KELECHEK
rek

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге түшүндүрүү үчүн демилгечи топ түзүлдү

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган  өзгөртүүлөрдү элге түшүндүрүү үчүн демилгечи топ түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында Жалал-Абад шаарында демилгечи топ түзүлдү. Бул тууралуу аталган демилгечи топтун мүчөлөрү Аманкул Зулпукаров менен Жеңиш Эрназаров бүгүн, 5-октябрь күнү билдиришти.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө өткөн талкуу жыйынга жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү  катышты. Талкуу жыйында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу Аманкул Зулпукаров 2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган КР Конституциясынын 29 беренесине өзгөртүүлөр киргизилип жаткандыгын айтып, бул боюнча карапайым эл арасында толук маалымат жетпей, кайчы пикирлер пайда болуп жаткандыктан улам демилгечи топ түзүүгө туура келгендигине токтолуп кетти.

- Жакында Жогорку кеңеште КР Конституциясына өзгөртүү киригизүү боюнча референдум өткөрүү жөнүндөгү мыйзам биринчи окууда кабыл алынды. Бул боюнча эл арасында кайчы пикирлер болуп жатат. Мына ушул маселе боюнча өзүбүздүн көз карашыбызды, пикирибизди билдирели деп, сиздер менен жолугуп отурабыз. Эми баарыбызга белгилүү 27-июнь, 2010-жылы жаңы Конституция кабыл алынган. Ошондон бери Конституция иштеп келе жатат, коом өзгөрүп жатат. Ушул Конституциянын айрым мүчүлүш жерлери, ката жерлери бар экендигин сезип, ойлорун айтып жатышат. Бул маселени жалпы Жалал-Абад элине жеткирип коёлу деп келип отурабыз.

Бул Конституциянын чийки жерлери абдан көп экен. Мисалга айта турган болсом, 6-беренеде: “Эл аралык келишимдин ченемдери ошол мамлекетте сөзсүз колдонулат” – деп жазылган. Өзгөртүү киргизилип жаткан жаңы редакциясында:  “мыйзам чегинде, жоболордун негизинде колдонулат” – деп киргизилип жатат. Мен муну туура деп эсептейм. Ал эми 72-беренеде Өкмөткө бир топ артыкчылыктар берилип жатат. Жергиликтүү өз алдын башкаруу органдарынын жетекчилерин, райондун акимдерин Өкмөт башчы өзү кызматка дайындап, өзү кызматтан алат. Ал эми мурун айылдык кеңештин депутаттары чогулуп, анан өздөрүнүн тууган урук, жакын тааныштарын тандашып, администрация башчыларына сунуш беришчү. Эми түз эле өкмөт башчы өзү дайындай турган болууда. Ошол себептен, өкмөт башчыга чоң укук берилип жатат, - дейт А.Зулпукаров.

Демилгечилердин бири Жалал-Абад шаарынын тургуну Жеңиш Эрназаровдун сөзүнө караганда, айыл жеринде карапайым эл референдум боюнча толук маалыматы жок болуп, эмне болуп жатканы боюнча билбей жатышат.

- Эл арасында КР Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча өтө турган референдумга карата эл арасында каршы пикирлер көп болууда. Демилгечи топтун максаты – ушул киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалыматтарды элге жеткирүү болуп саналат. Жерге-жерлерде калкка бул киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча маалыматтар толук жетпей жатат. Ошол себептен, Конституциянын 31-беренесин пайдалануу менен өзүбүз демилге тобун түздүк. Мындан ары калк арасында кеңири маалыматтарды берип, Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн маани-маңызын түшүндүрүп берүүнү көздөп жатабыз. Мага кайрылган элге Конституциянын 41-берененин 2-пукту, 36-берененин 5-пункту боюнча түшүндүрмөлөрдү берип жатам.  Мисалага айта турган болсом, 41-берененин 2-пункутунда: “ар ким бузулган укуктарын коргоо үчүн Эл аралык келишимдерге ылайык, адам укуктары боюнча эл аралык уюмдарга кайрылууга укуктуу” деп жазылган. Ал эми бизде Жогорку соттун чечими даттанууга жатпайт, кайра каралбайт. Эгерде кимдир бирөө жогорку соттун чечимине нааразы болуп, эл аралык уюмдарга кайрылса, анда жогорку соттун чечими өзгөрүүгө дуушар болот. Муну биз Азимжан Аскаровдун мисалында айтып кетсек болот. Биздин оюбузча, биздин көз карандысыздыкка башка мамлекеттин өкүлү, же болбосо эл аралык уюмдун кийлигишүүсү катары түшүнсөк болот, - дейт Ж.Эрназаров.

Демилгечи топ мындан ары Конституциянын 29 беренесине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча атайын адистердин катышуусунда жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин алып барууну көздөп  жатышкандыктарын баса белгилеп кетишти.

Ошондой эле, талкууга катышкандар тарабынан Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн салыштырмалуу вариантын гезитке чыгарып, аны элге бекер таркатуу жагын өкмөт колго алса жакшы болот эле деген ойлор да айтылды.

Анархан Жаңыбаева, "kogart.kg"

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...

Шайлоо 2016-10-11  16:24

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся...

Шайлоо 2016-10-18  22:01

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий...

Шайлоо 2016-10-22  22:19

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей...

Шайлоо 2016-10-26  12:09

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп...

Шайлоо 2016-11-02  03:35

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан...

Шайлоо 2016-11-12  13:24

Утверждены  некоторые положения ЦИК по организации и проведения...

Утверждены некоторые положения ЦИК по организации и проведения...

Вчера, 13 ноября на очередном заседании членами ЦИК  утверждены  следующие положения ЦИК по...

Шайлоо 2016-11-14  01:53