KELECHEK

С.Сатыбалдиев: “"Коррупциялык мүнөздөгү 80 кылмыш иши козголду"

С.Сатыбалдиев: “

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Сатыбалдиев Сүйүнбек Маматович 2016-жылдын 6 айында облустук  прокуратура органдары тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү багытында аткарылган иштери боюнча биздин суроолорубузга жоопторду берди.

- Сүйүн Маматович, облустук прокуратура органдары тарабынан үстүбүздөгү жылдын 6 айында коррупцияга каршы аракеттенүү багыты боюнча кандай иштер аткарылды?

- Жалал-Абад облусунун  прокуратура органдары 2016-жылдын 1-жарым жылдыгында коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багыты боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде, КР Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы “КР антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндөгү” 26 сандуу Жарлыгынын жана КР Коргоо Кеңешинин 2012-жылдын 30-январындагы "Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө" чечиминин, ошондой эле КР Башкы прокуратурасынын коллегиясынын чечимдеринин негизинде иш алып барылды.

Мындан сырткары,  2013-2017-жылдарда Кыргыз Республикасын  туруктуу өнүктүрүү стратегиясында көрсөтүлгөн милдеттерге   ылайык иштер жүргүзүлдү.

Жалал-Абад облусунун  прокуратура органдары тарабынан 2016-жылдын 1-жарым жылдыгында коррупцияга каршы аракеттенүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен 219 текшерүү жүргүзүлдү, бул өткөн жылга караганда 16га,  же 7,8 пайызга көп болду.

Ал эми мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багыты боюнча аткарган ишмердүүлүгү жөнүндө токтолсом,  биринчи жарым жылдыкта  облустун прокуратура органдары тарабынан аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүндөгү мыйзамдуулукка көзөмөл жүргүзүү багыты боюнча баардыгы болуп, 745 (771) текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 1166 прокурордук актылар келтирилген.

Анын ичинен жер мыйзамынын аткарылышы боюнча 217, жарандардын социалдык укуктарын коргоо боюнча 107, менчик мыйзамдары боюнча 90, жарандарын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамынын аткарылышы боюнча 218, ишкердикти коргоо мыйзамдарынын аткарылышы боюнча 23, улуттар аралык касташууга жана  диний экстремизмге каршы күрөшүү мыйзамдары боюнча 29, салык мыйзамдарынын аткарылышы боюнча 23, мамлекеттик органдардын администрациялык ишмердүүлүгү боюнча 34, экология тармагындагы мыйзамдардын аткарылышы боюнча 31, эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө мыйзамдын аткарылышы боюнча 22, баңги заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө мыйзамдардын аткарылышы боюнча 16, башка мыйзамдар боюнча 353 прокурордук актылар киргизилген.

2016-жылдын ичинде мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү багытында 41 кылмыш иши козголгон. козголгон кылмыш иштери боюнча аныкталган  зыяндын өлчөмү 8871624 сомду түзөт. Тергөөнүн жыйынтыгы менен 1141184 сомдук зыян өндүрүлдү.

- Коррупциялык мүнөздөгү ачылган кылмыш иштер боюнча да токтолуп өтсөңүз?

-  Үстүбүздөгү жылдын 1-жарым жылдыгында коррупциялык мүнөздөгү 80 кылмыш иши козголуп, козголгон кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыян 23 млн 928 миң 880  сомду түздү. Тергөөнүн жыйынтыгы менен отчет мезгилине карата 44 кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлүп, мамлекетке келтирилген 6 379 315 сомдук же 26,7 пайыз зыян өндүрүлдү. Ал эми учурда 21 кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тармактар боюнча алып караганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (Мэрия, айыл өкмөт, айылдык, шаардык кенештер) айыл өкмөт, мэрия кызматкерлерине карата 21 кылмыш иши козголуп, 31 пайызды түздү. Билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине карата 16 кылмыш иши козголуп, 18 пайызды, мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлерине карата 13 кылмыш иши козголуп, 14 пайызды, саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлерине карата 8 кылмыш иши козголуп, 9 пайызды, жергиликтүү мамлекеттик администрациялырдын кызматкерлерине карата 5 кылмыш иши козголуп, 5 пайызды түздү.

Ал эми салык кызматкерлерине карата 4 кылмыш иши, экология кызматкерлерине 3 кылмыш иши, ички иштер органдары, мамлекеттик архив, маданият жана спорт тармактарынын кызматкерлерине карата бирден кылмыш иштери козголду.

Мисалы, Сузак районунун айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине карата 13 кылмыш иши козголгон, (акими дагы жоопко тартылды Батыровдун мүлкү боюнча), Базар-Коргон районунун айыл өкмөттөрүнө карата 7 кылмыш иши, Токтогул районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата 4 кылмыш иши, Кара-Көл шаардык мэриясына карата 3 кылмыш, Ала-Бука районунун айыл өкмөттөрүнө карата 3 кылмыш иши, Чаткал районунун айыл өкмөттөрүнө карата 2 кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш иштердин көпчүлүк бөлүгү жер мыйзамдары жана бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча козголгон.

- Коррупцияга каршы күрөрүшүү мыйзамдарын аткарбаган жетекчилерге, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлерге карата кандай чаралар көрүлдү?

- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, кызматчы Конституцияны жана башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алуу менен кызматтык милдеттерин жана кызматтык ыйгарым укуктарын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылган чечимдерин ак ниеттик менен аткарууга милдеттүү.

Андыктан, облустук прокуратура тарабынан Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы М.Сатымкуловго карата Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 400-беренесинин 1-бөлүмү менен административдик иш козголгон.

Башка мисал келтирсем,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-мартындагы 170 сандуу токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чаралар планынын аткаруу максатында Кара-Көл шаардык мэриясынын 2015-жылдын 7-майында 161“б” сандуу буйругу менен аталган шаардык мэриясынын иш-чалардын планы бекитилген.

Бирок, Кара-Көл шаардык мэриясы тарабынан түзүлгөн иш-чаралардын планында жогоруда аталган токтом менен бекитилген планындагы 15, 19 жана 33-пукнттарында көрсөтүлгөн иш-чаралар белгиленип, анын 19-пункту гана аткарылган.

Андыктан, облустук прокуратура тарабынан Кара-Көл шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси К.Таштанкуловага карата Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 400-беренесинин 1-бөлүмү менен административдик иш козголгон.

Ушундай эле мыйзам бузуулар Жалал-Абад облусунун Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак райондук мамлекеттик администрацияларында жана Жалал-Абад шаардык мэриясында орун алган.

Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 11-июлундагы 31-т сандуу буйругунун 2 жана 3 пункттары менен жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген жеке ишкерлердин укугун бузуп, аларды белгилүү бир юридикалык жак менен келишишим түзүүгө милдеттендирген.

Ал эми, Кыргыз Республикасынын “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесинде: “Тиешелүү органдардын мыйзамда белгиленген негиздердин жана ыйгарым укуктарынын чектеринен тышкары учурларда, ишкерлердин иштерине мамлекеттин жана анын органдарынын кийлигишүүсүнө жол берилбейт”, - деп көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тиешелүү болгон чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда аларга укук ченемсиз артыкчылыктарды берүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын коррупция үчүн шарттарды түзүүчү укук бузуулар болуп саналат.

Андыктан, облустук прокуратура тарабынан Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын наамына аталган буйрукка карата каршылык билдирүү келтирилген.

Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 13-январындагы 4-т сандуу буйругу негизинде аталган райондук администрациясынын этика комиисиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 7-майындагы 108 сандуу Жарлыгынын талаптарын бузуу менен түзүлгөн. Бул факты боюнча Аксы райондук администрациясынын башчысына ченемдик укуктук актыларын бузулушун четтетүү жөнүндө сунуш келтирилген.

Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесин бузуу менен Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 25-мартында аскердик мекемени текшерүү жөнүндө  58-б сандуу буйругу кабыл алынган. Бул факты боюнча Тогуз-Торо райондук администрациясынын башчысына ченемдик укуктук актыларын бузулушун четтетүү жөнүндө сунуш келтирилген.

- Укук коргоо органдары тарабынан ишкердик чөйрөнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин улам-улам текшерүүлөргө байланыштуу нааразы болгондор көп. Бул багытта кандай иштер аткарылып жатат?

- 2016-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ишкердик субьектеринин жана өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгы, 2016-жылдын 13-апрелинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган.

Ал эми 2016-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 417 сандуу Токтомуна ылайык, Ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо жана салык кызматы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун убактылуу эрежелери кабыл алынган.

Эрежелерге ылайык, жеке ишкерлерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында укук коргоо жана салык кызматы тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөр, текшерилүүчү объект кайсыл жерде жайгашса, ошол жердин жергиликтүү шаар-райондук прокуратура тарабынан каттого алынгандан кийин гана текшерүү жүргүзүлөт.

Ошондой эле, айыл округдарда жана мэрияларды прокуратура органдары тарабынан текшерүүлөр пландык жана пландан тышкары негиздер менен жүргүзүлөт. Пландан тышкары негиздерге жарандардын арыз даттануулары, жогору турган бийлик органдардын тапшырмалары жана массалык маалымат каражаттарына жарыяланган фактылар кирет.

Мындан ары, жеке ишкерлер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары укук коргоо органдары текшерүүгө барган учурда сөзсүз түрдө жергиликтүү прокуратурадан каттодон өткөндүгү жөнүндө кагазды талап кылып жана текшерүү жүргүзүүгө негиз болгон жагдайлар боюнча гана тийиштүү иш кагаздарды берип, башка жерин текшерүүгө уруксат бербегенге укуктары бар.

Эгерде, жеке ишкерлер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери укук коргоо органдары тарабынан кандайдыр бир басым кылууга же болбосо каттоосуз текшерүүгө дуушар болушса тез арада жакынкы прокуратура органдарына кайрылуусу керек.

Өзүнүнздөргө маалым болгондой, акыркы жылдары тоо-кен иштетүүчү ишканалар менен алар жайгашкан региондордогу жергиликтүү калк ортосунда көп чыр-чатактар чыгууда. Мындай фактыларды алдын алуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мэриялардын жана айыл округдардын жетекчилигинен көз каранды,

Чыр-чатактарды алдын алууда жергиликтүү калк арасында абройлуу аксакалдар, жаштардын арасын чыккан лидерлер менен жергиликтүү бийлик эриш-аркак кызматашуу ыкмасын тийиштүү деңгээлде колдонбойт, эл арасында болуп өткөн жолугушуулар формалдуу түрдө өткөрүлөт.

Эгерде, аталган жарлыктын жана мыйзамдын талаптары бузулган учурда укук коргоо жана салык органдарынын кызматкерлерине мыйзамда көрсөтүлгөн, кылмыш- администрациялык жоопкерчиликке же катуу тартип жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Ошондуктан, укук коргоо органдарынын жетекчилери, салык органдарынын кызматкерлери бул талаптарды кыйшаюсуз так аткаруусу зарыл.

Мындан ары айыл өкмөттөрүндө, ишкердик субьектилерде кайталанма, негизсиз жана мыйзамсыз текшерүүлөр болбойт.

Анархан Жаңыбаева, "kogart.kg".

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Уран калдыктары көмүлгөн жерлердин учурдагы абалы кандай? (ФОТО)

Уран калдыктары көмүлгөн жерлердин учурдагы абалы кандай? (ФОТО)

Жалал-Абад облусунун аймагындагы Майлуу-Суу шаарында, Чаткал районунун Шекафтар жана Сумсар...

ИНТЕРВЬЮ 2018-07-06  16:21

Кыргызстанда кичи ГЭСтерди өнүктүрүү керек (ФОТО)

Кыргызстанда кичи ГЭСтерди өнүктүрүү керек (ФОТО)

Дүйнө жүзүндө элдин санынын өскөндүгү, өндүрүштүн көбөйгөндүгү, аба-ырайынын кескин түрдө...

ИНТЕРВЬЮ 2018-06-18  01:16

Закиров Абдулазиз кары: “Орозо бизди сабырдуулукка үйрөтөт”

Закиров Абдулазиз кары: “Орозо бизди сабырдуулукка үйрөтөт”

Кыргызстандын калкынын 90 пайызы Ислам динин карманышат. Мына ушул Ислам динин карманган мусулмандар...

ИНТЕРВЬЮ 2018-05-11  14:00

САПАР ИСАКОВДУН АЯШ АТАСЫ ЭМНЕ ДЕЙТ?

САПАР ИСАКОВДУН АЯШ АТАСЫ ЭМНЕ ДЕЙТ?

Айтылуу “Тапанча балбан” каймана аты бар кыргыздын белгилүү балбаны, улуттук күрөш боюнча...

ИНТЕРВЬЮ 2018-01-08  14:55

Өкүл Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ: Жалал-Абадда быйылкы жылдын алты айында 34...

Өкүл Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ: Жалал-Абадда быйылкы жылдын алты айында 34...

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыбалдиев Кыянбек...

ИНТЕРВЬЮ 2017-07-29  02:13

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу...

ИНТЕРВЬЮ 2017-06-18  12:38

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-25  19:01