KELECHEK
rek

Казакстан: митинг тууралуу маалыматтан кийин полиция кысымы күчөдү

Казакстан: митинг тууралуу маалыматтан кийин полиция кысымы күчөдү

“Жер маселеси” боюнча жалпы казакстандык митиг болору жөнүндө маалымат тарагандан кийин полиция өлкө аймагында жана Астанада тинтүүлөрдү жүргүзүп, активисттерди кармоодо.

Социалдык түйүндөрдө ушул жуманын аягында жалпы казакстандык митинг өткөрүү туурасында маалымат тарала баштагандан кийин күч түзүмдөрү активисттерди суракка алып, тинтүүлөрдү жүргүзө баштады. Анын ичинде Уральск шаарындагы жарандык активисттер Жанат Есентаев менен Исатай Утепов суракка алынгандыгы кабарланууда.

Мурдагы парламент депутаты Уалихан Кайсаровдун Астанадагы үйүндө мыйзамсыз курал бар деген шылтоо менен тинтүү жүргүзүлгөн. Кайсаров митинг өткөрүү боюнча демилгечи топтун курамында болчу. Астана акимчилиги буга уруксат бербей койгондугу маалым.

Жалпысынан алганда, Казакстандын ар кыл аймактарында 20дан ашуун активист кармалып, суракка алынган. Бирок Астананын ички иштер департаментинин басма сөз катчысы София Кылышбекова кармоолор менен тинтүүлөр туурасында эч кандай расмий маалыматы жоктугун билдирген.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53