KELECHEK
rek

ЖК депутаты А.Самигуллина Жалал-Абад облусунун акушер-гинекологдоруна ыраазычылык каттарды тапшырды (ФОТО)

ЖК депутаты А.Самигуллина Жалал-Абад облусунун акушер-гинекологдоруна ыраазычылык каттарды тапшырды (ФОТО)

Бүгүн, 9-январь күнү Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнүн кичи жыйындар залында өткөн жыйында КР Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Альфия Самигуллина Жалал-Абад облусунун бир катар төрөт үйлөрүндө үзүрлүү иштеп жатышкан акушер-гинекологдорго ыраазычылык каттарды жана акчалай сыйлык менен белектерди тапшырды.

Иштиктүү маанайда өткөн жолугушууга КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун директору, медицина илиминин доктору, профессор Виктория Рыскелдиева,  адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун реанимация дарыгерлери Элеонора Исаева жана Бахтиер Ходжахунов, облустук саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери, район-шаарлардын төрөт үйлөрүнүн башкы дарыгерлери, акушер-гинекологдору катышты.

Алгач жолугушууда өкүл К.Сатыбалдиев сөз алып, куттуу Жалал-Абад облусуна, шаарыбызга келген конокторго энелер менен балдарыбыздын ден соолугуна кам көрүп өткөн жылы бир топ иштерди жасагандыктары үчүн ыраазычылыгын  билдирди.

- Альфия Эльдаровна, сизди мен депутат, анан да дарыгер деп абдан сыйлам. Сиз баштаган кесипкөй дарыгерлер тобу өткөн жылы да ушул айда биздин облустук төрөт үйүнө келип, эки жума бою бейтап энелер менен бөбөктөрүбүзгө  кошумча жардам берип, дарылагансыздар. Сиздер пациенттерге телекөпүрө аркылуу да кеңеш берүү ишин баштагансыздар. Айрыкча ушул ишиңиздердин натыйжасында эне-бала ден соолугуна кам көрүү ишин практикалык жолго коюу облуста кайрадан жанданды.

Облусубуздун аймагында энелер менен ымыркайлардын ден соолугун коргоо жаатында жеринде практикалык саамалыктуу иштерди жасаганыңыздарды баса белгилеп кетким келет. Ошондой эле, Альфия Эльдаровна депутат катары ишинин 90 пайызын калкыбыздын ден соолугун коргоо жаатына жумшап келаткандыгын баса белгилеп кетким келет. Эки тараптуу өз ара практикалык кызматташуунун натыйжасында облусубуздун аймагында энелер менен ымыркайлардын өлүмү өткөн жылы бир кыйла азайды. Мен облусубуздун көп улуттуу элинин атынан КР Жогорку Кеңешинин депутаты Альфия Самигуллинага, адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун  адистери менен дарыгерлерине терең ыраазычылык билдирип, алардын ишине чын дилимден ийгилик каалаймын.

Мен өзүмдүн ишимдин приоритеттүү багыты катары саламаттыкты сактоо менен билим берүү тармагы экендигин белгилеп кетким келет. Сиздердин ишиңиздер абдан оор, эмгек маянаңар аз жана медициналык жабдуулар менен аппараттар жетишпейт. Ошого карабастан, элибиздин ден соолугун коргоодо жигердүү иштеп келе жатасыздар,- деди өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

Ошондой эле, сөз алган депутат А.Самигуллина өзүнүн оюн төмөндөгүчө билдирди:

- Эң алгач мен ушул жерде олтурушкан акушер-гинекологдорду облуста энелер менен ымыркайлардын өлүмүнүн азайгандыгы үчүн Сиздерге терең ыраазычылык билдирип кетемин. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы  «Энелер менен ымыркайлардын өлүмүн азайтууну» негизги багыттарынын бири катары койгон. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен республика боюнча бир гана Жалал-Абад облусунда энелер менен ымыркайлардын өлүмү кескин азайган. Мунун өзү сиздердин үзүрлүү иш-аракетириздердин астында болгондугун канааттануу менен белгилеп, сиздердин ишиңиздерге чын дилимден ийгилик каалаймын. Биздин бүгүнкү жолугушуубуздун башкы максатынын бири алдыңкы акушер-гинекологдорго сыйлыктарды тапшыруу болуп саналат.

Андан кийин, депутат Альфия Самигуллина КР Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын атынан Ноокен райондук аймактык ооруканасынын акушер-гинекологу Асел Бекнусуповага, Базар-Коргон райондук аймактык ооруканасынын акушер-гинекологу Жамила Токтосуновага, облустук төрөт үйүнүн кичи медайымы Таалайгүл Алымкуловага, реанимация бөлүмүнүн башчысы Санжар Арзыбаевге, неонатолог – ымыркайлар бөлүмүнүн дарыгери Дилбар Бекенбаевага, акушерка Рано Мамажановага «Ыраазычылык каттары” менен акчалай сыйлыктарын тапшырды. Ал эми облустук төрөт үйүнүн башкы дарыгери Элмира Төрөгелдиевага бир компьютерди сыйлык катары берди.

Ал эми өкүл Кыянбек Сатыбалдиев адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун реаниматолог дарыгери Элеонора Исаевага жана  облустук төрөт үйүнүн ымыркайлардын патологиясы бөлүмүнүн башчысы Ызабекова Рахатка КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн Ардак Грамотасын, адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун реаниматолог дарыгери Бахтиёр Ходжахуновго жана облустук төрөт үйүнүн дарыгери Маржан Султановага Жалал-Абад шаардык мэриясынын Ардак Грамоталарын тапшырды.

Жалал-Абад облусу боюнча 2015-жылы 14 эненин өлүмү катталган болсо, 2016-жылы 7 эненин өлүмү катталып, бул көрсөткүч 50 пайызга азайган. Учурда бардык район-шаарлардагы төрөт үйлөрүндө капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүп жатат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38