KELECHEK
rek

Батыш Ооганстан вице-президентине каршы айыптоолорду иликтөөгө үндөөдө

Батыш Ооганстан вице-президентине каршы айыптоолорду иликтөөгө үндөөдө

Ооганстандагы Жүзжан провинциясынын мурдагы губернатору Ахмат Ишчи Ооганстандын биринчи вице-президенти Абдулрашид Дустум тарабынан сабалганын, уурдалганын, сексуалдык кордук көрүп кала жаздаганын билдирди. Батыш өкмөттөрү бул ырастоолорду тыкыр иликтөөгө үндөөдө.

Жүзжан провинциясынын мурдагы губернатору Ахмад Ишчинин айтымында, ал мыйзамсыз кармалып, Достумдун күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан катуу кордукка кабылган.

Достум өткөн айда спорттук иш-чара учурунда жүздөгөн көрүүчүлөрдүн алдында Ишчини жеке өзү сабап, аны камоого буйрук берген деген маалымат тараган. Кийинчерээк ал муну четке каккан жана Ишчи 13-декабрда бошотулган.

АКШ, Улуу Британия, Европа биримдиги жана башка батыш өкмөттөрү адам укуктарын одоно бузуу боюнча маалыматтарды расмий түрдө ачык-айкын, акыйкат иликтөөгө чакырууда.

Ооганстан президенти Ашраф Гани толук иликтөө жүргүзүүгө убада берди.

Дустумдун айтымында, Ишчи бир убакта анын саясий өнөктөшү болгон. Экөө урушуп кете электе эле ал Дустумдун катышуусуз коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалган. Ишчи аны жөнсүз айыптап, кадыр-баркын кетирүүгө аракет жасоодо деп эсептейт.

Бирок Ишчи Дустумдун адамдары аны түрмөгө камап, андан кийин бир нече жолу сабап жана сексуалдык ыдык көрсөтүүгө аракет жасаганын билдирүүдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52

«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт

«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт

«Аль-Каида» Ооганстан өкмөттук күчтөрүнө каршы талиптердин иш-аракеттерине көмөк кылышы мүмкүн....

ДҮЙНӨ 2016-05-06  17:52

Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет

Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет

Тажикстандын юстиция министри Рустам Шохмуродов жетектеген өкмөттүк делегация бүгүн БУУнун Адам...

ДҮЙНӨ 2016-05-06  18:02