KELECHEK
rek

Батыровдун үйү С.Бакиевге берилди

Батыровдун үйү С.Бакиевге берилди

Кадыржан Батыровдун Жалал-Абаддагы үйү толугу менен Санжар Бакиевге өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Сузак райондук соттук аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн башчысы Динислам Кожоакматов билдирди.

Анын айтуусунда, Батыров үй-бүлөсү менен 2010-жылга чейин жашап турган үй соттун чечими менен Бакиевге берилди.

Бакиевдердин жакындары 2010-жылы Батыров алардын турак үйүн өрттөгөн деп айыптап, чыгымын өндүрүп берүүнү өтүнүп сотко кайрылган.

Жалал-Абад шаардык соту 2011-жылдын ноябрь айында Бакиевдердин доосун канааттандырып, алардын пайдасына Батыровдон 7,4 млн. сом өндүрүүнү чечкен. Сузак районунун Дмитриевка айылында жайгашкан Батыровдун турак жайы сот аркылуу камакка алынып, эки ирет сатыкка коюлган.

Бирок үй сатылбаган соң, облустук соттун ушул жылдын апрель айындагы чечими менен Батыровдун турак жайы толугу менен Санжар Бакиевдин менчигине өткөрүлүп берилди.

17-майда сот аткаруучулар күбөлөр менен бирге үйгө кирип, буюмдарын жакындарына өткөрүп беришкен.

Санжар Бакиев Кыргызстандын 2010-жылы бийликтен кулатылган президенти Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси, маркум Жусупбек Бакиевдин уулу.

"Азаттык"

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53