Аблязов: 2005-жылдагы ыңкылапты каржылагам
Бул тууралуу казакстандык банкир, мурдагы министр жана оппозициячы Мухтар Аблязов франциялык Liberation басылмасына курган маегинде билдирди. Аталган басылманын сайтында жарык көргөн макалада ал Кыргызстандагы 2005-жылкы ыңкылапты ишке ашыруу үчүн каржы берип турганын моюнга алды.
"Мурдагы советтик өлкөлөрдүн биринде туура реформаларга алып келген жараяндардын башталганы мен үчүн маанилүү болчу" деп айтылат Аблязовдун маегинде.
Ал казак бийлиги өзүн куугунтуктап жатканын жана ага козголгон кылмыш иштери саясий мүнөздө экенин да кошумчалады.
Мухтар Аблязов декабрдын башында Франция Орусияга экстрадициялоо тууралуу буйрукту жокко чыгаргандан кийин абактан бошотулганы кабарланган. Франциянын Мамлекеттик кеңеши аны Орусияга экстрадициялоону жокко чыгарып, өткөрүп берүү талабын саясий себептер менен байланыштырган.
7-декабрь күнү БУУнун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Нильс Мельцер расмий Парижди Аблязовду Франциядан чыгарбоого чакырган. Ал Аблязов Орусияда кыйноолорго кабылуусу ыктымалдыгын же Казакстанга өткөрүлүп берилерин айтып, мекенинде да Аблязовду азап күтүп турганын билдирген.
2015-жылы сентябрда француз өкмөтү Аблязовду экстрадициялоо боюнча Орусия менен Украинанын өтүнүчтөрүн жактырган эле. Француз бийлигинен Мухтар Аблязовду өткөрүп берүүсүн суранып, Казакстан да кайрылган. Бул өлкөлөр Аблязов 5 миллиард долларды менчиктеп алган деп айыпташкан. Мухтар Аблязов айыптоолорду четке кагып, куугунтуктун саясий себептери бар экенин билдирип келет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Тажикстан: ММКнын башкы көйгөйү - расмий маалымат алуу
Тажикстан өкмөтүнүн “Ховар” маалымат агенттигине расмий маалымат алууда артыкчылык берүү...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:56