KELECHEK
rek

Ноокен районунда жатак мектептин пайдубалына капсула салынды

Ноокен районунда жатак мектептин пайдубалына капсула салынды

Кечээ, 27- февралда Ноокен районуна караштуу Масы айыл аймагында 168 орунга эсептелген райондук социалдык мектептин пайдубалынын курулушуна арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы.

Аталган бул мектептин курулушун толук бойдон Кувейт мамлекетинен келген “Ас-Саллам” коомдук фондунун инвестициялык колдоосу аркасында ишке ашырылат. Жалпысынан 168 орунга эсептелген райондук социалдык мектеп негизинен жатак тибинде болуп, бул мектепте райондун аймагындагы мыкты окуган окуучулар, томолой жетим балдар жана социалдык коргоого муктаж болушкан үй-бүлөлөрдүн балдары таалим-тарбия жана билим алышат. Аталган мектеп 7 айдын ичинде толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилмекчи.

Ноокен районундагы социалдык мектептин курулушунун пайдубалына символикалуу капсула салуу иш-чарасына райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана Масы айыл аймагынын жашоочулары менен коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Кувейт өлкөсүнөн келишкен “Ас-Саллам” коомдук фонду Жалал-Абад областына инвестициялык каражаттарды жумшоо жолу менен ооруканаларды жана мектептерди курууга жакындан көмөк көрсөтүп келе жатышат. Алар  бизге мектеп куруп берүү демилгеси менен чыгышканда Ноокен районун сунуш кылганбыз. Социалдык багыттагы бул мектептин ашканасы, жатаканасы жана спорт залы толугу менен ичинде болуп, билим берүү очогу комплекстүү негизде курулат. Жалпы элибиздин атынан “Ас-Саллам” коомдук фондусунун жетекчилигине ушундай демилгелүү иштерине терең ыраазычылык билдиребиз,- деди өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

Мектептин курулушунун пайдубалын баштоого арналган иш-чарада Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев, Кувейт мамлекетинин “Ас-Саллам” коомдук фондусунун төрагасы Нурмухамед Миңбаев саамалыктуу демилгенин ийгиликтүү ишке ашаарына терең ишенгендиктерин билдиришти. Ал эми Ноокен районунун имамы Ашым Абидинов  элдин атынан инвесторлорго ак батасын берди.

Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев баштаган областтык жана райондук жетекчилер, кадырман аксакалдар жана коомчулуктун өкүлдөрү жаңыдан курула баштаган мектептин пайдубалына  символикалуу капсуланы салышып,  курулуштун пайдубалына алгачкы цемент аралашмасын ташташып, ишти салтанаттуу майрамдык маанайда баштап беришти.

Ноокен районунун борбору болгон Масы айылындагы жаңыдан курулушу башталган социалдык мектептин курулушуна кетүүчү каражатты Кувейт мамлекетинин “Ас-Саллам” коомдук фондусу 500 миң АКШы долларын, же 450 млн. сомду толугу менен өздөрү каржыламакчы. Мектептин курулушуна Масы айыл аймагы тарабынан 1га. 60 сотых жер аянты ажыратылып берилди. Келечекте мектептин жанына балдар бакчасынын курулушу дагы мерчемделген.

Бүгүнкү күндө Ноокен районунун борбору болгон Масы айыл аймагында 23 миңден ашуун калк жашайт. Масы айыл аймагында 7 орто мектеп жана 7 балдар бакчасы иштеп жатат.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41