KELECHEK
rek

Тажикстандык укук коргоочу Собир Валиев Кыргызстан элчилигине кайрылуу ниетинде

Тажикстандык укук коргоочу Собир Валиев Кыргызстан элчилигине кайрылуу ниетинде

Тажикстандын «Группа 24» тобунун активистти, укук коргоочу Собир Валиев жакынкы күндөрү Кыргызстан элчилигине кайрылат. Бул тууралуу анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган видео кайрылуусунда айтылат.

Ал учурда Европа өлкөлөрүнүн биринде жүргөнүн билдирген. Кыргыз элчилигине кайрылгандан кийин УКМК ага каршы кылмыш ишин жандандыруу үчүн документтерди жөнөтө алат.

«Бүгүн Кыргызстандын атайын кызматы мага каршы кылмыш ишин жандандырганын билдим. Европа өлкөлөрүндө кыргыз паспорту менен учуп жүрөм, менин шенген визам бар. 2015-жылы мени Молдовада кармашкан, бирок Кыргызстан кылмыш ишин жандандыруу боюнча документти же башка бир доо-талабын жөнөткөн эмес. Буга байланыштуу бул жолку аракеттери менин саясий ишмердүүлүгүмө байланыштуу жасалып жатса керек деп ойлойм. Менимче, бул Тажикстандын өтүнүчү менен болуп жатат», - деди Валиев.

Валиев мындан тышкары Тажикстандын атайын кызматы өзүнүн жана жубайынын өмүрүнө коркунуч жараларын кыйытып, опузалагынын билдирди. Укук коргоочунун аялы учурда Кыргызстанда. Ал катардагы активист жана укук коргоочу экенин кошумчалаган. Анын айтымында, 10 жыл Кыргызстанда эмгектенген. Бизнес менен алектенип, салык төлөп, эч кандай кылмыш жасаган эмес. Тажикстанда «Группа 24» экстремисттик топ катары табылганына токтолгон Собир Валиев Борбор Азия мамлекеттеринде экстремизм түшүнүгүн ажыратып билүү өтө татаал экенин айткан.

УКМК 3-октябрда 2015-жылы Собир Валиевге карата козголгон кылмыш ишин кайра жандантканын кабарлап, ага "мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Валиевдин жубайы Жанета Хамзаева 2-октябрда Бишкекке учуп келген учурда УКМК кызматкерлери тарабынан камакка алынып, кайра бошотулган. Учурда ал күбө катары өтүүдө.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53