KELECHEK
rek

Жалал-Абадда кызмат учрунда курман болгон милиция кызматкерлери эскерилүүдө

Жалал-Абадда кызмат учрунда курман болгон милиция кызматкерлери эскерилүүдө

Кыргыз  Республикасынын  ички иштер министри Мелис Турганбевдин буйругунун негизинде 2016-жылдын 15-майынан тарта жыл сайын  “кызмат учурунда милдетин аткарып жатып курман  болгон милиция кызматкерлерин эскерүү күнү” деп жарыяланды. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, буйрукка ылайык Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан курман болгон кызматкерлерди эскерүү күнү белгиленип, алардын  жакындарына моралдык жана  материалдык жардам көрсөтүү иштери жүргүзүлдү.

Анын алкагында, ОИИБнин кызматкерлери 2010-жылдагы июнь коогалаңында  кылмышкерлердин колунан каза тапкан милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдун жана Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө кызмат өтөп жатып, 1998-жылдын 10-августунда кызмат учурунда куралдуу кылмышкерлерди кармоодо каза болгон  кызматкер Анвар Махмадалиевдердин үй-бүлөлөрүнөн кабар алышты.

Бул тууралуу Базар-Коргон РИИБдин башчысынын орун басары Жеңиш Туңгатаров “Кызмат учурунда  курман болгон кесиптештерибизди биздин арабызда эч ким, эч качан унутпайт. Алар биздин жүрөгүбүздө”,-деп билдирип, көз жумган тартип сакчыларынын эрдиги менен басып өткөн жолу  бүгүнкү муунду тарбиялоодо чоң өбөлгө боло тургандыгын белгиледи.

Эске салсак, жогоруда аталган кызматкерлердин ысымдары өздөрү туулуп өскөн айылдагы көчөлөргө ыйгарылган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13