Дональд Трамп Рекс Тиллерсонду мамкатчы кылып дайындайт
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Рекс Тиллерсонду Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы кызматына дайындай тургандыгын жарыялайт. Бул тууралуу америкалык ММКларга Дональд Трамптын өкүлдөрү билдиришкен.
Дүйнөдөгү ири мунай компаниясы эсептелген Exxon Mobilдин башкаруучу директору Тиллерсон мамлекеттик кызматта жана дипломатиялык ишмердүүлүктө тажрыйбага ээ эмес. Дональд Трамп андан кандай гана адам менен болбосун сүйлөшүүдө жыйынтыктарга жетише ала турган жана бүткүл дүйнө боюнча кеңири байланыштарга ээ адамды көргөн.
Америкалык мыйзам чыгаруучулардын арасында Рекс Тиллерсонду сындагандар аз эмес. Алар анын Орусия жетекчилиги менен өтө тыгыз байланышы бар деп эсептешип, аны мамкатчы кызматына дайындоо орундуу эмес дешүүдө. Республикачы сенатор Жон Маккейн Тиллерсондун Владимир Путин менен байланышы бардыгы «чочулатып» жатканын билдирди. Ушундай эле тынчсыздануусун президентикке мурдагы талапкер, республикачы сенатор Марко Рубио да билдирген.
Рекс Тиллерсондон сырткары мамлекеттик катчы кызматына Нью-Йорктун мурдагы мэри Рудольф Жулиан, президенттикке мурдагы талапкер Митт Ромни, Борбордук чалгындоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Дэвид Петреус жана сенатор Боб Коркер талапкер болуп жатышкан.
Тиллерсондун АКШ мамлекеттик катчысы кызматына дайындалгандыгы тууралуу расмий маалымат жакынкы күндөрү жарыяланары күтүлүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52