KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарынын жаштары Курманбек баатырдын күмбөзүнө зыярат кылышты

Жалал-Абад шаарынын жаштары Курманбек баатырдын күмбөзүнө зыярат кылышты

Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитети дем алыш күндөрү Сузак районундагы Курманбек айыл өкмөтүнө караштуу Калмак-Кырчын айылында жайгашкан Курманбек баатырдын күмбөзүнө жаштардын экскурсиясын уюштурду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жаштар иштери боюнча шаардык комитеттин төрагасы Байышбек Ташбаевдин айтымында, бул экскурсияга Жалал-Абаддагы педагогикалык колледжинин, Экономика жана ишкердик университетинин эл аралык мамилелер жана туризм факультетинин студенттери, ошондой эле ыктыярчылар барышты. Аларга Курманбек баатыр жана анын күмбөзүнүн тургузулушу, баатырдын эл-жери үчүн күрөшүүдөгү эрдиктери тууралуу кенен  маалыматтар берилди.

- Мындагы негизги максат –жаштарга ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолун, өлкөбүздүн тарыхый жана кооз жайлары менен тааныштыруу аркылуу Мекенге болгон патриоттук сезимдерин күчөтүү болуп саналат. Ал эми экскурсияга чыгуунун өзү туризм тармагында билим алып жаткан студенттер үчүн кесибине ылайык маалыматтарды алышына шарт түзөт, - дейт ал.

Экскурсия учурунда студенттерге Курманбек баатыр жөнүндө кененирээк маалыматтарды Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыргыз жана дүйнөлүк элдер адабияты мугалими Асанбай Жусупбеков айтып берди.

Эскерте кетсек, Сузак районундагы Курманбек баатырдын күмбөзү жана «Курманбек» – кылымдар мурасы» аталган эстелик-комплекси (салтанаттуу дарбаза) Курманбек баатырдын 500 жылдыгы белгиленген 2002-жылы курулуп ачылган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Өткөн кылымдын эң оорчундуу окуясы болгон 1941-1945-жылдардагы Улуу-Ата мекендик согушка Кыргызстандан 363 миң...

ТАРЫХ 2016-05-09  00:45

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Тойгонбай Кошматов атындагы №10 мектеп-гимназиясынын мугалимдери жана...

ТАРЫХ 2016-05-13  11:43

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы ­Ыдырыс-Ата тарыхый комплексинде «2016-ж­ыл – Тарых жана...

ТАРЫХ 2016-06-23  17:49

Индияда Манастын айкели орнотулат

Индияда Манастын айкели орнотулат

Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында «Диалог Евразия» коомдук фонду менен...

ТАРЫХ 2016-06-30  10:55

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия лаваш ЮНЕСКОнун...

ТАРЫХ 2016-07-11  18:07

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк мурастар боюнча...

ТАРЫХ 2016-07-15  13:50

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад Курорту - бальнеологиялык дары баткактуу жана климаттык курорт. Жалал-Абад...

ТАРЫХ 2016-08-06  00:13