KELECHEK
rek

Ноокен районундагы Бүргөндү айыл өкмөтү “Эң мыкты айыл өкмөтү-2016” наамын утуп алды(ФОТО)

Ноокен районундагы Бүргөндү айыл өкмөтү “Эң мыкты айыл өкмөтү-2016” наамын утуп алды(ФОТО)

Кечээ, 30-декабрь күнү КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин катышуусунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын №18 М.Молдалиев орто мектебинде жыл жыйынтыгын чыгарган жыйын болуп, анда өз эмгеги менен өзгөчөлөнгөндөр ардак грамоталар менен сыйланышты.

Жыйынга Жалал-Аба ОИИБнын башчысы Жеңиш Джоробеков, УКМКнын облустук башкармалыгынын жетекчиси Канжарбек Бокаев, Ноокен районунун акими Абдрахман Осмонов, Бүргөндү айыл аймагындагы 500гө жакын тургундар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-ноябрындагы 480-буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулган “Эң мыкты айыл Өкмөтү - 2016” Өкмөттүк сынагында Бүргөндү айыл аймагы биринчи орунга жетишип, 3 миллион сом акчалай сыйлыкка татыган. Республика боюнча 453 айыл өкмөттүн ичинен суурулуп чыккан бул өкмөттүк жеңишин айыл аймактын жетекчилиги эли менен тең бөлүшүп, сый тамак уюштуруп беришти.

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Маматаев жыйында сөз сүйлөп, айыл өкмөт Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк сынагынын жеңүүчүсү болуу менен, “Эң мыкты айыл Өкмөтү – 2016” наамын утуп  алганын, бул жеңиш элдин кошкон салымы, калктын жеңиши экендигин баса белгилеп кетти.

- Биз бул жеңишке Бүргөндү айыл өкмөтүндө аткарылып жаткан жумуштар менен жетиштик. Бул элибиздин салымы менен болгон жалпыбыздын сыйлыгыбыз. Айылыбыздын 90 пайызы дээрлик дыйканчылык менен алектенишет. Ак эмгектин үзүрүн чарбалар эгиндерин экспорттоо жолу менен жогорку баада сатып, жакшы киреше табуу менен көрүшүүдө. Кийинки кездерде элдер жер иштетүүнүн сырларын өздөштүрүп, көбүнчө жашылча-жемиштерге ыктап калышты. Элибиз жер жана мал чарбачылыгы менен киреше таап, ишкерлерибиз тарабынан элди тейлөө иштерине шарттар түзулүп, салык, соцфонд төлөмдөрүн өз маалында төлөшүп, чоң-чоң объектилерди курууга өздөрүнүн салымын кошуп жатышат. Кыскасы элде ынтымак, биримдик, кең пейилдик болсо, айыл өкмөтү тарабынан аларга шарттар түзүлүп, ишкердикке жол ачылып, керектүү документтерди түзүп, жардамдашып турсак, ар бир иш өз жемишин берип, ири ийгиликтер жарала берет.

Бул ийгиликтер менен кошо алдыга койгон максаттарыбызды ишке ашырууда биздин айылдагы эң көйгөйлүү маселебиз – ичүүчү таза суу болуп калды. Таза суунун айынан ар кандай жугуштуу оорулардын түрлөрү көбөйүп, канча азап тартабыз. Эскилиги жеткен суу түтүкчөлөрүн жаңылоо, жаңы айылдарды таза суу менен камсыз кылуу максатында 63 млн. сомдук долбоор даярдалып, калктын депозити толук жыйналып РСК банкындагы атайын эсебинде сакатлып турат. Жакында кудай буйруса Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин аракети менен бул долбоор дагы ишке ашат. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулган “Эң мыкты айыл Өкмөтү - 2016” сынагына берилген 3 миллион сомдун 2 миллион сомун “Жаңы-Арык таза суунун” РСК банкындагы атайын эсебине бүгүнкү күндө которуу иштери жүрүп жаатат

Ийгиликке жетүүнүн дагы бир сыры – инвестиция тартуу. Өкмөттүн бюджеттик каражаты жетишпегени баарыбызга маалым. Ошондуктан бул багытта айыл өкмөтү тарабынан гана эмес, жеке ишкерлер тарабынан да инвестициялар тартылып, көлөмдүү иштер бүткөрүлдү, - деди Э.Маматаев.

Андан соң, өкмөттүн өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев сөз алып, айыл өкмөт тарабынан аткарылып жаткан жакшы иштери тууралуу ыраазычылык сөзүн айтып, Ноокен элин жаңы жылы менен куттуктактап, иштерине ийгиликтерди каалап кетти.

Ноокен районунун акими Абдырахман Осмонов да сөз алып, айыл өкмөттү биринчи орунду алышы менен куттуктады. “Бүргөндү айыл өкмөтүнүн респбуликалык сынакта биринчи орунду алгандыгынын себеби – бул элдин ынтымакчылыгы, жергиликтүү бийликтин депутаттар менен чогуу биргелешип иштегендигинде”, - деди А.Осмонов.

Жыйында Бүргөндү айыл өкмөт башчысы Э.Маматаевге билим берүү мекемелеринин курулушуна көбүрөөк көнүл бурганы үчүн КР Билим берүү жана илим министри тарабынан “Эл агартуунун мыкытысы” деген төш белги тапшырылды. 

Жыйындын катышуучуларына М.Модалиев мектебинин окуучулары Жаңы жылдык концерттик программа тартуулашты. Бул мектепте 800дөн ашуун бала билим алышат.        

Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41