KELECHEK
rek

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы жаштардын спорттук акциясы өттү

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы  жаштардын  спорттук акциясы  өттү

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси менен «Дени сак жаштар – ден сак өлкө»  чакырыгы алдында жаштар арасында атайын спорттук акция өткөрүлдү. 

Аталган акциянын катышуучулары болушкан жаштар марафонунун катышуучулары   айтылуу мисте токоюна курчалган «Жалал-Абад» санаториясынан баштап,  шаардагы борбордук «Эркиндик» аянтына чейинки аралыкка марафондук чуркоо мелдешин өткөрүштү.  

Сергек жашоого үндөгөн марафондук чуркоонунун катышуучулары болочок эненин  боюна түйүлдүк бүткөндөн баштап,   2 жашка чейинки наристелерди туура тамактандыруу, дегеле жаштарга туура тамактандыруу боюнча шаардыктарга жана ата-энелерге кошумча маалыматтарды таратууну өзүнүн негизги милдеттери катары кабыл алышты.

Жалал-Абад шаарындагы атайын жана жогорку окуу жайларынын стдуденттери катышкан 4,5 км. марафондук жарыш аягына чыккан соң шаардагы борбордук «Эркиндик» аянтында акцияны өткөрүүгө арналган жыйын болуп өттү. Анда акциянын катышуучуларын Жалал-Абад шаардык мэриясынын бөлүм башчысы  Гулина Базаркулова акциянын өтүүсү менен жаштарды куттуктады.

Ал эми SPRING долбоорунун координатору Аида Шамбетова туура тамактануунун мааниси тууралуу жаштарга кенен маалымат берди. Ачыгын айтканда, түйүлдүк  эненин боюна бүткөндөн тартып, ымыркай 2 жашка чыкканга чейинки мөөнөттө  наристелерди туура тамактандыруу боюнча болочок энелерге жана балдарын тарбиялап өстүрүп жатышкан энелерге ден соолугу  чың  наристелерди тарбиялап өстүрүү боюнча көптөгөн пайдалуу кеп- кеңештер жана сунуштар  берилди. «Дени сак жаштар – дени сак өлкө»  спорттук акциясын өткөрүүгө  SPRIHG долбоору  өзүнүн демөөрчүлүк жардамын көрсөттү.

«Дени сак жаштар – дени сак өлкө» акциясынын катышуучулары болушкан Жалал-Абад шаарындагы атайын жана ЖОЖдордун студенттери  4,5 км. марафондук чуркоо, аркан тартмай, жаздык урмай, колду бүгүп-түзөтүү, олтуруп турмай жана ордунан узундукка  секирүү  мелдештери боюнча күчтөрүн сынашты. Байгелүү орундарды камсыз кылышкан жаштарга атайын баалуу белектер тапшырылды.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад шаары. 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20

Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп...

Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп...

Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 71 жылдык маарекесине карата үстүбүздөгү жылдын 7-май күнү Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-09  01:23