KELECHEK
rek

Сузакта окуучулардын спорттук мелдеши өттү

Сузакта окуучулардын спорттук мелдеши өттү

Сузак районунда “Спорт-тынчтыктын элчиси” деген ураан алдында мектеп окуучулары арасында райондук денгээлде спорттун үч түрү боюнча чоң масштаптагы мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу, болтурбоо жана өспүрүмөрдү спорт дүйнөсү менен достошууга багыттаган спорттук мелдештин ачылуу аземине КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Кадыр Бечелов, Сузак районунун акиминин орун басары Асылкан Раманкулова,  облустук мусулмандардын казысы Абдулазиз  Закиров, Жалал-Абад ОИИБнын жетекчиси Жеңиш Жоробеков жана Түркиядан келген коноктор катышты. Иш-чара алкагында бийлик өкүлдөрү балдарга ийгилик каалап, спорт дени сак жашоого өбөлгө болоорун баса белгилешип, ак баталарын беришти.

Сузак райондук ички иштер бөлүмү уюштурган бул саамалык “Тарых жана маданият” жылына арналып,   волейбол, баскетбол жана футбол боюнча улан-кыздар арасында өткөрүлдү.  Тактап айтканда, алгач үч багыттагы мелдеш район аймагындагы бардык мектептин окуучулары арасында айыл аймактардын деңгээлинде өтүп, мелдештин 1-туруна жалпысынан 157 команда катышкан.  Бул командалар арасынан 29 командасы райондук мелдеште өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтө алышты. Сузак РИИБнин башчысы Нурбек  Жаныбековдун айтымында, окуучулар мелдешке активдүү катышып беришти.

- Иш-чараны өткөрүүнүн бирден-бир максаты - ушул жаштар арасындагы рекетчиликти жоюу, кылмыштуулукту болтурбоо, сергек жашоого үндөө менен катар патриоттуулук сезимдерди күчөтүү, ар кандай терс көрүнүштөрдөн оолак жүрүүгө үгүттөө болуп саналат.  Ошол эле учурда окуучулар ортосундагы бири-бирине болгон биримдик, колдоо мамилеси жанданат. Мына ошондуктан, райондо жайгашкан ар бир мектептин окуучуларын да мелдешке тарттык. Балдар да мелдештерге өз командалары үчүн ынтызарлык менен ойношуп, жакшы беттешүүлөрдү көрсөтө алышты,  - деп билдирди Н.Жаныбеков өз сөзүндө.

Мелдеш жыйынтыгында, волейбол боюнча кыздар арасында Сузак айыл өкмөтүнүн А. Гайдаров мектебинин кыздары 1-орунду, Кыз-Көл айыл аймагынын О. Жапарбаев мектебинин окуучулары 2-орунду, 3-орунду Кара-Дарыя айыл аймагынын К.Калмамбетов мектебинин кыздары багындырышты. Балдар арасында болсо 1-орунду Сузак айыл аймагынын А. Абдукаимов, 2-орунду Сузак айыл аймагынын Ш. Абдраманов, 3-орунду Саты орто мектебинин балдары ээ болушкан.

Футбол оюну боюнча 1-орунду Тайгараев орто мектеби, 2-орунду М. Маткеримов,  3-орунду А. Абдукаимов орто мектебинин балдары багындырды. Бардык жеңген командаларга дипломдор жана баалуу белектер берилди.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20

Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп...

Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп...

Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 71 жылдык маарекесине карата үстүбүздөгү жылдын 7-май күнү Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-09  01:23

Оштун спортчулары Азиянын чемпионатында байгелүү орундарды...

Оштун спортчулары Азиянын чемпионатында байгелүү орундарды...

Үстүбүздөгү жылдын 1-майынан 9-майына чейин Казакстандын Палдовар шаарында өткөн бокс боюнча Азия...

СПОРТ 2016-05-14  09:30