KELECHEK
rek

Хизбутчулардын огуна учкан милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө жардам берилди

Хизбутчулардын огуна учкан милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө жардам берилди

Жалал-Абад облустук милициясынын кызматкерлери кызмат учурунда каза тапкан кесиптеши Мамасадык Турсунбаевдин үй-бүлөсүнө моралдык жана материалдык жардам көрсөтүп кайтышты. Бул тууралуу Жалал-Абад  шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Абдыгапар Айдаров төмөндөгүдөй билдирүү узатты.

“Кесиптешибиз М.Турсунбаев көпчүлүктөн айырмаланып өзгөчө шайыр болчу. Өз кызматына жасаган тактыгынан улам хизбутчуларды кармоо учурунда окко учуп,  каза тапкан. Азыркы учурда анын үй-бүлөсүнөн жакындан кабар алып, жардам көрсөтүү иштерин жүргүзүүдөбүз”, - дейт А.Айдаров.

Кызмат учурунда хизбутчулардын колунан 45 жашында окко учкан М.Турсунбаевдин артында 3 кыз 1 уулу жана жубайы Кимсанкан Турсунбаева калган.

Ал эми үй-бүлө жүгү жана балдардын тарбиясын жалгыз мойнуна алган жубайы Кимсан айым жолдошу каза тапкандан соң бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн айтат.

“Атабыздан эрте ажырап, турмуштун көп соккусуна кабылдым. Балдарды окутуу, багуу, турмушту алып кетүү жалгыз бой аялга оңойго турбайт. Ошого карабастан уул, кыздарымдын баарын жогорку билимдүү кылып окутууга жетиштим. Ал учурда жолдошумдун эмгегин баалаган кесиптештери бизди бир да жолу көңүл сыртында калтырышпады. Ар бир даталуу күндөрдө келип, куран окушуп, бизден кабар алып кетишет”, - дейт маркум М.Турсунбаевдин жубайы.

Ал өз сөзүндө балдары башка кесиптин ээси болуп, атасынын жолун жолдобогонун айтып, учурда дыйканчылык менен күн көрүп жатышканын кошумчалады.

Белгилей кетүүчү жагдай, үстүбүздөгү айдын 21-майында Сузак районунда 96 мектептин катышуусунда өткөрүлчү спорттук иш-чара дал ушул милициянын старшинасы М.Турсунбаевдин жаркын элесине арналып уюштурулмакчы.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18