KELECHEK
rek

"Вашингтон пост": Гүлнара Каримованын акчалары жемкорлук курмандыктарына кайтарылышы керек

АКШнын Юстиция министрлиги тарабынан Европада тоңдурулган 850 миллион долларлык активдер өзбек бийлиги өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышы боюнча бир нече шарттарды аткаргандан кийин гана Өзбекстанга кайтырылып берилиши керек. Бул тууралуу учурда АКШда жашап жаткан «Күнөс Өзбекстан» коалициясынын негиздөөчүсү Санжар Умаровдун The Washington Post гезитине жарыяланган макаласында айтылат.

Иш жүзүндө Гүлнара Каримовага тиешелүү болгон ал акчалар ири телекоммуникациялык компаниялардын маркум президент Ислам Каримовдун улуу кызына пара берүүсүнө байланышкан коррупциялык ишти тергөөнүн алкагында тоңдурулган.

Санжар Умаровдун пикиринде, АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын администрациясы ал акчаларды жемкорлуктун курмандыктарына кайтарып бериши керек. Ал Казакстандагы «Бота» фонду сыяктуу кайрымдуулук фонд ачып, каражатты ошонун эсебине которууга мүмкүн деп эсептейт. Макаланын автору жазгандай, акчаларды расмий Ташкентке кайтарып берүү, аларга мурда мыйзамсыз ээлик кылган адамдарга кайтарып берүү дегенди түшүндүрөт.

29-ноябрда өзбек саясий мигранттарынын тобу Change.Org сайтында петиция даярдап, анда АКШ жана Европанын айрым өлкөлөрүнүн бийликтерин 850 миллион долларды Өзбекстан өкмөтүнө кайтарып бербөөгө чакырган. Петициянын авторлору көрсөтүлгөн сумма мамлекеттик жемкорлуктун чыныгы курмандыгы эсептелген Өзбекстан элинин чыгымдарынын ордун толтурууга багытталышы керек деп эсептешет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...