KELECHEK

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык сактоо» USAID долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат. Бүгүнкү күндө милдеттүү ооруканага жаткыруудан амбулатордук дарылоого өтүүнүн натыйжасында жана жаңы диагностикалык технологияларды колдонуу менен кургак учукка каршы жардам көрсөтүүдө кыйла жетишкендиктер жөнүндө сөз кылса болот. Анын натыйжасында чыгымдар кыскарып, инфекция жуктуруу деңгээли төмөндөдү жана пациенттин жайлуулугу жакшырытылды.

Жогоруда аталган долбоордун ишке киргизилиши менен кургак учукка каршы күрөшүү жаатында кандай иштер аткарылып жаткандыгы боюнча «Кургак учукту жеңебиз» USAID долбоорунун адвокация, коммуникация жана социалдык мобилизация боюнча адиси Ибраимова Чолпон Таласбаевна биздин бир нече суроолорубузга жооп берди.

- Чолпон Таласбаевна, азыркы учурда өлкөдө кургак учук боюнча эпидемиологиялык кырдаал кандай абалда? Мына ушул көйгөй тууралуу айтып берсеңиз?

- Кыргыз Республикасында кургак учук саламаттык сактоонун бирден бир көйгөйү бойдон кала берүүдө. Өлкөдө кургак учук боюнча эпидемиологиялык кырдаал начар абалда экенине карабастан,  дартка чалдыгуу жана өлүмдүн көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшү жагымсыз абалда. Өзгөчө кургак учуктун дары-дармектерге туруктуу түрүнө чалдыгуунун өсүп баратышы тынчсыздандырат. Аталган кырдаал ар кандай факторлор менен шартталып, оорунун начар менеджментин чагылдырып турат, ошондой эле үзгүлтүк  дарылануунун кесепеттери жөнүндө пациенттердин маалыматы жетишсиз болушу, кургак учук менен ооругандарды социалдык колдоо начар болуп жаткандыгын көрсөтүүдө.

Бир катар изилдөөлөр көрсөткөндөй,  медициналык кызматкердин, кургак учук менен ооруган бейтаптын, анын үй-бүлөсүнүн жана айланадагы адамдардын, ошондой эле жалпысынан коомдун биргелешкен жана макулдашылган аракеттеринин аркасында гана өлкөдөгү кургак учукка чалдыгууларды жана өлүмдөрдү төмөндөтүшү мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Улуттук фтизиатрия борбору «Кургак учукту жеңебиз» USAID долобоору менен биргеликте Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарынын негизинде кургак учук боюнча негизги кайрылууларды иштеп чыгышты. Алар оорунун өтүшү боюнча негизги түшүнүктөр, ооруга карата болгон мамиле, дарылануу керектиги жана аны алдын алуу жөнүндөгү жалпы түшүнүктөрдү жакшыртууга көмөктөшүп, калктын маалымдуулугун көтөрүүгө жардам берет. Бул - калкка, өзгөчө кургак учук менен ооругандардын жанында бирге болгондордун жана аларга дарыланууну баштаган учурунда же токтотуп салуусунда, дарыланып жүргөн учурунда медициналык кызматкерлерге баруудан баш тартуусунда, өз оорусун жашырып же айланасындагы адамдар тарабынан басмырлоону баштарынан кечиргендерге карай кайрылуу кабыл алынган.

- Кургак учук боюнча ар бир адам жана коомчулук билүүгө укутуу болгон кайрылуу боюнча маалымат бере кетсеңиз?

- Ооба, ар бир адам жана коомчулук билүүгө укуктуу болгон кайрылуу кабыл алынган. Кургак учуктан айыкса жана анын алдын алса болот. Дарылануунун бардык шарттарын сактаган учурда гана кургак учуктан айыктырууга  мүмкүн. Эгерде симптомдор пайда болгондон кийин тезирээк текшерүүдөн өтүп, шайкеш (туура) дарылоону баштаса, кургак учукту жуктурубай сактанып калса болот.

Шайкеш дарылоо кургак учукка каршы препараттардын бардык комплексин бейтап алгандыгын билдирет. Аларды оорулуу адам медициналык кызматкердин же коомдук жардамчынын байкоосу алдында алат, дозалардын бирин да калтырбайт жана дарылоонун толук курсун бүтүрөт.

Кургак учук – бул кургак учуктун микробактерияларынан келип чыккан инфекциялык оору жана, эгер бейтап адам дарыланбай турган болсо, ооруган адамдан дени соо адамга жугат.  Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал.  Кургак учук – бул  КАРГЫШ эмес, ТУКУМ КУУБАЙТ жана аны ӨКҮМ деп кабыл алууга болбойт!

Оорунун козгогучу болуп кургак учуктун микобактериялары саналат. Туруштук бере албаган (иммунитети начар) адам кургак учуктун микробактерияларын камтыган майда тамчыларды аба аркалуу чүчкүргөндө, жөтөлгөндө жана сүйлөшкөндө бөлүп чыгарган оорулуу адам менен түз контактта болгондо кургак учукту жуктуруп алышы мүмкүн. Кургак учуктун микобактериялары тышкы чөйрөнүн таасирине туруктуу болуп, абада узакка чейин тирүү бойдон сактала берет. Адам ошол абаны дем алганда жуктуруп алышы ыктымал. Кургак учуктун микобактериялары  көбүн эсе өпкөнү жабыркатат.

- Адам кургак учук менен ооруп калганда алгач кандай белгилерин байкоого болот?

- Эки аптадан ашык жөтөлүү, түн ичинде тердөө, температуранын көтөрүлүшү, салмактын азайышы, алсыздык жана чарчоо сымал белгилер пайда боло баштаса – өпкөнүн кургак учугун болтурбоо үчүн дароо үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу зарыл.

Өпкөнүн кургак учугу башында жалпы ооруксунуу, температуранын көтөрүлүшү, баш оору, тердөө, өзгөчө түнкүсүн, эмгекке жөндөмүнүн төмөндөшү, табиттин жоктугу  менен билинет. Дененин температурасы 37-37,5°С болуп  жана өзгөчө түнкүсүн көтөрүлөт. Оорунун өрчүп кеткен кеч стадияларында кан түкүрүү, көкүрөктүн ооруганы кошулат. Өпкө кургак учугунун негизги белгиси - узак (2 апта жана андан ашык) жөтөл болот.

Ооруп калган адам айланадагыларга, үйүндөгүлөр менен жакындарына ооруну жуктура турган булак катарында өзгөчө коркунуч туудурат. Мына ошондуктан ар бир адам кургак учуктун симптомдорун билүүсү керек жана алар пайда болоору менен токтоосуз дарыгерге кайрылуусу зарыл.

- Кургак учуктан канткенде ийгиликтүү сакайып кетүүгө болот?

- Кургак учуктан ийгиликтүү дарылануунун кепили -  заманбап диагностика  жана эртелеп дарыланууга киришүү. Кургак учуктун белгилери байкалган учурда дароо үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылуу зарыл.

Кургак учукту  аныктоого какырыкты изилдөө жана өпкөнүн флюорографиясы (же өпкөнүн рентгени) кирет. Кыргызстанда кургак учуктун диагностикасынын бардык заманбап ыкмалары бар. Эрте байкалган учурда айыгып кетүүгө, айланадагыларга жуктурууну азайтууга жана кадимки жашоосуна тез кайтууга  мүмкүнчүлүк артат. Эгерде Сиз өзүңүздөн же жакындарыңыздан кургак учуктун белгилерин байкаган болсоңуз, дароо жакынкы үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна (ҮДТ/ФАП), фельдшердик- акушердик пунктуна же үй-бүлөлүк медицина борборуна,  жалпы дарыгерлик практика борборуна (ҮМБ/ЖДПБ) кайрылуусу зарыл.

Кыргыз Республикасында кургак учукту дарылоо жана диагностикалоо акысыз жүргүзүлөт. Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык, кургак учук менен ооругандар медициналык көрсөткүчтөрү боюнча жеңилдик алуучу категорияга киришет.

Медициналык кызматтарды алуу үчүн: үй-бүлөлүк медицина борборуна же үй-бүлөлүк дарыгерлердин топторунакатталып жазылуусу зарыл. Аларды күбөлөндүргөн жана жашаган жерин көрсөткөн документтерге ылайык жасоого болот.  Туруктуу жашаган жери жок ички мигранттар тиешелүү маалымкаттары болсо катталып жазылат.  Текшерилүүгө же ооруканага жаткырууга жолдомосу болушу керек.

Кургак учукка каршы ооруканаларда жана бөлүмдөрдө, ҮМБ/ЖДПБ жана ҮДТ/ФАПтарда кургак учук менен ооругандар дарыгерлердин консультациясын алышат, лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөрдү жана кургак учукка каршы дары–дармектерди акысыз алышат.  

Эгерде оорулуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган болсо (иштегендер, пенсионерлер, социалдык жөлөк пул алгандар, он алты жашка жете элек балдар, баштапкы кесиптик окуу жайлардын окуучулары, жыйырма бир жашка жете элек орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери, ММК төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөндөр жана ММК Полисин сатып алгандар) анда алар Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун Кошумча программасы боюнча дары-дармектер менен жеңилдетилген шартта камсыз болуу укугуна ээ.

Ошондой эле кургак учуктан майыптык тобу бар адамдарга социалдык жөлөкпул алуу укугу берилет.

- Кургак учукту дарылоо канча убакытка созулат?

- Кургак учуктан айыгып кетүү үчүн, сөзсүз медициналык кызматкердин жана коомдук жардамчынын көзөмөлү алдында кургак учукка каршы дарыларды толук дарылоонун курсу аяктамайынча үзгүлтүксүз алуусу зарыл. Кургак учукту дарылоо 6 айдан кем эмес убакытка созулат.

Кадимки (сезгич) кургак учук менен ооругандарды дарылоо орто эсеп менен 6-8 айды түзөт жана кургак учукка каршы дары-дармектерди үзгүлтүксүз алуудан турат. Оорулуу бир нече ай ичинде алып турган күнүгө ичүүчү бардык препараттар бактерияларга ар башкача таасир берет жана аларды чогуу колдонгондо гана максатка жеткирип, аны биротоло жок кылат. Дарылоону үзгүлтүккө алып келген же медикаменттерди алууну өткөрүп жиберген учурда, кургак учук бактерияларынын дары-дармектерге көнүп калуу жана аны айыктырууга оор болгон туруктуу формасына айланып кетүү коркунучу пайда болот.

- Дарылоонун эрежесин бузуу эмнеге алып келет?

- Дарылоонун эрежесин бузуу кургак учуктун оор формасына – дарыга туруктуу кургак учуктун (ДТ КУ) калыптанышына алып келет, аны дарылоо узакка созулат жана өтө татаал.

Туруктуу кургак учук узак, оор жана кымбат дарылоону талап кылат. Эгерде сезгич кургак учукту дарылоо 6-8 айга созулса, дарыларга  туруктуу формасы – 2 жылга чейин убакытты ээлейт. Практика көрсөтүп тургандай, кургак учукту узак дарылоого байланыштуу  бир-эки айдан кийин бейтаптарда 40% дарылануу ниети төмөндөп кетет.  Ал убакытка чейин бейтаптын абалы дээрлик жакшырат жана албетте анын дарыларды ичүү мотивациясы төмөндөп кетет. Кургак учуктун дарыга туруктуулугунан айыгыш үчүн сөзсүз медициналык кызматкердин жана коомдук жардамчынын көзөмөлү алдында, кургак учукка каршы дары-дармектерди үзгүлтүксүз, дарылоо курсу аяктаганга чейин алуу зарыл.

- Кургак учукту амбулатордук тартипте дарылоого болобу?

- Кургак учукту амбулатордук дарылоо оорулуунун күндөлүк жашоосун бузбайт, аны коомдон четтетпейт жана оорукана ичиндеги жугуу тобокелчилигин төмөндөтөт.

Кыргыз Республикасында кургак учукту дарылоо тарыхындагы бир нече жылдар ичинде жатып дарылануунун милдеттүү практикасы түзүлүп калган.  Анткени ошону менен бейтап контактта болгон адамдарга дартты жугузуу коркунучу аз болот жана стационарда амбулаториялык шартка караганда,  дарылоону токтотуу мүмкүндүгү азыраак деген божомол үстөмдүк кылган.

Дүйнөлүк практикада амбулатордук дарылоо эбак эле кеңири колдонулат жана оор болбогон кургак учукта артыкчылыктуу ыкма катары каралат. Бейтап мында ооруканага жаткырылбайт жана дары-дармектерди жакынкы белгиленген пункттан барып алса болот. Амбулатордук шартта дарылоонун артыкчылыгы - оорукана ичиндеги кайчылаш жугузууну жана оорукана ичиндеги кургак учуктун дарыга туруктуу түрү менен ооруп калуу мүмкүндүгү четке кагылат. Андан сырткары, ооруканада узак жатуу оорулууну кош көңүл, пассивдүү, кайдыгер кылып, тез дарыланууга кызыгуусун басаңдатат.

Дарылана баштагандан тартып кургак учук менен ооругандардын көпчүлүгү жугуштуу болушпайт жана кадимки жашоосун өткөрө берсе болот. 

Заманбап кургак учукка каршы дары-дармектер менен өз маалында башталган дарылоо, 2 апта ичинде, дээрлик бактериянын бөлүп чыгаруусун толук токтотууга жетиштирет жана айланасындагы адамдар үчүн бейтап коркунуч туудурбай калат.  Негизги коркунучту бейтап, аны менен контактта болгондорго,  ооруну аныктап, дарылоону баштаганга чейин туудурат. 

- ВИЧ менен жашагандар кургак учукту жуктуруп алышса, алардын айыгып кетүүсү мүмкүнбү?  

- ВИЧ инфекциянын жана кургак учуктун айкалышы өтө жагымсыз көрүнүш жана оорунун өрчүп кетишин ылдамдатышы мүмкүн. ВИЧ менен жашагандардын кургак учугу медициналык кызматкердин көзөмөлү астында шайкеш дарылоо жүргүзүлгөндө гана айыгып кетиши мүмкүн.

ВИЧ жуктуруп алган адамдардын 30 пайызына кургак учук оорусу кошо жуккан.  КУ/ВИЧ кош инфекция оор өтөт жана аны дарылоо жана алдын алуу үчүн көп аракеттер талап кылынат. Сапаттуу жеткиликтүү жардам жана сөзсүз биргелешкен иш аракеттер анын натыйжалуулугун көтөрөт жана кургак учук менен ооругандардын арасында ВИЧ инфекциянын таасирин жеңилдетет.

Кургак учуктун белгилери жана симптомдорун эрте байкоо, андан соң кургак учук диагнозун аныктоодон кийин ВИЧ менен жашап жүргөн адамдарды токтоосуз тез дарылоого өткөн учурда айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүн көбөйтүп, жашоонун сапатын жакшыртып жана коомго кургак учуктун таркашын кыскартат. ВИЧ менен жашаган адамдар 2 аптадан ашуун жөтөлгө, температуранын көтөрүлүшүнө, салмактын түшкөнүнө жана түн ичинде тердөөгө окшогон симптомдоруна даттанганда мүмкүн болушунча тез  кургак учукка текшерилүүсү керек.

- Коомчулук арасында кургак учук менен ооругандарды басмырлоо көп кездешет. Мына ушул басмырлоону токтотуу боюнча бул багытта кандай иш аракеттер журүп жатат?

- Кургак учук менен ооругандарды басмырлоо жана стигмага туштуктуруу («сен кургак учук менен ооруйсуң деген мөөр тагуу») дартты аныктоону жана дарылоону татаалдаштырат. Бейтаптын жана анын айланасындагы адамдардын маалымдуулугу кургак учуктан тез арылууга жардам берет. Бул ишке медициналык жана социалдык кызматкерлер, Айылдык ден соолук комитеттери, диний лидерлер, кургак учук менен ооругандарды колдоо топтору, коомдук жардамчылар тартылган.  

Стигма – бул бирөө жөнүндө же бир нерсе жөнүндө жагымсыз пикирлер. Басмырлоо — бул адам же адамдардын тобуна болгон көөдөнгө сиңип кеткен кесир мамиле.

Стигма болгон жерде, басмырлоо пайда болот. Стигма менен басмырлоо бири бирин күчөтүшүп, бирине бири байланыштуу. Кургак учукка байланышкан стигма жана басмырлоо оорунун таркалышын токтотуу жолундагы олуттуу тоскоолдук болуп саналат. Алар кургак учук инфекциясын таркатууга шарт түзөт, ушул ооруну аныктоо жана дарылоо үчүн олуттуу тоскоолдуктарды жаратат. Стигма көптөгөн факторлого, ырым-жырымга ишенүүгө, ооруну түшүнбөөгө, кургак учуктун жугуу жолун туура эмес элестетүүгө, дарылануу жана айыгуу мүмкүндүгү жөнүндө туура эмес түшүнүктөргө  таянат.

Албетте, «кургак учук» деген диагноз адамды белгилүү бир убакытка чейин жашоосун аңтарып чыгууга мажбурлайт. Бирок өз күчүнө ишенген жана айланадагы адамдардын колдоосун сезген адам гана дарыланууга карай туура мамилени  кабыл алууга жөндөмдүү. Кургак учук менен ооруган адам үй-бүлөнүн,  айланадагы адамдардын жана чөйрөдөгүлөрдүн камкордугуна жана көңүлүнө муктаж.

2013-жылдан тарта Кыргыз Республикасында кургак учук менен ооругандарды колдоочу топтор түзүлгөн. Алар дарыланууда психологиялык жактан колдоо жана анын ийгиликтүү аяктоосуна, ошондой эле стигма жана басмырлоону төмөндөтүүгө  жетишүү максатын алдына койгон. Колдоо көрсөтүү топторунда бейтаптар өзүнө окшогон адамдардан ар тараптуу маалыматтарды алышат, үзгүлтүккө учуратуу жана создуктуруудан эмне келип чыгаарын түшүнүшөт. Ошентип, аларда дарылануу курсун аяктоого ынтызарлыгы артат. Колдоо көрсөтүү топторуна барып жүргөн бейтаптардын 90 пайызы оорудан толук айыгып кеткендигин турмуштук тажрыйба көрсөттү.

Ошондой эле медициналык жана социалдык кызматкерлер, айылдык ден-соолук комитеттери, диний лидерлер, коомдук жардамчылар бейтаптардын дарылануусун аяктоого, дарыларды үзгүлтүксүз алууга жана кургак учуктан айыгуу үчүн үзгүлтүккө учуратпай дарыланууга жардам беришет.   

- Кургак учукту канткенде бирге жеңе алабыз?

- Кургак учукту бирге жеңебиз! Кургак учукту мыктылап алдын алуу жана көзөмөлдөөдө саламаттык сактоо системасы, өкмөт, жергиликтүү коомдоштор жана коомчулуктун аракеттерин бириктирүү керек.

Кургак учук – адамдын жашоо-турмушунун бардык жактарын камтыган социалдык жана экономикалык жактан көз каранды дарт. Кургак учукту жалгыз жеңүүгө болбойт. Аны алдын алуу жана дарылоодо абдан көп катышуучулар: бейтаптар жана медициналык кызматкерлерден баштап колдоо көрсөтүүчү топтор, жергиликтүү коомдоштор жана чечим кабыл алуучу адамдарга чейин тартылган. Кургак учукту жеңүүгө жана биргеликте аткарып жаткан иштерде ийгиликке жана натыйжаларга жетишүүгө, баардык аракеттер мыкты макулдашылып, пландаштырылып жана  бүткүл жумшаган күчтөрүбүз төп келиши керек.

- Чолпон Таласбаевна, кызыктуу маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Анархан Жаңыбаева, «kogart.kg».

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Уран калдыктары көмүлгөн жерлердин учурдагы абалы кандай? (ФОТО)

Уран калдыктары көмүлгөн жерлердин учурдагы абалы кандай? (ФОТО)

Жалал-Абад облусунун аймагындагы Майлуу-Суу шаарында, Чаткал районунун Шекафтар жана Сумсар...

ИНТЕРВЬЮ 2018-07-06  16:21

Кыргызстанда кичи ГЭСтерди өнүктүрүү керек (ФОТО)

Кыргызстанда кичи ГЭСтерди өнүктүрүү керек (ФОТО)

Дүйнө жүзүндө элдин санынын өскөндүгү, өндүрүштүн көбөйгөндүгү, аба-ырайынын кескин түрдө...

ИНТЕРВЬЮ 2018-06-18  01:16

Закиров Абдулазиз кары: “Орозо бизди сабырдуулукка үйрөтөт”

Закиров Абдулазиз кары: “Орозо бизди сабырдуулукка үйрөтөт”

Кыргызстандын калкынын 90 пайызы Ислам динин карманышат. Мына ушул Ислам динин карманган мусулмандар...

ИНТЕРВЬЮ 2018-05-11  14:00

САПАР ИСАКОВДУН АЯШ АТАСЫ ЭМНЕ ДЕЙТ?

САПАР ИСАКОВДУН АЯШ АТАСЫ ЭМНЕ ДЕЙТ?

Айтылуу “Тапанча балбан” каймана аты бар кыргыздын белгилүү балбаны, улуттук күрөш боюнча...

ИНТЕРВЬЮ 2018-01-08  14:55

Өкүл Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ: Жалал-Абадда быйылкы жылдын алты айында 34...

Өкүл Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ: Жалал-Абадда быйылкы жылдын алты айында 34...

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыбалдиев Кыянбек...

ИНТЕРВЬЮ 2017-07-29  02:13

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу...

ИНТЕРВЬЮ 2017-06-18  12:38

С.Сатыбалдиев: “

С.Сатыбалдиев: “"Коррупциялык мүнөздөгү 80 кылмыш иши козголду"

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Сатыбалдиев Сүйүнбек Маматович 2016-жылдын 6...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-19  14:33