KELECHEK
rek

Могерини: ЕБ Орусияга карата саясатын өзгөртпөйт

Могерини: ЕБ Орусияга карата саясатын өзгөртпөйт

Башка өлкөлөрдөгү аракеттердин өзгөрүү мүмкүндүгүнө карабай, Европа биримдигинин Орусияга карата позициясы мурдагы бойдон калат. Бул тууралуу ЕБнын тышкы саясат мекемесинин башчысы Федерика Могерини билдирди.

Ал Крымдын аннексияланышы жана Украинадагы кырдаалга карата Евробиримдиктин көз карашы өзгөрбөй турганын белгиледи. Бирок террорчулук менен күрөшүү, Ирандын өзөктүк программасы жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдар боюнча маселеде Орусия менен конструктивдүү диалог жүрүүдө.

Өткөн аптада Reuters дипломатиялык чөйрөдөгү булактарына таянып, Евробиримдик Орусияга карата санкцияларды декабрда узартарын билдирген. Агенттиктин маалыматына караганда, дипломаттар АКШ президенти Дональд Трамптын инаугурациясынан кийин санкцияларды узартуу татаалдашы мүмкүн деп тынчсызданышууда.

Буга чейин Евробиримдиктин “кара тизмеси” 157 адамга кеңейген. Анын катарына Орусия тарабынан аннексияланган Крымдан Мамлекеттик думага шайланган депутаттар дагы кирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52