KELECHEK
rek

Жалал-Абадда “Аял жана маданият” аталышында облустук аялдар конференциясы болуп өттү (ФОТО)

Жалал-Абадда “Аял жана маданият” аталышында облустук аялдар конференциясы болуп өттү (ФОТО)

Кечээ, 21-февралда Жалал-Абадда “2017-жыл – Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата “Аял жана маданият” аталышындагы облустук аялдар конференциясы болуп өттү. Бул туурасында өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Анын ишине райондордогу акимдердин социалдык маселелер боюнча орун басарлары, шаарлардын соцтармактарынын вице-мэрлери, райондук жана шаардык аялдар кеңештеринин төрайымдары, аялдар жетектеген маданият жана соцтармактардын жетекчилери жана аялдардын коомдук бирикмелеринин башчылары, ЖОЖдордун окутуучулары катышты. Облустук аялдар конференциясынын ишин өкүлдүн орун басары Бактибек Анаркулов алып барды.

Облустук конференциянын башталышында жакында эле мандат алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган Айнура Осмонованы өкүлдүн орун басары Бактыбек Анаркулов  конференциянын катышуучуларынын атынан кызуу куттуктап, гүл тапшырды.

- Облустун коомдук турмушунун бардык тармактарында аялдардын активдүүлүгү жогорку көрсөткүчтү камсыз кылып келет. Алсак, өнөр жайында аялдардын катышы 8,9%, саламактыкты сактоодо 20,3%, билим берүүдө 51,1% жана мамлекеттик кызматтарда 4,9 % түзөт. Облус боюнча ар түрдүү тармактарда иштеген жетекчи аялдардын саны 1958 болуп, 16% камсыз кылат. Жергиликтүү айылдык жана шаардык кеңештерди облус боюнча 1552 депутат болсо, мунун ичинен аял депутаттардын саны болгону 144 адамды түзүп, 9,3 пайызды түзөт. Учурда облустагы 12 район-шаарлардын башчыларынын 11де  социалдык маселелер боюнча орун басарлары аялдар. Мындан сырткары облустагы 68 айыл аймактарынын башчыларынын  ичинен 3 айыл аймак башчылары аялдар болуп, 4,4 %ын гана түзөт. Элибизде “Аял—үйдүн куту” деген нускалуу сөз бар. Анын сыңарындай аялдар коомдук турмушубузду жакшыртуунун нускалуу башатына айланды десем жаңылбаймын. Гендердик тең салмактуулуктун сакталышы, улуттар арасында достук менен ынтымакчылыктын бекемделиши гана өлкөбүздүн ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизги шарты болуп саналат,-деди өкүлдүн орун басары Бактибек Анаркулов өз баяндамасында.

Облустук конференциянын жүрүшүндө Аксы райондук аялдар кеңешинин төрайымы Изат Калыкова “Аял жана маданият” деген темада баяндама жасады.

- Улуттук маданияттын өсүп өнүгүүсүндө аялдардын ролу өзгөчө чоң. “Аял дүйнөнү терметет” дегендей аялзаты үчүн бул чоң сыймык жана улуу милдет. Наристени тарбиялоо эне сүтү жана бешик ыры менен башталаарын унутпайлы,- деди Изат Калыкова.

ЖАМУнун оуктуучусу Айгүл Дооронова “Маданият, ыйман, адеп түшүнүгүнө илимий анализ” деген баяндамасы дагы абдан кызыктуу болду.

- Чыгыштын улуу даанышманы Конфуций: элдин же коомдун деңгээлин билгиң келсе, ошол элдин маданияты менен аялзатына жасаган мамилесинен бил” деген экен. Коомубузда аялдар канчалык зирек, зээндүү жана билимдүү   болсо ошол жерде сөзсүз өнүгүү болот,- деди Айгүл Дооронова.

Ал эми Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Гүлнара Маматалиева “Дени сак эне – дени сак улут” деген баяндамасында бир катар көйгөйлөрдү ортого салды.

- Аялдар менен жаш балдар арасында аз кандуулук, өспүрүм жаштар арасында аракечтик менен наркотикалык баңги заттарга азгырылуу абдан күчөп барууда. 2015-жылы 668 жаш энелер балдарын эмдөөдөн баш тартышса, 2016-жылы алардын саны 1188ге жетти. Бул маселе бир гана дарыгерлер менен энелерди ойлонтпостон, коомчулукту дагы түйшөлтүүсү зарыл. Ар бир адам жылына бир ирет медициналык кароодон өтүүсү нормага айлануусу мезгил талабы болуп олтурат,- деди дарыгер Гүлнара Маматалиева.

Жалал-Абад шаарындагы “Данакер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Айжамал Тарыхчиева “Биз биргебиз” деген баяндамасында конференциянын катышуучуларынын көңүлүн мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын маселесине бурду. “-2010-жылы республикабыз боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 125 миң болсо, 2016-жылы бул көрсөткүч 172 миңге жетти. Республика боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын спартакиадасы бир гана биздин областта жыл сайын ийгиликтүү өткөрүлүп келе жатат. Бул маселеде биз жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө терең ыраазыбыз.”

Аялдардын облустук конференциясында Жалал-Абад шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Салтанат Асылбекова, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин облустагы өкүлү,  Кыргыз эл акыны Рахматулла Козукеевдер кызыктуу жана даректүү баяндамаларды жасашты.

Конференциянын ишине катышкан КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Айнура Осмонова өзүнө берилген бир катар суроолорго жоопторду берди. Конференциянын соңунда анын катышуучулары атайын Резолюция кабыл алышты.

Конференцияда аялдардын облустук кеңешинин төрайымы шайланды. Ага алгач  беш талапкердин ысымдары аталып, үчөө өз талапкерлигин алып коюшту. Ачык шайлоого Жалал-Абад шаарындагы балдардын психонервологиялык диспансеринин директору Дамира Алимжанова жана “Бактынур” продюссердик борборунун директору Нуркан Койчуманованын талапкерлиги коюлду. Ачык шайлоонун жыйынтыгы менен көпчүлүк добушка ээ болгон Дамира Алимжанова облустук аялдар кеңешинин төрайымы болуп шайланды.

 

Жолдошбай Осмонов, журналист

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29