KELECHEK
rek

Өлкөдө ири уюлдук оператор үчүн инвестор табылбады

Өлкөдө ири уюлдук оператор үчүн инвестор табылбады

Баштапкы баасы 300 миллион доллар болгон «Альфа Телеком» жабык акционердик коомун сатуу боюнча аукцион эч ким арыз бербегендиктен  өтпөй калды. Бийлик аталган операторду сатуудан түшкөн каражатка Балыкчы-Корумду жолунун реконструкциясын аягына чыгарууга ниеттенип жаткан.

Өкмөт аукцион жөнүндө февралдын башында эле жарыялаган. Үч ай ичинде бир дагы арыз түшкөн эмес. Бийликтин мындан аркы кадамы кандай болору азырынча айтыла элек. Ал ортодо мамлекеттик мүлк менен стратегиялык ишканаларды жеке менчикке сатуунун максатка ылайыктуулугу коомчулукта кызуу талаш-тартышты жаратууда.

Мекемелер аралык комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов кайрадан аукционго коюлабы же жокпу деген маселе карала электигин билдирди.

Ал өзү компаниянын наркын арзандатып, тезирээк сатып жиберүүнү колдойт:

- Мен башынан эле операторду жеке менчикке сатууга каршы болчумун. Бирок WhatsApp сындуу технологиялардын өнүгүшү менен уюлдук компаниялардын кирешеси күн санап азая баштайт. Эгер болочок инвестор 3-5 жылда салынган кирешени актай албаса, компанияга эч ким кызыкпай калат. Ошон үчүн биз компанияны тезирээк сатып жиберишибиз керек. Бирок азыркы баа менен аны эч ким албайт.

Аукционго жооптуу делген Мамлекеттик мүлк фонду дооматтар боюнча азырынча комментарий берүүдөн баш тартып жатат. Компаниянын 2,5 миллиондон ашуун абоненти бар.

Ал арада коомчулукта аукцион өткөрүүгө жооптуу аткаминерлер сатып алууга кызыкдар кардарлар менен жең ичинен сүйлөшүп алган, биринчи аукционду атайылап үзгүлтүккө учуратып, баасын төмөндөткөнү жатат деген да жоромолдор айтыла баштады.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38