KELECHEK
rek

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу ислам дининин баалуулуктары” аттуу конференция өткөргөн. Анын ачылышында Кыргызстандын мамлекеттик гимни ырдалган. Баары ордунан туруп, мамлекеттик символго таазим эткени менен алдыңкы катарда отурган, жоолук оронгон кыздар турбай коюшкан. Муну алар “Куранда, динде андай жазылган эмес” деп түшүндүрүп, каршылыктын себебин айтып берүүнү каалашкан эмес.

Бул кыздар Жалал-Абад шаарындагы “Айша-Садык” кыздар медресесинде билим алган 16-17 жаштардагы окуучулар.

Медреселерде жалаң гана дин жаатында билим берилип, мамлекеттик символдор жана кагазга жазылган мыйзамдар тууралуу маалыматтар дээрлик окутулбайт. Атын атагысы келбеген дин ишмери, Ноокен районунда жаңыдан уюшулган "Нур" кыздар медресесинин устаты анын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Биз мурда жалаң гана диний жактан билим алып келгенбиз. Азыр да медреселердеги окуучуларга диний түшүнүктөрдү окутабыз. Ошол себептүү кыздардын гимн тууралуу түшүнүгү жок. Демек бул багытта да окутуш керек экен деген ой келди. Мамлекеттик символдор жана жазылган мыйзамдар боюнча дээрлик сабактар өткөрүлбөйт болчу. Светтик билим берүүгө эмитен гана көңүл бурулуп жатат. Азыр медреселерде ушундай маселе бар.

Жыйынга шаардагы "Имам-Аззам" медресесинин кыздары да катышып, бул көрүнүштү алар окутулуп жаткан сабактар менен байланыштырышат. Анткени медреселерде сабактар Курандын негизинде гана өткөрүлөт. Атын атагысы келбеген окуучу буларды айтты:

"Ар бир гимн жаңырганда сыйлап туруш керек болчу. Гимнди биз билебиз, ар дайым ордубуздан турабыз. Ал эми тигил кыздардын турбай койгонун түшүнгөн жокпуз. Бизди медреселерде бул багытта окутпаганы менен өзүбүз деле билебиз. Бул ар бир адамдын өзүнөн болуш керек".

WWW

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41

Кыргызстандын мусулмандардын азирети муфтийи Базар-Коргондо эл менен...

Кыргызстандын мусулмандардын азирети муфтийи Базар-Коргондо эл менен...

Арстанбап айыл аймагында Базар-Коргон РИИБмүнун 10-бөлүмү, Кыргызстандын мусулмандардын азирети...

Аймак 2016-06-20  13:29