KELECHEK
rek

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө кайрылуусу

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардынжана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү!

Урматтуу аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы № 213 Жарлыгы менен 2016-жылдын 11-декабрына жергиликтүү  кеңештердин депутаттарын шайлоо дайындалды.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Борборшайкому шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү укугун кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестигин эскертет.

Маселен, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” Мыйзамдын 23-беренесинин 1-пунктуна ылайык, шайлоо алдында үгүт иштери бардык талапкерлерди жана талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин башталып, добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда аяктарын эске салабыз.

2016-жылдын 11-декабрында өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн мурда б.а. 2016-жылдын 10-ноябрына чейин аяктайт. Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күн мурда б.а. 2016-жылдын 20-ноябрына чейин аяктайт.

Ошентип, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык шаардык кеңештерге саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлер үгүттөө иш-чараларын 2016-жылдын 11-ноябрынан, айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлер үгүттөө иш-чараларын 2016-жылдын 21-ноябрынан өткөрүүгө укуктуу.

Бардык талапкер үчүн үгүт иштери добуш берүү башталганга чейин 24 саат мурда б.а. 2016-жылдын 10-декабрында саат 08. 00гө чейин аяктайт.

Аталган Мыйзамдын 2-беренесине ылайык “үгүт материалдары - шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыган жана шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жапырт таратуу, элге жарыялоо үчүн арналган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар”.

Ошентип, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялардын жана талапкерлердин “Кыргыз Республикасынын Президентинин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндөгү”  Жарлыгы расмий түрдө жарыялангандан кийин илинген үгүт жана маалымат материалдары Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ушул Кайрылуусу расмий кабыл алынгандан кийин 5 (беш) календардык күндүн ичинде алынууга же демонтаж кылынууга тийиш.

Урматтуу аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!

“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын 28-беренесинин 1,8-пункттарынын негизинде шайлоо комиссиялары шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын көзөмөлдөйт.

Ошондой эле, укук коргоо органдары шайлоо алдындагы жасалма жана мыйзамсыз даярдалган басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын жасоону болтурбоо жана аларды алып коюу боюнча, ошондой эле көрсөтүлгөн материалдарды жасоочуларды жана аларга акы төлөөнүн булактарын белгилөө боюнча шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүүгө тийиш экенин эскертебиз.

Талапкер, саясий партия тарабынан жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө Мыйзамда белгиленген талаптар бузулган учурда тиешелүү шайлоо комиссиясы талапкерге, саясий партияга тартип бузуулар жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүүгө укуктуу экенин эске салабыз.

Талапкер, саясий партия тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн талаптар бир нече жолу бузулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо комиссиясынын сунуштоосу же болбосо өз демилгеси боюнча талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

Урматтуу шайлоо процессинин катышуучулары!

Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы шайлоону мыйзамдарга ылайык өткөрүү максатында шайлоо процессинин бардык катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бекем сактоону жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүүдө өз ара урматтоону жана сабырдуулукту көрсөтүүнү өтүнөт.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган  өзгөртүүлөрдү элге...

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...

Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...

Шайлоо 2016-10-05  15:02

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...

Шайлоо 2016-10-11  16:24

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся...

Шайлоо 2016-10-18  22:01

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей...

Шайлоо 2016-10-26  12:09

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп...

Шайлоо 2016-11-02  03:35

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан...

Шайлоо 2016-11-12  13:24

Утверждены  некоторые положения ЦИК по организации и проведения...

Утверждены некоторые положения ЦИК по организации и проведения...

Вчера, 13 ноября на очередном заседании членами ЦИК  утверждены  следующие положения ЦИК по...

Шайлоо 2016-11-14  01:53