздөштүрүлгөн.

Мектепте сабактар мамлекеттик тилде жана расмий тилде - кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Мындан сырткары, 3-класстан баштап окуучуларга кошумча араб жана англис тилдери окутула баштайт. Аталары жок 40 бала бул жердеги жатканада акы төлөбөй жашашат жана акысыз билим алышат. Аларга күнүнө 4 маал ысык тамак берилет. Ал эми келип-кетип окуган калган окуучулар айына 2000 сом жана түшкү тамагына 50 сом төлөп билим алышат.

КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана келген коноктор мектептин заманбап окуу класстык бөлмөлөрү, ашканасы жана жатып окуган балдардын жатаканалары менен кеңири таанышып чыгышты. Арап тилиндеги “Аль-Фауз” деген сөз кыргыз тилине которгондо “Жеңиш” деген маанини билдирет.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41