KELECHEK
rek

Өзбекстанда мекенине беш жыл боюу келбеген жарандар атайын тизмеге алынууда

Өзбекстанда мекенине беш жыл боюу келбеген жарандар атайын тизмеге алынууда

Өзбекстанда атайын кызмат чет өлкөдө жүргөн жарандардын тизмесин түзүүдө. Махаллялардын биринде эки жылдай сакчы болуп иштеген адамдын “Азаттыктын” өзбек кызматына берген маегинде, ал Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен бирге айылды үймө-үй кыдырып, маалымат чогултууга көмөк көрсөткөн.

– Бул тизмелер ТИМдин консулдук бөлүмүнө жөнөтүлөт. Андан кийин, бул кишилер өздөрү туурасында элчиликке билдиришкен беле деп текшерилет. Бизге түшүндүргөндөрүнө караганда, алардын жарандыктарын токтоосуз түрдө алып ташташат. Андан кийин аны калыбына келтирүүгө мүмкүн болбойт, -деди сакчы.

Сакчы махалляны ИИМ жана УКК тыкыр көзөмөлгө алып баштагандыктан жана иш көп болгондуктан жумуштан чыгып кеткен.

– Азыр ар бир махалляда төрт кишиден турган атайын топ иштеп атат. Тилкелик милиция, сакчы, төрага таң эрте айылды кыдырат. Алар үйдөн канча адам чет өлкөгө кеткендигин, эмне иш менен алектенип жатышкандыгын, акыркы сапар качан мекенине келишкенин тактап, анан эки тизме түзүшүүдө. Биринде - чет жакка чыгып кеткендер, экинчисинде - келгендер жөнүндө маалыматтар камтылган. Кеткендердин тизмеси улуттук коопсуздук кызматына, келгендердики - Ички иштер министрлигине жөнөтүлөт. Эгер жаран Өзбекстанда үч жылдан бери жок болсо, туугандарынан телефон номурун алып, мекенине кайтып келүүнү талап кылып чалышат, -дейт мурдагы сакчы.

Ушул жылдын февраль айында Өзбекстандын ИИМи чет өлкөгө чыгып кеткен 75 жарандын маалыматы чогултулганын жана алар каттоого алынганын расмий турдө жарыялаган. Мындан тышкары мекенине кайтып келген дагы 70 миңден ашуун киши менен сүйлөшүп, сурак жүргүзүшкөн.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....

УКУК 2016-05-04  16:03

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...

УКУК 2016-05-04  16:16

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстанда сот  бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...

УКУК 2016-05-04  16:20