KELECHEK
rek

Өкүл Кыянбек Сатыбалдиевдин 100 күнүндө аткарылган иштер (ФОТО)

Өкүл Кыянбек Сатыбалдиевдин 100 күнүндө аткарылган иштер (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин өз кызматын аткарууга киришкенине 100 күндөн ашты. Өкүл К.Сатыбалдиев 100 күнгө карата өзүнүн атайын иш программасын кабыл алган эле. Анын аткарылышы кандай болду? Эмесе, алардын айрымдарына кыскача саресеп салып көрөлү.

КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тарабынан бекитилген иш-чарага ылайык өкүл Кыянбек Сатыбалдиевдин 100 күндүк мөөнөткө аткаруу үчүн кабыл алган  18 бөлүмдөн жана 44 иш аракеттерден турган иш программасы негизинен толук аткарылды. Өкүл Ала-Бука, Аксы, Чаткал, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорунда жана Жалал-Абад шаарында атайын иштиктүү расмий иш сапарларында болуп, жеринде аткарылып жаткан иштер менен таанышып, район-шаарлардын активдери жана карапайым эл менен жолугушууларды өткөрдү. Бир катар ишкерлер жана фермерлердин жигердүү иштери менен жеринде таанышты.

2016-жылдын 11-декабрында Жалал-Абад облусунда Кыргыз Республикасынын Конститутциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бүткүл элдик референдум жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына депутаттарды шайлоо жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү. Жергиликтүү кеңештердин  депутаттарын шайлоого 474030 шайлоочунун 225394 шайлоочусу катышып, катышуунун көрсөткүчу 47,55 пайызды түздү. Ал эми жалпы элдик референдумга 526418 шайлоочунун 230246 шайлоочусу катышып, ал 46,6 пайызды түздү.

Ал эми 2016-жылдын январь-декабрь айларында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндө салыктардан 1 млрд. 249 млн. 536 миң. сом жыйналып, план-тапшарма 105,1 пайызга аткарылды. 2016-жылдын 12 айынын жыйынтыгы менен өнөр жайы 102,0 пайызга, айыл чарбасы 102,0 пайызга, капиталдык курулуш тармагы 137,8 пайызга, чекене соода жүгүртүү 107,5 пайызга жана рыноктук  кызмат көрсөтүү 105,9 пайызга ашыра аткарылды.

Жалал-Абад шаарын таза суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын реаблитациялоо долбоорунун JWRP-8-1, JWRP-8.2, JWRP-8-3 жана JWRP-8,4 приоритеттүү багыттары боюнча курулуш иштери кызуу улантылууда. JWRP-9 чу лоту боюнча Швецария мамлекети тарабынан берилген гранттын эсебинен 477 миң 771 еврого 9,0 миң даана суу эсептегичтер жана 3 миң даана атайын эсептегичтер сатылып алынды. Бүгүнкү күндө 3 млн. 193 миң евролук, же долбоордогу жалпы иштердин 40 пайызы, же болбосо 2016-жылга эсептелген жумуштар толугу менен аткарылды. Аталган долбоор 2018-жылы толугу менен бүткөрүлөт. Европалык реконструкциялоо Өнүктүрүү  банкынын каржылоосундагы Майлуу-Суу шаарынын калкы ичүүчү таза суу системасын реаблитациялоо боюнча 7,2 млн. евро долбоору каралган. Токтогул шаардык мэриясы, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы Европалык реконструкциялоо Өнүктүрүү банкынын каржылоосунда Токтогул шаарынын калкы ичүүчү таза суу системасын реаблитациялоо боюнча 5,2 млн. евролук долбоорун ишке ашыруу каралган. Учурда ал долбоордун техника -экономикалык шарттары толук түзүлүп, жумуштун башталышы күтүлүүдө.

Облустун аймагында өндүрүлгөн айыл чарба жана токой чарба азык-түлүктөрүн экспорттоо максатында  Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагында  логистикалык борборду куруу үчүн жеке ишкер Иманбек  Намазбековго 7 га. жер аянты бөлүнүп берилген. Азыркы күндө 2 га. жер аянтына күнөскананын  темир каркастары курулуп бүттү. Кытай Эл Республикасынан түрдүү кызматтарды аткаруучу -- жүк ташуучу, жүктөөчү дөңгөлөктүү тракторлор, жабдуулар  жана 3 даана атайын айыл чарба багытындагы техникалар сатылып алынды. Жалпы жонунан 25 жумушчу орундар түзүлүп, жашылча менен мөмө-жемиштерди сактоочу 1000 метр квадрат аянтка 1000 тонна айыл чарба азыктарын сактоочу 3 камералуу муздаткыч орнотулду. Ноокен районунун борбору Масы айылында 0,86 га. аянтка жеке ишкер Расул Мараимов тарабынан сыйымдуулугу  1000 тоннаны түзгөн логистикалык борбор курулууда. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан 13 млн. сом каражат жумшалып жаткан бул жерде дагы жаңы 20 жумуш орундары ачылат.

Энелер менен ымыркайлардын  ден соолугун чыңдоо максатында Сузак районундагы Октябрь аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн операциялык блогун ремонттоо иштерин бүткөрүүгө КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2016-жылдын 12-октябрындагы №215-б сандуу буйругунун негизинде 100 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилип, ремонттоо иштери сапаттуу аягына чыгарылды.

Облустун калкынын арасындагы жүрөк-кан тамыр менен ооругандарды дарылоо максатында Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык кардиохирургия илимий борборун ремонттоо иштерин  бүтүрүү үчүн 2016-жылдын 11-ноябрында өткөрүлгөн марафондун эсебинен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, облустук мекеме-уюмдардын эсебинен жалпы 1 млн. 982миң 778  сом жыйналды. Жалал-Абад шаардык мэриясынын эсебинен 1 млн. 500  миң сом каражат бөлүнүп, жалпы 3 млн 482 миң  778  сом акча каражатына ремонттоо иштери жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары Сузак районундагы үй-бүлөлүк медицина борборуна караштуу №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын курулушуна 3 млн. сом акча каражаты тышкы инвестиция, жергиликтүү бийлик жана калктын өздүк салымы менен ноябрь айында бүткөрүлүп, ишке киргизилди.

Элибиздин ден соолугу мамлекеттин башкы байлыгы болуп саналат. Облустук төрөт үйүнүн имаратынын экинчи кабатынын ремонт иштерине 1 млн. 550 миң сом акча каражаты ажыратылып бүткөрүлдү. Азыркы учурда үчүнчү кабатын ремонттоого 1 млн. 450 миң сом каражат ажыратылып, ремонттоо иштери кызуу жүргүзүлүп жатат. Жалал-Абад облустук борборлоштурулган клиникасында Германия өнүктүрүү банкы тарабынан 8 млн. евро ажыратылып, атайын ажыратылган участкага экстрендүү ыкчам хирургиялык кабыл алуу бөлүмүнүн курулуш иштери март айында башталуусу күтүлүүдө. Мындан сырткары жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык ремонттоодон чыгарууга 1 млн. 450 миң сом акча каражаты ажыратылды жана ал быйыл бүткөрүлөт.

Жалал-Абад облусунун аймагында 476 мектепте, мунун ичинен 8 менчик мектепте 213641 окуучу билим алып жатат. Алардын ичинен 389 орто, 51 негизги жана 28 башталгыч мектептер болуп саналат. Өткөн жылдын этегинде облустун аймагында жайгашкан жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын билим сапатын жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин абалы облустук коллегиянын жыйынында каралган. Билим берүүнүн сапаты 52,7 пайызды түзгөн жана республикадагы алдыңкы көрсөткүчтөрдүн катарына кирет. Облустун аймагында 255 мектепке чейинки билим берүү мекемелери иштеп жатат. Мунун ичинен 235 мамлекеттик жана муниципалдык, 15 жеке менчик жана 5 мектеп алдындагы балдар бакчасы болуп, жалпысынан 29218 мектеп жашына чейинки балдар тарбияланып жатышат. Камтуу көрсөткүчү облуста 25,9 пайызды түзөт. 2016-2017-жылдардын күз-кыш айларын талаптагыдай өткөрүү максатында билим берүү тармагына 12 миң 749 тонна жана саламаттыкты сактоо тармагына 1941 тонна көмүр бөлүнүп жеткирилген.

Өткөн жылы республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен  облус боюнча 1915 орундуу 5 орто мектеп, 335 орундуу 5 балдар бакчасы, 3 спорт зал, 8 ФАП ишке киргизилди. Сузак райондук аймактык ооруканасынын кардиология бөлүмү, Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагынын Сөгөт айылында 5 млн. 737 миң сомдук таза суу долбоору бүткөрүлүп, ишке киргизилди. Азыркы күндө айыл-кыштактардын элин таза суу менен камсыздоо максатында Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан облусубуздун аймагындагы 6 райондогу  24 айылда таза суу чыгаруу долбоорлору быйылкы жылы башталганы жатат. Ага кетүүчү каражаттарды толугу менен Ислам өнүктүрүү банкы каржылайт.

Жалал-Абад облусу республикадагы техногендик кооптуу аймактарга кирет. 2017-жылдын 1-январына карата калктын саны 1 млн. 142 миң 740 жаранды, же 234831 кожолукту түздү. Бизде адам өмүрү баарынан кымбат болуп саналат. Облустун аймагында кооптуу жерлерде жашаган (жер көчкү, сел, суу ташкындары күтүлүүчү) үй-бүлөлөрдү көчүрүү боюнча 1994-2016-жылдар ичинде 2664 үй-бүлөгө коопсуз аймактарга көчүү сунушталган. Мындан 849 үй-бүлө көчүрүлгөн болсо, 1815 үй-бүлө  көчүрүлгөн эмес. Мунун ичинен 745 үй-бүлө учурунда жеңилдетилген ссудаларды албагандар болсо, 1070 үй-бүлө мамлекеттик ссуда, жер участкаларын алып, көчпөй жашап жатышат.

Январь айында Сузак районундагы Көк-Арт айыл аймагына караштуу Жалгыз-Жаңгак айылында көлөмү 40 млн. куб метрди түзгөн жер көчкү жыла баштаган. Азыр ал аймактан 16 үй-бүлө туугандарыныкына көчүрүлдү. Жакында Сузак районундагы Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Сары-Булак айылында көлөмү 65 миң куб метрди түзгөн көчкү жүрүп, 2 үйдү короо-сарайлары менен басып калды. Жер көчкү күндүзү болгондуктан адам өмүрүнө зыян алып келбеди. Дагы эки үй бүлөнү жер көчкү коркунучунан алдын алып, коопсуз жайга көчүрүлдү. Сары-Булак айылында жер көчкү жүрүү коркунучу бар 13 үй-бүлөнүн үйлөрүнүн электр линиялары өчүрүлүп, 7 үй-бүлө Орток токой чарбасынын имаратына жана калгандары тууган-уруктарыныкына көчүрүлдү. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери менен биргеликте облустук жана райондук жергиликтүү бийликтер, айыл аймактарынын башчылары жер көчкү жүрүү коркунучтары бар Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Алмалуу жана Алмалуу – Булак айылдарынын жашоочулары менен жеринде түшүндүрүү багытындагы жолугушуулар өткөрүлүп, элге коопсуз жайларга көчүп чыгуу талаптары катуу коюлду.

Үстүбүздөгү жылдын 16-январында “Манас” Эл аралык аэропортунун жанындагы авиакырсыктын кесепетинен каза болушкан мекендештерибизди жана алардын жакындарынын орду толгус кайгыларын элибиз терең кайгыруу менен кабыл алышты. Каргашалуу окуя жүз берери менен облустук бюджеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери бир күндүк эмгек маяналарын атайын эсепке которуу демилгеси менен чыгышты. Бул демилгени район-шаарлардын эли дагы кызуу колдоп беришти. Кырсыктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү максатында ачылган атайын республикалык эсепке биздин облусун калкынын эсебинен 7-февралга карата 3 млн. 485 миң 517 сом сом акча каражаты которулду жана которуу иштери дагы улантылып жатат.

Ош-Бишкек автомагистралынын Бүргөндү -- Барпы аралыгындагы 67 км. жолдун курулушунун башталышы  быйылкы жылдын апрелине белгиленген. Бул долбоорду ишке ашырууга Евразия Өнүктүрүү банкы тарабынан 71 млн. доллар каралган. Мындан сырткары, Түндүк-Түштүк альтернативалуу Балыкчы-Жалал-Абад автомагистралынын курулушу кызуу улантылып жатат. Жалпы жонунан 433 км. түзгөн жолдун курулушуна 850 млн. доллар каралса, Жалал-Абад облусунун аймагына кирген бөлүгү 148 км. түзөт жана андагы  жумуштардын 40 пайызы  аткарылды.

Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев өз ишин алып барууда билим берүү менен саламатыкты сактоо тармактарынын иштерин жакшыртууну приоритеттүү багыт катары карайт. КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен жарыяланган “2017-жыл-Ыйман, адеп жана маданият жылында” өкүлдүн жана анын аппаратынын кызматкерлеринин  алдында демилгелүү көп иштерди аткаруу милдеттери тургандыгы анык.

Жолдошбай Осмонов, өкүлдүн басма сөз катчысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24