KELECHEK
rek

Мугалимдикти, кызылча өстүрүүнүн сырларын өздөштүрүп, муниципалдык кызматтын мыктысы болгон Малика Мустапакулова

Мугалимдикти, кызылча өстүрүүнүн сырларын өздөштүрүп, муниципалдык кызматтын мыктысы болгон Малика Мустапакулова

Жалал-Абад шаардык мэриясынын уюштуруу иштери  жана кадрлар маселеси  бөлүмүнүн  башчысы болуп 5 жылдан бери иштеп келе жаткан Малика Мустапакулова эжеке жөнүндө азыноолак кеп кылып, анын өмүр жолун окурмандарга тааныштырып коюну туура көрдүк.

Мустапакулова Малика Пайгамбаркуловна, 1967-жылы  Ноокен районунун Бүргөндү айылында  төрөлгөм. 1984-жылы  №6 Арал орто мектебин, 1992-жылы  Ош шаарындагы  педагогикалык институтунун филалогия  факультетин аяктаган. Алгачкы эмгек жолун 1984-жылы айылдагы №68 училищада  лаборант болуп иштөөдөн баштаган.

“Мен 1989-жылдын февраль айынан 1990-жылдын август айына чейин Базар-Коргон районунун  №9 Горький атындагы орто мектебинде, 1990-2000 –жылга чейин   №14- 1-Май орто мектебинде орус тили  мугалими, 2000-2007-жылдын июнь айына чейин  Чүй облусунун  Панфилов районуна караштуу  «Чалдовар совхозу» атындагы  орто мектебинде  англис тили мугалими болуп эмгектендим”, - дейт Малика Пайгамбаркуловна.

Биз сөз кылып жаткан Малика эжеке “Чалдовар  совхозу” мектебинде иштеп, мектепке  АРИС долбоору аркылуу  «Компьютердик класс ачуу»  долбоорун жазып, компьютердик класс ачканга жетишкен. Долбоордун жалпы баасы  128000 сом болгон. Ал эми ЮСАИД  эл аралык уюмунун  «Спасите детей» долбоорунун координатору болуп, мектепке  нан бышыруу мешин  алуу жана  отканынын чатырын жабуу долбоорлорун  ишке ашырган.

Ошондой эле, Малика Пайгамбаркуловна кошумча айылдык, аймактык  инвестиция комитетинин жетекчиси болуп 2005-жылдан 2007-жылга чейин  коомдук ишти алып барган. Мектепте иштеп жүрүп, бир топ коомдук иштерди аткарып эле тим болбостон,  үй-бүлөсү  менен  кызылча өстүрүү менен  машыгып, «Каган-КМ» дыйканчылык чарбасын түзүшкөн. Мектептен сырткаркы учурларда талаачылык иштери менен алектенип, кызылча өстүрүүнүн терең сырларын өздөштүргөн.

“Мектептен келгенден кийин, жолдошума жардам берүү үчүн балдарым менен чогуу талаага барып, кызылчаны өзүбүз отоп, чаап аны сугарып, түшүмүн жыйнаганга чейин талаада жүрчүмүн. Кызылчанын түшүмүн алгандан кийин аны өткөрүү да бир топ машакаттуу иш эле. Мунун баарын мектепте мугалим болуп иштеп туруп, баарына жетишүүгө туура келген. Талаага велосипед минип алып жумушчу кийим менен жөнөп кетчүмүн”, - дейт күлүп биздин каарман Малика эжеке.

Сары-Өзөн Чүйдө иштеп жүргөндө бир топ долбоорлорду жазып, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Малика Мустапакулованы ал жерде жашаган жергиликтүүлөр айыл өкмөттүн башчылыгына көрсөтөлү деген сунуштарын айтышкан. Бирок, апасы “балдарың чоңоюп калды, бөтөн жерде жүрбөй, өз элиңерге кайткыла” - дегендиктен улам, бардык жетишкен ийгиликтерине көз жумуп, кайрадан Жалал-Абад облусуна көчүп келишкен.

“Ошентип, 2007-жылдын май айынан 2008-жылдын июнь айына чейин  Майлуу-Суу шаарынын мэриясында социалдык маселелер боюнча башкы адис  жана бир эле учурда  кошумча медициналык колледжде чет тил мугалими  болуп иштеп келдим. Эртең менен мэрияга ишке барып саат 17.ге чейин ал жерде иштесем, андан кийин медколледжге барып студенттерге сабак берет элем. Балдарым жаш болгондуктан, аларды ушинтип багып жаттык. Жолдошум куруучу болуп иштейт эле”, - дейт биздин каарман Малика эжеке.

Бир жыл өткөндөн кийин, Малика Мустапакулова 2008-жылы Жалал-Абад  шаарынын мэриясы тарабынан жарыяланган сынакка катышып, гендердик  теңчилик  боюнча башкы адис, 2008-жылдын 1-августунан  2010-жылдын 1-июнуна чейин Үй бүлөнү жана балдарды коргоо  бөлүмүнүн башчысы болуп иштей баштайт.

Ал эми, 2010-жылдын 7-апрелинен кийин, Жалал-Абад шаардык мэриясында да бир топ өзгөрүүлөр болуп  өтөт. Ошентип, 2010-жылдын июнь айынан 2011-жылдын декабрь айына чейин шаардык мэриянын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болуп үзүрлүү эмгектенет. Арадан эки жыл өткөндөн кийин, 2012-жылдан баштап мэриянын уюштуруу иштери  жана кадрлар маселеси  бөлүмүнүн  башчысы болуп эмгектенип келүүдө.

- 2010-жылы  июнь окуясында  шаардык гуманитардык жардам боюнча комиссиясынын  төрайымы болуп иштеп, күнүнө  жардам сурап келген  жарандарды 20-30 киши кабыл алып, көйгөйлөрүн чечип берүүгө аракет кылып, жардамдар көрсөтүлгөн. 2013-жылы шаардык аялдар кеңешин  төрайымы болуп шайланып, 2014-жылга чейин аялдар менен иш алып бардым. 2014-жылдан баштап  - КР Өкмөтүнүн   жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер  боюнча мамлекеттик  агенттигинин коомдук-консультативдик кенешинин мүчөсүмүн. 2014-жылы  БУУнун  каржылоосу менен 195 мин содук инвестиция тартылып, «Биз жашаган дүйнө» фестивалы уюштурулган, - дейт Малика Пайгамбаркуловна.

Жогоруда айтылган эмгектеги жетишкен ийгиликтерим үчүн  1984-жылы Кыргызстан Лениндик коммунистик жаштар союзунун  Ардак грамотасы, 2007-жылы Чалдыбар айыл өкмөтүнүн, Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы, 2009-жылы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана шаардык кенештин, 2010-жылы Жалал-Абад  облустук мамлекеттик администрациясынын, 2013-жылы КР мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамоталары менен сыйлаган.

“Ал эми 2015-жылы  «Ачык терезе» долбоору алкагында «тейлөө борборун» уюштуруу боюнча  долбоор жазып, 240 000 сом инвестиция тарткандыгым үчүн  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо агенттигинин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги» төш белгиси,  «Эне даңкы» медалы, ЧАЭСтин 25 жылдык, Милициянын 85 жылдык юбилейлик медальдары менен сыйлангамын. Мындан сырткары, бир нече сертификаттарга ээ болгомун, - дейт Малика эжеке.

М.Мустапакулова үй-бүлөлүү, жолдошу Асламов К. куруучу, 4 кыз 2 уул, 5 небереси бар. Учурда уулу  Россия  бажы академиясынын 5 курсунун, кыздары  ЖИУнини жана КМУУнин студенттери, кенже уулу мектеп окуучусу.

Акырында, жаздын алгачкы күнүндө белгиленген 8-март – Аялдардын Эл аралык Тилектештик күнү менен Малика Мустапакулованы куттуктап, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалоо менен үй-бүлөсү менен ден соолукта болуп, бактылуу турмушта өмүр сүрүшүнө тилектештигибизди билдиребиз.

Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24