KELECHEK
rek

Сузактын Жалгыз-Жаңгак, Акчалуу, Алмалуу-Булак айылдарында жер көчкү активдешип жатат (ФОТО)

Сузактын Жалгыз-Жаңгак, Акчалуу, Алмалуу-Булак айылдарында жер көчкү активдешип жатат (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын 3-январында Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жаңгак айылынын түштүк тарабындагы тоо борунан жылган жер көчкү 10 күн аралыгында 70 метрге жетсе, күн батыш тарабынан узундугу 200 метрге жеткен суу аралашкан баткак түшүп жатат. Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 40 млн. куб метрди түзөт.

ӨКМнин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү департаментинин башкы адиси Тойчубек Изабековдун берген маалыматына караганда, бул жерде жер көчкү коркунучу 1990-жылдары пайда болгон. 1994-жылы 18 үйдүн жашоочулары көчүп кетишсе, 6 үй калып калган. Ошол учурда 24 үйгө мамлекет тарабынан 24 миң сомдон ссуда, жер тилкелери бөлүнүп берилген.

Жер көчкү акырындык менен жылып, үйүнүн короосуна келип калганда үй-бүлөсү менен ата конушун таштап, үйүн бузуп кеткен  Рашид Бышаков биз барган учурда  мал сарайынын чатырын бузуп жатышкан экен. Анын айтымында, ошол 1994-жылы эле мамлекет тарабынан берилген жер тилкесине үй салып коюшкан. Үй-бүлөнүн кичүүсү болгондуктан, мал карап ушул кооптуу жерде жашап жүрүшкөн. Жер көчкү жылып отуруп өрүк бактарын, кашаасын басып үйүнө болгону 3-5 метрдей эле калган.

Жалгыз-Жаңгак айылынын эли менен жолугушууга КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Абдишарип Бекилов, Сузак районунун акиминин 1-орун басары Төрөгелди Түркбаев жана айыл аймактын башчысы, тиешелүү адистер барышып, кооптуу жерде жашап жаткандарды тез арада туугандарынын үйүнө көчүп кетүүгө үндөштү.

- Жер көчкү коркунучу 1990-жылдары пайда болгон. 1994-жылы биздин мониторинг кызматынын атайын тизмесине алынып, 24 үйгө көчүрүү талабы коюлуп, ссуда жана жер тилкеси берилген. Быйыл кыш жаан-чачындуу болуп, жер титирегенге байланыштуу бул жерде көчкүнүн активдешкени байкалды. Учурда 16 үй-бүлөнү кооптуу аймактан көчүрүү керек, - дейт А. Бекилов.

Көк-Арт айыл аймагынын башчысы Шералы Кудайбердиевдин берген маалыматына караганда, жаңыдан 11 үйдү көчүрүү боюнча ӨКМнин адистери  тарабынан башка жакка көчүрүү боюнча корутунда берилди. 1994-жылы көчпөй калган 6 үйгө ошол кезде эле 24  миң сомдук ссуда берилген. Бирок алар убагында көчүп кетишкен эмес. Азыркы учурда айылдагы 16 үй-бүлө коопсуз жерге көчүрүүгө муктаж. Аталган айыл аймакта 444 кожолук, 4600 жашоочу бар.

“Өзүм да 1994-жылы көчкү болгондо бул жерден көчүп кеткенбиз. Азыр ал жерге көчкү келип, айылга жакындап калды. Жашоочуларды коопсуз жакка көчүрүү үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жүктөрүн ташып кетүүгө транспорт жактан жардам берип жатабыз. Жаңыдан кооптуулук жараткан үй-бүлөлөргө жер тилке менен ссуда берүү аракеттери жүрүүдө”, - дейт Ш.Кудайбердиев.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, көчкү күн сайын 2 метрден 5 метрге чейин жылып жатат. Кооптуу делген үйлөрдүн ичинен эки үй-бүлө турак жайын бузуп кетишсе, ал эми калган үй-бүлөлөр күндүз үйлөрүндө болуп, кечкисин тааныштарынын, туугандарынын үйлөрүнө барышууда. Айыл аксакалы Нурхалик Нарбаев бийлик өкүлдөрүнөн айылга жер тилкесин бөлүү маселесин көтөрдү. Ошол 1994-жылы жер тилкеси бөлүнбөй калгандыктан, айрымдары 24 миң сомдук ссудага шифер, цемент алып бирок үй сала албай калышкан.

“Өткөн жылы жаан-чачындын көп жаашы жана жер титирөөлөрдүн арбын орун алышы жер көчкүнүн пайда болуусуна алып келди. Ошол себептен,  Сузактын Акчалуу, Алмалуу-Булак, Кызыл-Кыя айылдарында да жер көчкүнүн активдешкени байкалат. Бийлик өкүлдөрү жер-жерлерде элди көчүп кетүүгө үндөп түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Өкмөттүн облустагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев тарабынан тез арада калктын өмүрүн сактоо максатында жергиликтүү бийликке тапшырма берилген.

Акчалуу, Алмалуу-Булак айылдарына чейин 1,5 км аралыкта адырларда жарака бар

Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын Акчалуу айылынан Алмалуу-Булак айылына чейинки 1,5 чакырым аралыктагы адырларда жарака бар. Бул тууралуу ӨКМнин Сузак райондук бөлүмүнүн башкы адиси Элдияр Исраилов билдирди.

Анын айтымында, былтыр жазында Алмалуу-Булак айылында колоттон жер көчкү жүрүп, мектеп окуучусун басып калган.  Аталган айылда 50 түтүн болсо, анын 18и былтыр көчүп кетишкен. Азыркы учурда 32 үй-бүлө жашап жатат.

- КР Өкмөтүнүн токтому менен 35 гектар жерди трансформация кылып, көчкү болгон Алмалуу-Булак айылынан 143 үйгө өткөн жылы 26-сентябрда бөлүнүп берилген. Көчкү болгондон кийин 37 үй бузулуп, 5 үй көчкү алдында калган. Жер тилкеси кеч берилип калгандыктан, үй салууга жетишпей калышты. Ошол себептен, үйлөрү бузулбагандар кайра келип алып жашап жатышат. Жаз келгенде баары бул жерден көчүп кетишет. Малдарын багуу үчүн айла жок ушул кооптуу болгон жерде жашап жатышат. Ата конушум деп эле келип албастан, өздөрүнүн коопсуздугун да ойлоп, түз жакка барып үй салуу салуу аракеттерин көрүшү керек. 1990-жылдары эле көчкү болгондо жер участоктору да, ссуда да берилген, - дейт Сузак районунун акиминин 1-орун басары Төрөгелди Түркбаев.

Акчалуу, Алмалуу-Булак-1,2 айылдарынын тургундары менен ӨКМнин облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу А.Бекилов, Сузак районунун акиминин 1-орун басары Т.Түркбаев, Кызыл-Туу айыл өмөтүнүн башчысы А.Асанов жана тиешелүү адистер түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, көчкү активдешкендигин, тез арада кооптуу аймактан көчүп кетүүсүн айтышты. Акчалуу айылынан башталган 1,5 км болгон эң узун жарака көчкү болуп түшө турган болсо, айыл толугу менен көчкү алдында калышы мүмкүндүгүн эскертишти.

«Өткөн жылы болгон көчкү баарыбызга сабак болду. Бул айылдын адырындагы жараканы адистер эң коркунучтуу деп айтып жатышат. Ошол себептүү өзүбүзгө сак болуп, алдын алалы, мал-жандык деп адамдан ажырап калуунун эч кимге кереги жок. Бул жерден тез арадан көчүү керек. Бул жерде 87 үй көчүп кетүүсү керек болсо, эскертме бергенден кийин 50 үй калды.  Эл 90-жылдардан бери мыйзамсыз жашап келе жатышат», - дейт А.Бекилов.

Жалал-Абад облусунун аймагында 1700дөн ашык үй-бүлө учурда кооптуу деп саналган аймакта жашап келишүүдө.

Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24