KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ “АЙМАК” ЖЕКЕ МЕНЧИК ГЕЗИТИ ШААР МЭРИН МЫКТЫ АТАДЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ “АЙМАК” ЖЕКЕ МЕНЧИК ГЕЗИТИ  ШААР МЭРИН МЫКТЫ АТАДЫ

Жалал-Абаддан чыгуучу жеке менчик коомдук-саясий “Аймак” гезити Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазовду “Жылдын мыкты мэри” номинациясы боюнча мыкты деп тандап алып, кечээ аталган басылманын башкы редактору Анара Алимова шаар мэрине “Жылдын мыкты мэри” дипломун тапшырды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

А.Алимованын айтымында, Жалал-Абад шаарында 2016-жылы олуттуу өзгөрүүлөр жүз берди, шаар кооз жана иреттүү, ыңгайлуу болуп калды. Шаардыктар үчүн дагы да олуттуу долбоорлор ишке ашырылып жатат.

-Биз окурмандар арасында сурамжылоо жүргүзүп, натыйжада ушул номинация боюнча шаар мэрин жылдын мыктысы деп тандап алдык. Менимче, адилеттүү тандоо болду, себеби шаар мэри чындап эле жакшы иштеп жатат. Биз алдыдагы жылда да ага ийгиликтерди каалайбыз, – дейт ал.  

Дипломду тапшырып жатып, шаар жана шаардыктардын кызыкчылыгы үчүн “Аймак” гезити шаар бийликтери менен тыгыз иштеше турганын билдирди.

С.Авазов “Аймак” гезитинин жетекчилигине ыраазылык билдирип, мындай жагымдуу нерсе аны дагы да жакшы иштөөгө чакыра турганын билдирди.  

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...