KELECHEK
rek

Путин "Патриот" унаасынын эшигин ача албай койду

Путин

Орусия президенти Владимир Путин Ульяновск унаа заводуна барып, ошол жерде чыгарылуучу «Патриот» унаасына түшмөкчү болуп, бирок эшигин ача албай койгон. Аталган унаа Коргоо министрлигинин муктаждыктарына арналган.

"Интерфакс" билдиргендей, Коргоо министрлигинин башкы башкармалыгынын жетекчиси Александр Шевченко Путинге жардамга келген. Бирок ал күчкө салып тарткылай бергендиктен, унаанын эшигинин туткасы үзүлүп кеткен.

“Патриотту” ойлоп тапкандардын айтымында, унааны от алдырганга чейин эшиктери ачылбайт. Путинге болсо бул жөнүндө эскертилбей калган.

Путин бейшембиде аскер өнөр жайы комплексинин өкүлдөрү менен кеңешме өткөргөн. Андан соң, ага УАЗ маркасындагы унаанын аскерий максаттарга колдонууга ылайыкталып жасалган түрүн көрсөтүшкөн. "Патриот" унаасына 12 миллиметрлик пулемет менен танкка каршы гранатомет орнотсо болот.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...