ЕБ террорчулукту каржылоонун алдын алуу чараларын иштеп чыгат
Еврокомиссия террорчулукту каржылоонун алдын алуу боюнча чараларды иштеп чыгуу ниетинде. Анын алкагында Евробиримдикке мүчө өлкөлөр ортосунда маалымат алмашууну жакшыртуу мерчемделүүдө. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Европа биримдигине кирип-чыкканда акча жана алтын алып жүргөндөргө карата көзөмөл күчөтүлөт. Шектенүү жараткан учурларда чек арачылар уруксат берилген 10 миң евродон аз акча алып кирип жаткандарды да кылдат текшерет. Брюссель ошондой эле почта аркылуу жөнөтүлгөн накталай акчалар менен банк карталарын көзөмөлдөөдөгү бажы кызматтарынын ыйгарым укуктарын кеңейтет.
Шенген маалыматтык системасынын алкагында Европанын ар башка өлкөлөрүндөгү шектүүлөрдүн маалыматтарын манжа издери боюнча салыштыруу сунушталууда. Бул экстремисттер жасалма документтерди пайдаланган учурларда тергөөчүлөр үчүн жардам болот.
Демилге Европарламент жана ЕБге мүчө өлкөлөр тарабынан жактырылышы керек. Реформанын 2018-жылы жүзөгө ашырылышы күтүлүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04