KELECHEK
rek

Арабызда Абдималик аксакалдай карыларыбыз бар болсун!

Арабызда Абдималик аксакалдай карыларыбыз бар болсун!

Ооба, кыргыз элибизде «карысы бардын, ырысы бар» дейт эмеспи. Ошол ырыскыбыз болгон карыларыбыз бар болсун ар дайым. Акыл насаатын айтып, карыяларыбыз төрүбүздүн көркү болуп көпкө жашашсын. Бүгүн биз ошондой карыяларыбыздын бири Абдималик аксакал тууралуу кеп салганы турабыз. Аксакал ардактуу эс алууга чыкканы менен эч жаны тынбаган киши...

  –  Ооба, кечээки жолуккан жерден жолугабыз, мен айткан документтердин копиясын алганча бар. Мен да барып калам, – деп Абдималик аксакал телефонун койду.

Таң атпай багымдат намазын окуп, байбичеси берген чайын ичип алып, кичүү уулуна аткарыла турган иштерди дайындап коюп, райондун борборуна өкмөттүн жумушунда иштегендей эле шашып жөнөйт экен. Жайын, кышын дебей туугандарынын таламын талашып чуркап жүргөнү жүргөн. Талаада жүргөн жеринен айылдаштары арызданып келсе, ишин таштаган боюнча тууганын жетелеп алып өкмөткө, же райондун борборуна жөнөп калат.

Туугандардан бирөө жарым паспорт, же балдарына күбөлүк ала албай, же пенсияга чыга албай жүргөнү да, балдарына жөлөкпул албаганы да, баары Абдимиталип аксакалга келишет. Иши түшүп келгендердин арызын шашпай отуруп, өз колу менен тиешелүү бийлик органдарына, же укук коргоо органдарына баарын тизмектетип жеткиликтүү кылып жазып чыгат.

Аксакалдын жазган арызын карап таң каласын, жашы 66ны таяп калса да кол жазмасы тимеле шуру мончоктой тизилет. Кол жазмаңыз сулуу экен, десем аксакал күлүп, аскерде «писар» болуп кызмат өтөгөнүн айтып калды.

«Мен аскерде кызмат кылган кезде азыркыдай компьютер жок болчу. Аскердик бөлүктүн командиринин буйругунан баштап, аскердеги бардык иш кагаздарын баарын мен жазаар элем. Жаңы аскерге барганда аскердик сабакта дептерге жазган жазуумду көрүп калышып командирге көрсөтүшүптүр. Командирге да жаккан го кол жазмам. Ошентип асркердик бөлүктө писар болуп кызмат өтөп калдым», – деп аскерде кызмат өтөгөн күндөрүнөн кеп салып берди.

Бүгүн райондун борборунда сотко барганы камынып жатыптыр аксакал. Энелеш карындашын 4 ай мурда бирөөлөр кол салып, токмоктоп акчасын тоноп кетиптир. Ошолордун соту болот экен. «Карындашым 5 жыл мурда абышкасы өтүп жесир калган. Карындашымдын артынан мен чуркабасам, анан ким чуркайт.  Милицияга, прокуратурага, сотко барганда жанында караан болуп мен барбасам, кимге эмне деп сүйлөөрүн деле билбейт», - дейт аксакал

Айткандай эле, милицияга карындашын ээрчитип барып арызын жаздырган да, тергөөнүн жүрүшүн көзөмөлдөгөн да өзү. Бирөө жарым акча берсе тараза ташы аларга ооп кетпесин деп, карындашынын ишинин артынан 3-4 айдан бери чуркап жүрөт экен. Көбүнө чыдадык, эми азы калды», – дейт Абдималик аксакал.

«Ал ортодо деле канча иш бүтүп кетти, бул иш аябай созулду» деп кейип коёт. Кепке аксакалдын байбичеси аралашып, «колу коншу, айылдаштар документ толтурганда бланкалардан бери көтөрүп келип алышат, аксакал толтуруп беринизчи, туура эмес толтуруп алып дагы чуркап жүрбөйлү, же арызыбызды жазып беринизчи, – деп көп келишет дейт.

«Менин деле пенсиям аз чегерилип калып бул жагы Лейлекке, тиягы Бишкеке чейин барып бүт Кыргызстандын архивин кыдырып, мен иштеген жерлерден керектүү документтердин баарын чогултуп келип тапшырып, кудайга шүгүр пенсияма жакшы эле кошулду», – дейт аксакалдын байбичеси.

Документке мынчалык так болгонду кайдан үйрөнгөнсүз, айылдаштарыңыз сизди закончул дешет экен, бул сапат сизде каяктан, же органда иштедиңиз беле? – деп суроо узаттым.

- Жоок кайдан, органда деле иштебедим. Көп жылдан бери колу-коңшу, туугандардын артынан чуркап жүрүп бүт баарын билем. Анын үстүндө армияда жүргөндө документтерге олутту мамиле кылып так, туура жазганды өздөштүрүп алган экемин, ошонун да пайдасы тийип жатат тууган- туушкандарга,- дейт маектешибиз.

Абдималик аксакал жаштайынан математикага өтө кызыгып, математик-илимпоз болууну эңсептир. Ал кезде совет доорунда жогорку окуу жайга өтүш аябай кыйын болчу. Окууну бүткөн жылы физматка тапшырып өтпөй калып, аскерге жөнөп кетет.

«Аскер мени чыйралтты, көп нерсеге үйрөндүм, Орусияда кызмат кылган үчүн орусчаны да жакшы өздөштүрүп алдым. Жазгандарымын баары орусча болгондуктан орус грамматикасын да жакшы өздөштүрдүм. Айылда тамекиде иштеп, мал багып жүрүп чоңойгон биз кайдан билмекпиз орусчаны. Баарын ошол аскерден үйрөндүм. Командир жайма-жай айтып берген буйрукту (диктовать эткен приказды) ката жазып албайын деп, түнү менен уктабай орусча китептерди окуп, орусча сөздөр кандай жазылаарын үйрөнчүмүн», – дейт аксакал.

Маектешибиз аскерден келип Фрунзедеги (азыркы Бишкек) Политехникалык окуу жайга өтүп ошол жерде окуп калат, кесиби инженер-механик экен. «Биз окуган кезде политехникалык институт эн күчтүү жогорку жайлардан болчу. Ал кезде жалаң орустар жана еврейлер сабак берчү. Окуудан айдалып кетип элге уят болбоюн, согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры болгон атамды уят кылып, жер каратпайын, деп каттуу окуучумун”, – дейт жаштыгын эскерип аксакал.

Ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет болуп, шаарда калып илимдин артынан түшүүнү көздөп жүргөнү менен, жашы бир топко барып калган атасын ойлоп, дипломун алып айылга кайра келип райондук автобазада инженер болуп эмгек жолун баштайт. 

Абдималик аксакал туугандарынын арасында адилетүүлүгү үчүн абройлуу. Туугандар арасында араздашуу болуп калса да, аксакалга келишет, акыйкат карап калыс болуп берээрине ишенишет.

 Жакындан бери менин да кеңешчим пайда болду деп, күлүп коёт аксакал. «Бир долбоордун арты менен райондун борборуна Оштон бир күчтүү жактоочу келип элге бекер юридикалык кенеш берет. Баарыдыгына билимимдин жетишинче кеп-кеңешимди берем, иштерин бүтүрөм, анан олуттуурак маселе болуп калса, ошол жактоочуну ээрчитип барам» – дейт.

Ошентип, биринин артынан дагы бир иш чыга берет  экен, аксакалдын  жаны тынбайт. «Менин бушайман болгонум азыркы жаштардын сабатсыз болуп баратканы. Кээде өз колу менен арыз жазыш керек болгондо өздөрүнө азыр жаздырсам, бүт эле ката жазышат. 20-25 жаштагы жаш жигиттер ушундай сабатсыз болуп турса ойлонот экенсин. Айтып уяткарып калам, намысына тийип. Жөнөкөй сөздөрдү да ката жаза беришет», – дейт маектешибиз.

Абдималик аксакал саясатты да семичке чаккандай эле чагат экен, анын баарын жазып отурсак сөз жетчүдөй эмес. Байбичеси экөө 7 уул-кызды тарбиялап, өстүрүп эрезеге жеткирип, 14 неберелүү болушуптур. Баары алдыда буюрса али чеберелүү да болобуз байбиче экөөбүз дейт аксакал, буурул баскан сакалын сылап.

«Бала-чака келгенде үйүбүз базар болуп отуруп калабыз, айрыкча неберелер ызы-чуу түшүп кубалашып ойногону сонун. Быйыл жайында 65 жаш курагым менен куттуктап уул-кыздарым келип дачага барып, менин кутман курагымды белгилеп, эс алып отуруп кайттык. Неберелерим мага чакан концерт даярдап келишкен экен, бири ырдайт, экинчиси манас айтып, дагы бири ыр айтып кыргызча, орусча, казакча, англисче», – деп күлүп койду аксакал.

Аксакалдын неберелери келгенде аларга математикадан тапшырма берип, эсепке болгон билим деңгээлин текшерип турмай адаты бар. «Неберелеримен да байкап калам, математикага болгон мендеги шык аларда да бар экенине сүйүнөм», – дейт

Аксакалдын жаштыгынан калган хоббилеринин бири шахмат менен шашки. Достор менен кыштын узун түндөрүн шахмат ойноп таң атырчу экен илгери. Азыр үйдө неберелери менен отуруп шахмат, шашки ойнойт. Чоноюп калган неберелери тең тайлаша ойноп калса, бакчага баргандарына акырындап шахмат менен шашки ойногонду үйрөтөт. «Кезинде балдарым менен ойносом, азыр неберелерим менен ойнойм, кези келгенде чеберелерим менен шахмат ойном, буюрса», – деп жакшы тилек менен сөзүн бүтүрдү аксакал.

P.S. Ылайым ар дайым акыл насаатын айтып турган аталарыбыз бар болсун!

Жылдыз Бекбаева, Ош шаары.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24