KELECHEK
rek

Гүлзат Темирова: “Күйөөмдү өлтүргөндү кармап, сот жоопкерчилигине тартуусун талап кыламын!”

Гүлзат Темирова: “Күйөөмдү өлтүргөндү кармап, сот жоопкерчилигине тартуусун талап кыламын!”

Сузак районунун Курманбек айыл өкмөтүнө караштуу Канжыга айылынын тургуну Гүлзат Темированын күйөөсү Кеңешбек Камбаралиевдин сөөгү 2016-жылдын 5-май күнү Калмак-Кырчын айылынан табылган. Ошондон бери тергөө иши бүтпөй жаткандыгына нааразы болуп маркумдун жакындары бүгүн, 3-октябрь күнү “Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда журналисттер үчүн жыйын өткөрүштү.

Сузак районунун Курманбек айыл өкмөтүнүн Канжыга айылынын тургуну, маркум Кеңешбектин бир тууган агасы Нурдин Камбаралиевдин сөзүнө караганда, 2016-жылдын 1-майында иниси ат издейм деп Калмак-Кырчын айылына чыгып кетип, ал күнү үйүнө кайтып келген эмес. Маркум Кеңешбек Камбаралиевди жакындары 5 күн кошуна турган Көк-Арт, Көк-Көл, Капсагар айылдарынан издешип, бирок таба алышпайт. Ошентип, 5-май күнү Калмак-Кырчын айылынын айдоо жердеги талаадан өлүгүн табышкан.

- Иним Кеңешбектин киши колдуу болгон өлүгүн 5-май күнү таптык. Кеңешбек айдоо жедеги арыкта жалаң аяк, шапкасы менен оозу менен мурдуна кийгизген абалда табылды. Жаткан жеринде мурдунан аккан кан жерге уюп калыптыр. Мен арт жагын ачкан кезде бели көкмөк экен. Муну ошол жердеги бир топ адамдар көрүштү. Өлүктү милиция менен биргеликте Жалал-Абад шаарына соттук медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн алып келдик. Судмедэксперт Мамыт Исмаилов өлүктү союп, керектүү анализдерин алып калды. Бир айдан кийин гана жыйынтыгы чыгат, ошондо гана эмне себептен улам өлгөндүгүн айтам деди. Кийин, А.Асранов деген тергөөчүнүн көзүнчө судмедэксперт М.Исмаилов иним Кеңештин башынан бир топ таяк жеп, киши колдуу болуп өлгөндүгүн айтты. Эми тергөөчү менен сүйлөшө бергиле деген.

Биз сөөктү 6-майда жерге бердик. Ошондон кийин, тергөөчүлөр барып качан, кайсы числодо үйдөн кеткен? Эмне себептен кеткендигин сурай башташты. Анан милициялар инимди “аттан жыгылып гана өлдү, башка эч нерсе болгон жок” деп бизди ишендире башташты. Мен аларга макул, аттан жыгылса анда судмедэксперттин жыйынтыгын күтөлү, ошондо бир жаңсыл болот. Аттан жыгылса, ага да макулбуз. Бирөө өлтүрсө, жазасын алсын дедик. Бизге Рыспек деген бала өлтүрүп коюптур деген маалымат жеткенден кийин,  Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн тергөөчүсү Канболотко, Сузак райондук милиция бөлүмүнө кайрылдык. Облустун прокуроруна да арыз жаздык. Кимдир бирөөнү күнөөлөгүбуз келбейт, бирок иш жүрбөй жаткандыгы бул чындык. Октябрь аймактык милициясындагы тергөөчүлөр ишти создуктуруп жүрүшүп, керексиз адамдарды суракка алып, делону толтурушту. Ал жерде 2 камокчу болгон. Алар ал жерден арак алып ичишкен. Буларга кандайдыр кысым болгонбу, кийин бул эки камокчу көрсөтмө берүүдөн караманча баш тартышты. Алар көргөн числолорун алмаштырып салышты. Бизге 30га жакын адам маркум инимди Рысбек өлтүрүптүр го, силер эмне эч кандай чара колдонбой жүрөсүңөр? – деп кайрылышты. Тергөөчүгө келип, Рыспек дегенди сурадыңарбы? – десек, ал жадагалса тергөөгө да келбептир.

Биздин алдыбызга Рысбектин атасы Сыражидин ажы, Касымали жана бажасы Жеңиш болуп келишип, бир жылкыны союп элчилик менен бул маселени чечели дешти. Эмнеге сүйлөшөбүз? – десек, “бала аралашып калыптыр” деген жоопту Рыспектин 83 жаштагы атасы берди. Болуптур, элчилик менен сүйлөшөлү десеңер, биз ага да макулбуз деп, Октябрь айылына келип, сүйлөштүк. Рыспектин атасы "маркумду көмүүгө кеткен бардык чыгымыңарды биз көтөрүп берели, силер милицияга тосмо арыз жазып бергиле" деп суранышты. Аксакалдар отуруп, кеңешип маркумду көмгөндөн баштап, анын жылдыгына чейинки чыгымды эсептеп чыгышып, 400 миң сомду мусулманчылык жол менен төлөп беришсин деген чечимге келишти. Рысбектин атасынын чөнтөгүндө 200 миң сом акча бар экен, “Нурдин ушул акчаны мен сага беремин, сен мага урук-туугандарыңды көндүрүп, менин доом жок деген тосмо арыз жаздыртып берсең, үка бүттү” – деди. Аксакалдар эсептеп чыккан 400 миң сомдук акчаны ат менен дем алыш күнү үйгө алып барып берем деди. Макул дедим да, бул 400 миң сомду балаңыз аралашып калганы үчүн гана берем деп жатасызбы? – десем, "ооба аралашып калганы үчүн гана берип жатам" деди аксакал. Ушундан кийин, ишенбөөчүлүк пайда болуп калып, биз сүйлөшүүлөрдүн баарын диктафонго жаза баштадык. Биз кичине айылда турабыз, ошол себептен эл арасында “паландын баласы, түкүнчөнү өлтүрүп коюп, ээн-эркин жүрөт го" деген ушак-айыңдар тарай баштады.

Мен аксакалга аралашып калганы үчүн бизге акчанын кереги жок, андан көрө ошол шериктерин айтып берсин дегенбиз. Рысбектин атасы барат да, буларга 400 миң сом берсем, алардын чукуй турган карындаштары бар экен, андан көрө жогору жактагыларды ал акчага кошуп берип, бул ишти басып коюшум керек деген чечимге келет. Бизге убада кылып сүйлөшкөн боюнча акчасын берүүдөн баш тартты. Рыспектин атасы айткандай болгонбу, биздин иш каралбай калып кетти. Арадан 5 ай убакыт өтсө да тергөөчүлөр бир жыйынтыгын чыгарышкан жок. Бизге бир, эки гана билдирүү барды. Кылмыш иши ачылды, бирок ага бирибизди да чакырып, сурап, түшүнүк кат албады. Бул иштин акыйкаттыгына чыгуу үчүн барбаган жерибиз калбады чындыгында. Акыры мусулман болгондон кийин, кичине чындык болуп, жабыр тарткандарды суроо болбой калды. Кайра адам өлтүргөн адамдын укугун коргоп жатышат.

Сураштырып отуруп, акыры элден Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Алмаз Жусупов Рысбектин бир тууган бөлөсү экендигин билдик. Ишти бул баспаганда, ким басат деп элдер сөз кылып жүрүшөт. Ушундан улам, ишенбөөчүлүк пайда болду. Иштин натыйжасы болбоду. Карапайым адамдардын укугун ким коргойт? Иштин акырына чыгып, акты ак, караны кара деп айтыш керек. Баары келип эле акчага такалып жатат. Рысбек акчалуу, малдуу-жандуу бай адам, ал берген акчаны биз бере албайбыз. Мен ушул жерге жол киремди зорго таап келдим. Акыры чындык ачыкка чыгаар бекен деген максат менен силерге кайрылып жатабыз, - дейт Н.Камбаралиев.

Ал эми Сузак районунун Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Алмаз Жусуповдун сөзүнө караганда, Рыспек анын бир тууган бөлөсү болбойт. Эч кимден акча алышкан эмес, тергөө иши мыйзам чегинде эле жүрүп жаткан.

Сузак районунун тургуну Акимжан Бечеловдун айтымына караганда, маркум Кеңешбек Камбаралиевди жерге бергенден кийин, судмэдэкспертизанын корутундусун күтүп жүрүшкөн. Эки айдан кийин, кортундусу чыгып, Октябрь айылына баары чогулушкан. Авасы катары ал аксакал да барган. Ал жерге Рыспектин атасы, апасы жана  91 жана 83 жаштагы аксакалдар элчиликке келишип, эки тарапты элдештирүү үчүн келгенин айтышкан.

- Анан ошол жерге келген Рыспектин атасы Жөкөн деген аксакал ажы киши экен. “Мен анда Ошто элем, биз силер менен элдешели деп келдик. Бардык чыгымды көтөрөлү” деп айтты. Мен ага айттым: Балаңдын катыштыгы жок болсо, эмне үчүн сен элдешесин, эмне үчүн чыгымды көтөрөсүн? Мен 400 миң сом эмес, 4 тыйынды бирөөгө бекерден бекерге бербейм. Карыз болсом берем” деген сөздөрүм записте бар. Уккан эле нерсеге чыгымды көтөрүп, жылкы соёт экенсиңер, демек силер бир нерсенрди жапканы келдиңер? – десем, булар эшикке чыгып, кеңешкени кетишти. Анан алар "балдарды токтотуп тургула, мен балдар менен сүйлөшүп, калган акчаны алып келип берип, ишти жабабыз" – дешти. Болуптур анда, элдешсе элдешип, ишти бүтүрөлү дегенбиз. Бирок, иш ордунан жылган жок. Бизде тууганчылык, таанышчылык деген нерсе кучтүү. Анан ушундай иштерде пагонубузга карабай, ушул жакка берилип кетет экенбиз. Ар бирибиз ишти так алып барганыбызда эмдигиче бул иш чечилет болчу. Биз 400 миң сомду берип койсок, булардын балдарын ким багат? – деп жатышат. Алар тирүү болуп жатпайбы. Ал эми өлгөн Кеңештин 4 баласы калды артында. Аларды ким багат да, ким тарбиялайт?, - деди А.Бечелов.

Ошондой эле, маркумдун бир тууганы Бакытбек Камбаралиев да жогорудагы айтылган сөздөргө кошулуп, тергөө иши 5 айдан бери бүтпөй жаткандыгына нааразычылыгын билдирди. Бул ишти укук коргоо органдары тыкыр көзөмөлгө алып, киши колдуу болуп өлгөн бир тууганы Кеңешти өлтүргөн күнөөлүүлөрдү тез арада таап, кылмыш ишти бүткөрүүсү керектигин өз сөзүндө баса белгилеп кетти.

Ал эми киши колдуу болуп каза болду деген маркум Кеңешбектин аялы Гүлзат Темирова өзүнүн арманын жашырбай журналисттерге ачык айтып, ага орой мамиле жасаган милиция кызматкерлеринин адепсиз жүрүш-турушун да сындап өттү.

- Менин жолдошум эч бир жанга зыяны тийбеген момун эле адам болчу. Каза болгондон кийин милиция кызматкерлери айылда жашаган 80 адамдан анын кандай адам экендигин сурашканда, баарысы тең анын жакшы адам болгондугун айтышыптыр. Эксперттин жыйынтыгын күтпөй туруп, тергөөчүлөр биринчи күндөн баштап эле, “күйөөң аттан жыгылып өлдү” – деген маалыматты  кармап туруп алышты. Мен алардын бул айткандарына ишене албадым. Себеби, өлүктү караганыбызда башы шишип, көзү көгөрүп, өлүк табылган жердеги бут кийимдери кургак болчу. Аттан жыгылса, колу, же буту сынып кетмек да. Киши колдуу болуп өлгөндүгүн судмедэкспертиза да аныктап, корутунду чыгарып берди. Рыспектин жакындары келип, тосмо арыз жазып бер дегенде да, мен тосмо арыз жазып берүүдөн баш тартканмын. Мен алардан акча сураган эмесмин. Балдарынын чоңу 9-класста, кичинеси 3 жашар болуп, 4 балам атасынан айрылып жетим калды. Акырында айтаарым, күйөөмдү өлтүргөндү таап, сот алдында жазага тартып беришин жана ушул ишти жабууга кызыктар болгон бардык кызматкерлерди кызмат ордунан кетүүсүн Ички иштер министринен талап кыламын!, - деди Г.Темирова.

Маалымат жыйынга Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери да катышып отурушту. Мына ушул айтыллган сөздөргө терең маани берип, маркум Кеңешбек Камбаралиевдин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иштин жыйынтыгын чыгарып, жабырлануучулардын койгон талаптарын орундатат деген ойдобуз.

Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24