KELECHEK
rek

Жарандык активисттер бийликти диалогго чакырды

Жарандык активисттер бийликти диалогго чакырды

Кыргызстандагы жарандык активисттер президентти, Жогорку Кеңешти жана өкмөттү диалогго чакырууда. Бүгүн таратылган кайрылууга активисттер Динара Ошурахунова, Бурул Макенбаева, Рита Карасартова, Гүлзада Медралиева жана башкалар кол койду. Кол чогултуу уланууда.

Кайрылууда жумушсуздук күчөп, күч органдарына элдин ишеними азайганы, жол, чек ара коопсуздугу, алдыдагы эки ири шайлоо жараяны сыяктуу маселелер турганда бийлик менен жарандык коом кайым айтышуунун ордуна биригип, чогуу аракеттенүүсү керектиги айтылат.

- Тилекке каршы, Конституцияда жазылган бийлик менен элдин биримдигин камсыздоонун ордуна президент жана анын аппараты жарандык секторго карата эмоцияга алдырып, белгилүү укук коргоочуларга куру жалаа жаап жатат. Укук коргоочу адам укугуна коркунуч келтирилиши мүмкүн болгон бардык жерде, анын ичинде митинг жана жыйындарда мониторинг жүргүзүүгө акылуу, - дейт укук коргоочу Динара Ошурахунова.

Кайрылууда ошондой эле Евробиримдик Кыргызстанга соода-сатык боюнча берген ВСП+ макамынын келечегин түшүндүрүү максатында Жогорку Кеңеште парламенттик угуу өткөрүү зарылчылыгы да белгиленген.

Өткөн аптада "Элдик парламент" оппозициялык уюмунун жыйынына укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилова да катышкан.

14-майда президент Алмазбек Атамбаев Энелер күнүнө карата куттуктоо айтып жатып "Элдик парламенттин" мүчөлөрүн "туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар" деп атап, алардын жыйынына катышкан эки укук коргоочуну грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр деп атаган.  

"Азаттык"

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13