Түркмөнстанда аймактарга гезит-журналдар бир ай кечигип келүүдө
Түркмөнстандын улуттук басылмаларына жазылгандар гезиттерди чектелген санда жана эки аптага кеч алышууда. "Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлагандай, 30-декабрда жарык көргөн гезиттер аймактарга 20-январда араң жеткирилген. Айрым гезиттер такыр эле келген эмес.
Түркмөнстанда мамлекеттик мекемелердин бардык кызматкерлери, мугалимдер жергиликтүү эки-үч басылмага милдеттүү түрдө жазылуусу керек.
Жаңы киргизилген тартипке ылайык, быйылкы жылдан тарта иш берүүчү гезит-журналдын акысын айлыктан түз кармап калат.
Жергиликтүү гезит-журналдарга жазылуунун баасы орто эсеп менен 70-130 манатты түзөт (1 АКШ доллары 3,50 манаттын тегереги).
Гезит-журналдарды аймактарга жеткирүү эмне себептен кечеңдеп жаткандыгы айтылган жок.
Түркмөнстанда 37 гезит жана 27 журнал бар. Алардын бирөө гана бизнес чөйрөсүнө багытталган, калгандары мамлекеттик болуп саналат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04