KELECHEK
rek

Өзбекстанда учкучсуз учакты колдонгондор эркинен ажыратылышы мүмкүн

Өзбекстанда учкучсуз учакты колдонгондор эркинен ажыратылышы мүмкүн

Өзбекстанда Кылмыш кодекси менен Административдик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору талкууланууда.

Долбоордо учкучсуз учакты колдонгондорду 15 суткага камоодон тартып 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Өзбекстандын аба мейкиндигин уруксатсыз пайдалангандарга карата административдик да, кылмыш да жоопкерчилигин киргизүү сунушталууда.

Аба мейкиндигин учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен бузгандар 100дөн 200гө чейинки минималдуу айлык акы өлчөмүндө айып пул төлөп, административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Болбосо аппаратты конфискациялоо менен 15 суткага камалышы ыктымал.

Административдик жазага тартылгандан кийин кайрадан эле ушундай мыйзам бузууга барса, ал орточо же оор зыян келтирүү менен коштолсо, айыптуу адам кылмыш жообуна тартылып, эки жылга чейинки түзөтүү иштерине кесилет же үч айга чейин камакка алынат.

2015-жылдын 1-январынан тартып Өзбекстанда учкучсуз учуучу аппараттарды өлкөгө алып кирүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салынган.

WWW

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53