Ташкентте эл аралык аэропорттун жаңы терминалы салынат
Ташкенттеги эл аралык аэропорттун жаңы терминалынын курулушуна өкмөт 430 миллион доллар жумшайт. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдирет.
Буга чейин долбоордун суммасы 336 миллион долларды түзөрү кабарланган. Кореянын Эксимбанкы 200 миллион доллар насыя берет. Техникалык экономикалык негиздемеси гранттык жардамдардын эсебинен былтыр бүткөрүлгөн.
Курулушка үч жыл сарпталат, ал азыркы терминалга караганда үч эсе көп жүргүнчүлөрдү тейлейт. Терминалдын көрүнүшү Өзбекстандын гербинде түшүрүлгөн кушка окшош болот. 36 учак жана 1700 автоунаа сыйындыра алгыдай аянтчасы курулат. Терминал бир саатта 1500 жүргүнчүнү тейлөөгө ылайыкташтырылат.
Кореяда орун алган дүйнөдөгү алдынкы аэропторттордун бири - “Инчхондун” курулуш технологиясы жана тажрыйбасы долбоордун негизин түзөт. Ал британиялык Skytrax иликтөө компаниясынын версиясы бонюнча бир нече жолу “Беш жылдыз” жогорку рейтингин алган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04