KELECHEK
rek

Таш-Көмүр шаарынын кире беришине курулган арканын ачылыш аземи өттү (ФОТО)

Таш-Көмүр шаарынын кире беришине курулган арканын ачылыш аземи өттү (ФОТО)

Кечээ, 30-январь күнү Таш-Көмүр шаарынын кире беришине курулган арканын ачылыш аземи болуп, ага жергиликтүү бийлик жана шаар тургундары катышты. Шаарга көрк берүүчү арканы куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн.

Арканын ачылыш аземине келгендердин алдында шаар мэри Бекболот Миңбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, акыркы төрт жылда аткарылган иштери тууралуу кыскача токтолуп өттү.

- Мына 2016-жылдын эсебинен Таш-Көмүр шаары менен Ноокен районунун кесилишинде, шаарыбыздын кире беришине курулган арканын ачылышына баарыңыздар күбө болуп турасыздар. Биздин шаарыбызга ийгиликтер, жакшылыктар болусун!

Бардыгыңыздарды Таш-Көмүр шаарынын аркасынын ачылыш майрамыңыздар менен куттуктаймын. Айтып кетсек, 2016-жылы  шаарыбызда жакшы иштер болду деп биз эсептейбиз. Себеби, шаарыбызда мектеп, бала бакчаларды оңдогонго биз жетиштик. Ошондой эле, шаарыбызда 42 млн. сомдук жолдорду оңдоо иштери аткарылды. АРИС программасынын негизинде жалпысынан 50 млн. сомдук, шардагы таза суу түтүкчөлөрүн реаблитациялоо долбоору башталып, бул долбоор толугу менен бүткөрүлдү, - деди Б.Миңбаев.

Андан кийин КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов сөз алып, шаардыктарды арканын ачылышы менен өкүл К.Сатыбалдиевдин атынан куттуктады.

- Таш-Көмүр шаарынын кире беришине курулган арканын ачылышына байланыштуу бүгүнкү майрамыңыздар менен Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, өкүлдүн аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан жалпы шаардыктарды куттуктайбыз! Өзүңүздөр билесиздер Таш-Көмүр шаары – энергетиктердин, шахтёрлордун шаары болуп эсептелет. Союз убагында жакшы дүркүрөп өскөн, чоң шаарлардын бири болгон. Аккан арыктан суу агат дейт. Азыр да кеч эмес, 5-6 жакшы долбоорлор бар. Жогоруда шаар мэри айтып кетти. Ушул долбоордун баары ишке ашып кетсе, жакшы ийгилкитер болот. Президенттин Өзбекстанга иш сапары февраль айынын 6-7 де пландалууда. Ошол учурда кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөт. Бизнес форумга Таш-Көмүр шаарынан 150 тонна көмүрдү Өзбекстанга берүү боюнча долбоор даярдалып жатат, - деди М.Акматов.

Ошондой эле, Ноокен районунун акими Абдырахман Осмонов да шаардын дарбазасынын, аркасынын ачылышы менен райондук мамлекеттик администрациянын жана жалпы эле райондун элинин атынан куттуктады. “Мындан ары да Таш-Көмүр шаары гүлдөп өсө берсин. Коңшу катары дайыма ушул Таш-Көмүр шаарынын жакшылыктарына, ачылыштарына келип туралы”, - деди А.Осмонов.

Мындан сырткар, ачылыш аземде Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Жумашев, шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы, аялдар кеңешинин төрайымы сөз сүйлөшүп, анда келген шаардыктарды арканын ачылыш майрамы менен куттуктап өтүштү.

Таш-Көмүр шаардык мэриясы тарабынан арканы курган “Бек строй” жоопкерчилиги чектелген коомуна Ардак грамота жана аталган курулуш ишканасынын жумушчусуна ыраазычылык баракчасы тапшырылды. 

Анархан Жаңыбаева, Таш-Көмүр шаары.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41