KELECHEK
rek

Мамдума депутаттардын эл менен жолугушуусун митингге теңөөдө

Мамдума депутаттардын эл менен жолугушуусун митингге теңөөдө

Депутаттардын эл менен жолугушуусун митингге теңөө боюнча мыйзам долбоору Кремль менен макулдашылган. Бул тууралуу РБК агенттиги Мамдума жетекчилиги менен ымалаш булагына таянып билдирди.

Документ 2-февралда “Бирдиктүү Орусиянын” депутаты Ирина Белых тарабынан сунушталды.

Мыйзам долбооруна ылайык, шайлоочулар менен жолугушууну каалаган бардык деңгээлдеги депутаттар иш-чара тууралуу жети күн мурун жергиликтүү бийликке кабар берүүгө тийиш. Алдын ала макулдашуу болбосо, жолугушуу өткөрүү мүмкүн эмес.

“Адилеттүү Орусия” фракциясынын өзгөртүүлөрдү колдоо ниети жок. Мамдуманын мыйзамдуулук комитетинин башчысынын биринчи орун басары Михаил Емельянов бул идеаны “алаңгазарлык” деп атады. Коммунисттер партиясынын депутаты Валерий Рашкин мыйзам долбоору Конституцияга түздөн-түз каршы келерин белгиледи.

Былтыр декабрда дал ушул сыяктуу өзгөрүүлөрдү Москва шаардык думасы кабыл алган. Жергиликтүү депутаттар эл менен жолугушардан он күн мурун мэрия менен макулдашып, убакыт жана иш-чара өтө турчу жерди тактоого милдеттүү.

Учурда бул демилгени Петербургдун мыйзам чыгаруу жыйыны дагы талкуулап жатат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...