KELECHEK
rek

«Нормандия төрттүгүнүн» Берлиндеги сүйлөшүүлөрү аягына чыкты

«Нормандия төрттүгүнүн» Берлиндеги сүйлөшүүлөрү аягына чыкты

Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин «Нормандия төрттүгүнүн» ТИМ башчыларынын Берлиндеги жолугушуусунда Орусия менен орток пикирге келишпегендигин билдирди. Донбасста шайлоо өткөрүү - талкууга алынган негизги маселелердин бири болчу.

Климкиндин айтымында, Орусия шайлоо мыйзамдары боюнча өз вариантын сунуштаган. «Биз украин мыйзамдарын өзүбүз эле даярдап алабыз, бизге эч кандай кеңештердин кереги жок”, - деп баса белгиледи ал. Ошондой эле расмий Киев үчүн Донбасстагы жергиликтүү шайлоону жетектөө принципиалдуу маселе экендигин кошумчалады.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо бир катар шарт аткарылмайын Донбасста шайлоо өткөрүү мүмкүн эместигин билдирди. Анын пикиринде, шайлоо жөнүндөгү мыйзамды Донецк жана Луганск менен макулдашып, кабыл алуу зарыл. «Ошондой эле мунапыссыз эч кандай шайлоо болушу мүмкүн эмес”, - деди С.Лавров.

Берлиндеги жолугушуунун алдында германиялык министр Франк-Вальтер Штайнмайер Украинанын чыгышында жергиликтүү шайлоону өткөрүү жөнүндө келишимди илгерилеткенге аракет кыла тургандыгын билдирген. Өзгөчө бул жикчилдер көзөмөлдөгөн райондорго тиешелүү. Бул иш Евробиримдиктин Москвага каршы июлдун аягына чейин киргизген санкцияларынын мөөнөтү аягына чыга электе аткарылышы керек.

Штайнмайер айткандай, ок атышпоо жөнүндө Минск келишимин ишке ашыруу жараяны, шайлоого байланыштуу саясий маселелерди чечүү иши “үлүлдүн кадамындай” ылдамдыкта илгерилеп жатат.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52