KELECHEK
rek

Укук коргоочулар президентти сотко берүүгө ниеттенишүүдө

Укук коргоочулар президентти сотко берүүгө ниеттенишүүдө

Укук коргоочулар мамлекет башчыны сотко берет. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" "Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди. Ал Ак үй алдындагы нааразылык акциясына катышууда.

"Президент бизден расмий түрдө кечирим сурап, айткан сөзүн жокко чыгарбаса, анда биз аны сотко беребиз. "Кылым шамы" 2003-жылдан бери ар кандай жыйындарга мониторинг жүргүзүп келатат. Атамбаевдин бул жолку билдирүүсүн жөн гана айтылып кеткен сөз катары кабыл алып, көңүл бурбай коёлу дегенбиз. Бирок ал сөзү расмий сайтында жарыяланып турат. Демек, бул алдын ала даярдык менен айтылган пикир. Биз ошого нааразы болуп жатабыз", - деди Абдирасулова.

"Элдик парламент" деген жаңы түзүлгөн оппозициялык уюмдун лидерлери өткөн аптада бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен кармалган. Бул уюмдун 12-майда Бишкекте өткөн жыйынына укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилова да катышкан.

14-майда президент Энелер күнүнө карата куттуктоо айтып жатып "Элдик парламенттин" мүчөлөрүн "туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар" деп атап, алардын жыйынына катышкан укук коргоочуларды грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр деп атаган.

Укук коргоочулар бул айтылгандарга нааразылык иретинде президентке кайрылуу жолдоп, кечирим суроону талап кылууда. Алар оппозициянын жыйынына мониторинг кылуу үчүн катышканын айтып жатат.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53