KELECHEK
rek

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү" Мыйзамына 2016-жылдын 14-апрелинде бир топ  өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинин түштүк аймактар аралык башкармалыгынын Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн башчысы Тынысбек Турдубеков билдирди.

Анын айтымында, аталган мыйзамдын  5-статьясындагы кайчылаш  текшерүү күчүн жоготту. Ал эми 6-статьяга ылайык,  мындан ары  пландык текшерүүлөр стратегиялык пландарга, текшерүүлөрдүн пландарына ылайык  гана жүргүзүлөт. Стратегиялык план бир жылга түзүлөт жана ар бир багыт боюнча сандык көрсөткүчтөрдү камтыйт. Ушул эле  статьяда, тамак-аш азыктарын өндүрүүгө, сактоого, ташууга жана сатууга карата талаптарга ылайык келүүсүнө пландык текшерүүлөр алдын ала кабарлоосуз жүргүзүлөт.

Ишкердиктин жаныдан түзүлгөн субьекттерин текшерүү алар юридикалык жак же жеке ишкер катары мамлекеттик каттодон өткөн күндөн тартып 3 жылдын ичинде жүргүзүлбөйт.

Жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна  жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугуна тиешеси бар текшерүүлөрдүн натыйжалары  текшерүүгө ыйгарым укуктуу органдардын сайттарында жарыяланууга жатат, ошондой эле жалпыга жеткиликтүү башка жерлерге жайгаштырылат. Иши калкты тейлөө менен байланышкан текшерилүүчү  субьекттердин  текшерилген натыйжаларын керектөөчүлөргө жеткирүүгө милдеттүү.

Мыйзамдын 7-статьясы төмөнкүдөй редакцияланды.

- пландан тышкары текшерүү жүргүзүүнүн негиздерине ылайык, текшерүүлүүчү субьектинин ага карата текшерүү жүргүзүү тууралуу арызын ыйгарым укуктуу органдын алышы;

- жеке же юридикалык жактын текшерүүнүн субьекти арыз берүүчүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын бузгандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү арызын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин текшерүүнүн субьекти ошол администрациялык-аймактык бирдиктин калкынын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузгандыгы тууралуу ишкердик субьекти тарабынан Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарынын бузулгандыгы жөнүндө документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен берилген жазуу жүзүндөгү кайрылуусун ыйгарым укуктуу органдын алышы;

- ыйгарым укуктуу органга кайрылган адамдын фамилиясын, ысымын, атасынын ысымын жана турган жерин аныктоого мүмкүн болбогон арыздар текшерүү жүргүзүү үчүн негиз боло албайт.

- пландан тышкары текшерүүнүн мөөнөтү 3 жумушчу күндөн ашпоосу керек.

Ушул эле статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган даттануулар алынганда ыйгарым укуктуу орган даттанууну кароого, текшерүү жүргүзүүгө жана 15 жумушчу күндүн ичинде жүйөлөштүрүлгөн чечим кабыл алууга милдеттүү.

Пландан тышкары текшерүү аны жүргүзүү  үчүн негиз болгон маселелердин алкагынан чыгышы мүмкүн эмес.

Адамдардын өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылуу менен байланышкан учурларда (жугуштуу оорулар жана жугуштуу эмес массалык оорулар (уулануулар) келип чыкканда жана жайылганда, техногендик мүнөздөгү авария учурунда) калктын ден соолугунун абалына жол берилгис таасир кылуунун себептерин жана булактарын аныктоо жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга 7 жумушчу күндүн ичинде кабарлоо менен аларды алдын алуу жана четтетүү боюнча чараларды көрүү максатында текшерүүлөр күтүүсүз мүнөзгө ээ болушу жана жазуу жүзүндөгү тескемесиз (буйруксуз, жазма эскертүүсүз) жүргүзүлүшү мүмкүн.

Ал эми аталган мыйзамдын 9-статьясында контролдук текшерүү мурдагы текшерүүдө аныкталган укук бузуулардын текшерилүүчү субьекти тарабынан четтетилишин кайра текшерүү максатында жүргүзүлөт жана ушул максаттын алкагынан чыгышы мүмкүн эмес. Контролдук текшерүүнүн мөөнөтү 2 жумушчу күндөн, чакан ишкердиктин субьекттери үчүн - бир жумушчу күндөн ашпайт.

Мыйзамдагы 11-статьяга  ылайык, эгерде контролдук текшерүүнүн жүрүшүндө укук бузуулардын четтетилбеген фактылары аныкталса, ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы текшерилүүчү субьектиге карата Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарында каралган таасир кылуу чараларын колдонот.

Ошондой эле, 17-статьяда аталган мыйзамдын 6-статьясынын 7-бөлүгүндө каралган учурду кошпогондо, пландык текшерүү жүргүзүү жөнүндө кабардаманы албаган учурда текшерүүчү кызмат адамдарын текшерүүгө киргизбөөгө укуктуу.

Ал эми 19'-статьяга ылайык, текшерүүнү жүргүзүүнүн негиздеринин жоктугу, тескеменин (буйруктун, жазма эскертүүнүн) жоктугу, ушул мыйзамдын 6-статьясынын 7-бөлүгүндө каралган учурду кошпогондо, текшерүү жүргүзүү жөнүндө кабарлоонун мөөнөттөрүнүн сакталбагандыгы, 4-статьянын талаптарынын бузулушу, тескемени (буйрукту, жазма эскертүүнү) ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуунун болбогондугу (контролдук текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө тескемелерди (буйруктарды, жазма эекертүүлөрдү) кошпогондо), ыйгарым укуктуу органдар тарабынан алардын компетенциясына кирбеген текшерүүлөрдүн дайындалышы мыйзамдын талаптарын одоно бузуулар деп таанылат.

"Көк-Арт Инфо" Маалымат борбору.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24

Бекболот Миңбаев: “Таш-Көмүр шаарынын бюджети үч эсеге көбөйдү ”

Бекболот Миңбаев: “Таш-Көмүр шаарынын бюджети үч эсеге көбөйдү ”

Таш-Көмүр шаарынын бюджети үч жыл аралыгында 3 эсе көбөйүп, 2016-жылы 88,5 млн. сомду түздү. Бул тууралуу...

АНАЛИТИКА 2016-08-26  15:35