KELECHEK
rek

Жашы жете элек ѳспүрүм кыздар менен никеге туруу балдардын укуктарын бузууга жатат

Жашы жете элек ѳспүрүм кыздар менен никеге туруу балдардын укуктарын бузууга жатат

Айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстанда акыркы мезгилдерде 15 жаш курагына толук чыкпастан турмушка чыгууга мажбур болгон кыздардын саны 6 миңден көп болсо, ал эми 18 жаш курагына толук чыкпастан турмушка чыгууга мажбур болгон кыздар 160 миңден ашат.

Жарандык активисттердин билдирүүлөрүнө караганда, бул жаш кыздардын баардыгы ата-энелеринин кийлигишүүлѳрүнүн негизинде күйѳѳгѳ берилген, же аларды ала качып кетишкен. Жашы жете элек ѳспүрүм кыз менен  никеге туруу мындай никелердин гүлдѳшүнѳ кѳмүскѳ жол ачып, дин ѳкүлдѳрүнүн айынан «нике» макамына ээ болуп калышат. Ал тургай, мындай тагдырга туш болгон ѳспүрүм кыздардын тагдыры үчүн эч ким – ата-энеси дагы, «күйѳѳсү» дагы,  молдо дагы жоопкерчиликти алгылары келишпейт.

Ошол себептен, айрым эл өкүлдөрү тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасындагы айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳгү» (КР Yй-бүлѳ жана Кылмыш-жаза кодекстерине) мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоп берүүсү Кылмыш-жаза мыйзамынын ченемдерин кайталабастан, андагы боштуктарды толуктайт. Жогорудагы кабыл алынган мыйзамга ылайык, мындан ары 18 жашка чыга толук чыга элек жаш кыздардын турмушка чыгуусуна тыюу салган беренелер КР Yй-бүлѳ жана Кылмыш-жаза кодекстерине киргизилип, буга чейин болуп келген терс көрүнүштөргө мындан ары бөгөт коюлмакчы.

Жашы жете элек ѳспүрүм кыздар менен никеге туруу балдардын укуктарын бузууга жатат жана кыздардын ѳнүгүүсүн ар кыл коркунучтардын коштоосуна алып келет. Ал эми жогорудагы айтылган мыйзам долбоорун мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар,  Кыргызстандын  мусулмандар дин башкармалыгы жана диний жамааттар тарабынан кеңири талкуудан ѳтүп, анын алкагында баардыгы кѳйгѳйдү бирдей түшүнүшүп, бир пикирге келишкен жана ЖК депутаттары мыйзам долбоорун колдоп беришти.

«Аймира» Коомдук фондунун директору Анаркүл Машаеванын айтымына караганда, бул мыйзам ѳспүрүм жаш курагында турмуш курууга мажбур болгон кыздардын саны жыл санап ѳсүп жаткандыгына тынчсызданган чакырыкка жооп болуп эсептелет. Ал ѳлкѳдѳ никеге туруу юридикалык каттоого алынбастан, диний жактан гана нике кыюу менен чектелген жолго басым жасоо багытына ѳтүп бара жаткандыгын эске алат.  

“Жарандык коомдун мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты, айылдык аялдар комитетинин төрайымы катары биз көбүнчө айыл жериндеги жаш өспүрүм курактан нике кургандардын көйгөйлөрү боюнча долбоорлор менен иштегенбиз. Ушул долбоор менен иштеген мезгилде жаш курактан кыздардын турмушка чыгуусу өзүнүн залакасын тийгизип жаткандыгын байкадым. Бир айыл өкмөттө 8-класстан 11-класска чейин 35 жаш өспүрүм кыздын турмушка чыккан фактысы катталса, анын жарымы ажырашуу менен аяктаган. Эми бул кыздардын мындан аркы тагдыры эмне болоору биздин баарыбызды ойлондурушу керек. Бул коомдун өтө көйгөй маселеси болуп калды”, - дейт А.Машаева.

«Ариет» аялдарды колдоо борборунун өкүлү Гүлмайрам Аттокурованын айтымында, бүгүнкү күндө борборго кайрылган өспүрүм куракта турмушка чыккан кыздардын укугу көп учурда корголбой жатат.

- Бүгүнкү күндө турмушка чыгып, жаткан жаш өспүрүм курактагы кыздардын укугу бузулса, участковый барып, ал үй-бүлөдөн кабар алып, анан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен эле тим болот. Бизде мыйзамдуу түрдө жаш өспүрүм куракта турмуш курган кыздардын укугун коргой турган мыйзамдардын жөнөкөй гана механизмдери жок. Көпчүлүк учурда өспүрүм курактан турмуш куруу ошол кыздардын өздөрүнүн каалоосу менен болуп жатат дешет. Биз андай үйлөргө участковый менен чогуу барганбыз. “Өз каалоосу менен турмушка чыкты, эч ким мажбурлаган жок, өздөрү сүйлөшүп, өздөрүнүн макулдугу менен болду”- деп, көбүнчө күйөө тараптын ата-энелери айтышат.

Эгерде, биз коомчулуктун көйгөйүн, көз жаздымда таштап, биз көтөрүп чыкпасак, анда ким көтөрүп чыгат? Коомчулуктун көйгөйүн изилдеп чыгып, аны чечүүнү колго албасак, анда ким ишке ашырат? Бизге Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун айылдарынан көп келишет. Үчтөн-төрттөн баласы менен ата-энелеринин үйүндө олтурган келиндердин көгөйүн ким көтөрүп чыгат? Алар жаш өспүрүм куракта турмушка чыккан үчүн ЗАГС ала алышпайт. Ажырашып кетсе күйөөсү алимент төлөбөйт. Диний көз караштан улам, кыздарынын көйгөйлөрүн алып чыгуудан коркушат. Бизде толук эмес үй-бүлөлөр абдан көп. Экинчи бир себеби, бул өспүрүм куракта жаш кыздардын турмушка чыгуусунан улам болуп жатат деп ойлоор элем. Ар бир адам коңшусунун көйгөйүн – менин көйгөйүм деп билген болсо, бүткүл коомчулук бул көйгөйдү көтөрүп чыгышыбыз керек. Себеби, бул бир гана райондун көйгөйү эмес, бүтүндөй Кыргызстандын көйгөйү болуп жатат,- дейт Г. Аттокурова.

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттык сактоо борборунун акушер-гинекологу Гүлзат Нурумбетованын сөзүнө караганда, мектептерде жыныстык тарбия берүүнү айтпаш керек деп каршы чыкканыбыз менен, ошол эле учурда өзүбүздүн пикирге карама-каршы болуп жатабыз. Себеби, эч кандай жыныстык тарбиясы жок жаш өспүрүм кыздар эрте турмушка чыгып, ар кандай ооруларга дуушар болуп калышууда.

- Окуучулар арасында турмуш куруу жөнүндө маалыматтарды бербесек, эч кандай билими жок жаш өспүрүм кыздар тажрыйба албай туруп жыныстык катнашка барып, үй-бүлө куруп жатышат. Медициналык жактан алып караганда, эрте турмушка чыгууда негизинен үч кабылдоого дуушар болушат.  Биринчиден, жаш өспүрүм курактагы эненин жаш организми толук жетиле элек болот. Балага кам көрүүдөн мурун өзүнө кам көрүүсү көп кабылдоолорду алып келиши мүмкүн. Экинчиден, ошол өспүрүм кыздын жыныстык органдарынын толук жетилбегендиги, үчүнчү себеби психикалык жактан да кош бойлуулукка, төрөткө даяр эместиги болуп саналат. Бизге келген аялдарды сурасак, 19 жашка чейин 3 баланы төрөп койгон болот. Эми ойлоп көрсөңөр, канча жаштан турмушка чыкканын? Өзү физиологиялык жактан 21 жаш куракка  толгондо аял кишинин организми толук жетилет деп айтылат. Ал деген кыз бала толук кандуу курсагындагы баланы бүт керек болгон азык заттар менен камсыз кылып, эч кандай коркунучу жок төрөй алат дегенди билдирет”, - деди Г.Нурумбетова.

“Бара турган жери жок 16 жаштагы кыз кош бойлуу кезинде каттоого алынды”, - дейт А.Нышанбаева

Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн башчысы Айдай Нышанбаеванын берген маалыматына караганда, аталган бөлүм нөл жаштан 18 жашка чейинки курактагы жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып барат.

- Биздин бөлүм балдардын укугун ар таптан коргоого алат. Балдар кылмыш жасап коёбу жаштык кылып, кандайдыр бир тергөө амалдарына түшүп калабы? Ошондой эле, бала багуусунан ажырап калса, томолой жетим калса, турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлө жана балдар менен иш алып барабыз. Жалал-Абад шаарында бүгүнкү күндө турмуштун оор кырдаалына кабылган 5 үй-бүлө бар болсо, ал эми балдардын саны 26ны түзөт. Бул үй-бүлөлөрдүн айрымдарынын ата-энеси ичкиликке берилип кеткен, кээ бири  балдарын таштап кеткен, ата-эне багуусунан ажыраган балдар. Шаарда “Ак-Жол” реаблитациялык борбору жана “Ак-Бермет” үй-бүлө тибиндеги балдар үйү бар. Мына ушул жерге башкармалыктын буйругу менен балдарды 6 айга жайгаштырабыз да, андан кийин балдар 18 жашка чыкканга чейин бир жолу ата-энелик укуктан ажыратабыз, же болбосо балдарды ата-энесине кайтарып беребиз. Биз ушул багытта иштейбиз. Балдар кодексинде ата-эне балдарга билим берүүгө, аларга бардык шарттарды түзүүгө милдеттүү экендиги көрөтүлгөн. Мына ушул кодекске ылайык, ата-энелик милдеттерин аткарбаган ата-энелер менен иш алып барып, аларды каттоого алабыз,- дейт А.Нышанбаева.

Бөлүм башчы А.Нышанбаеванын айтымында, аларга каттоого алынган балдарды мэриянын алдындагы атайын балдар иштери боюнча комиссияга маселеси коюлуп, тийиштүү мекеме-ишканалардан социалдык жана медициналык жардамдар берилип турат.

“Бизде 2015-жылы томолой жетим 16 жаштагы кыз кош бойлуу кезинде катталды. Мына ошол кызыбыз төрөп, биз аны өзүбүзгө каттоого алдык. Анын  жашаарга жери, же барарга туугандары жок экен. Бизде кризистик борбор жок болгондугуна байланыштуу, ал кызды убактылуу Ош шаарындагы Эне жана баланы реаблитациялоо борборуна 6 айга жайгаштырдык. Себеби, биздеги реаблитациялык борборго жайгаштыралык десек, ал жерде жаш балдарды гана кабыл алат. Ымыркайы менен кабыл ала турган бизде борбор да, шарт да жок. Быйылкы жылы апрель айында ал кызды алып келип, муниципалдык жатаканадан бир бөлмө бөлүп берип, баласына жөлөк пул чектеп бердик. Ошол жөлөк пул менен ал үй-бүлө жашоосун өткөрүп жатат. Биз ага камкордук көрсөтүп келе жатабыз. Келээрки жылы 18 жашка чыгат. Баласы 2-3 жаш болуп калганда бала бакчага жайгаштырып, өзүн жумушка тартабыз. Буларды көзөмөлгө аллып турабыз. Дагы бир үй-бүлөбүз бар. Өткөн жылы селсаяктык кылып жүргөн бир 18 жаштагы кызыбыз төрөп, барарга жери жок, көчөдө калып, аны да Ош шаарына убактылуу жайгаштырганбыз. Мыйзам боюнча ал жерде 6 ай гана карай алышат. Андан ашык кароого мүмкүн эмес. Ал боюнча соттун чечими керек. Аны да алып келип, Жалал-Абад шаарынан муниципалдык жатакана ажыратып берүү боюнча кезекке коюп койдук. Эгерде жатакана бөлүнсө, бул үй-бүлөнү да ошол жатаканага жайгаштырабыз. Биз кризистик борборго өтө муктажбыз.”, - деди бөлүм башчы А.Нышанбаева.

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттык сактоо борборунун башкы дарыгери Айнура Давлетованын берген маалыматына караганда, 2015-жылы жалпысынан 30 миң 515 төрөт болсо, анын ичинен 15-17 жаш курактагы 212 аял, 18-19 жаштагы 2445  аял төрөргөн. Ал эми 2014-жылы 14 жаштан бир төрөт, 15-17 жаштан 205 төрөт болгон. Төрөттөн 14 өлүм болсо, 19 жаштан бирөө, 18 жаштан бирөө катталган.

“Өтө жаш курактан 14-16 жаштан төрөгөн жаш өспүрүм кыздар өтө көп кабылдоолорго учурайт. Эрте төрөттүн болушу, же болбосо төрөттөн кийин кан кетүү, акушердик кабылдоолор көп буларда. Өспүрүмдөрдүн өзүнүн да организми толук жетилбей, төрөткө даяр болбойт. Кош бойлуулук мезгилде бардык организмде гармоналдык өзгөрүүлөр болот. Организм жаш болгондуктан, бул өзгөрүүлөргө алар даяр эмес. Көбүнчө эрте төрөт зордуктоолордун себебинен да болушу мүмкүн. Кан аздуулук көп болот, ымыркайлардын өлүмү көп кездешет. Гармоналдык фону турукташа элек, өзүнүн организми өсүп жаткан, жамбаш сөөктөрү кеңейе элек мезгил болот. Аялдардын өзүнүн аз салмактуулугу ымыркайдын салмагынын кичине болуп, ар кандай травмаларга алып келет. Жаш курактан эне болсо, алар жоопкерчиликти мойнуна албай турган курак болгондуктан, энеге керектүү ар түрдүү витаминдерди кабыл алышпай, өзүнүн ден соолугуна кам көрүшпөйт. Баланы өстүрүү тажрыйбасы да жок болгондун айынан, балдары оорукчан болуп, балдардын өлүмү көп кездешет”, - дейт А.Давлетова.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алима Аманованын берген маалыматына караганда, август айынын аягынан сентябрь айынын башында жалпы мектептердеги жогорку класстарынын окуучуларына иликтөө жүргүзүшкөн.

- Иликтөөлөр көрсөткөндөй, 9-класстан кийин көпчүлүк кыздар жана балдар деле мектептке барышпайт экен. Бул жаш өспүрүм курактагы кыздардын эрте турмушка чыгуусуна шарт түзгөн учур болуп жатат. Буга сөзсүз түрдө көңүл буруу керек. Илгеркидей кылып, сөзсүз түрдө жалпыга билим берүүнү киргизүү керек. Кыздарын эрте турмушка берип коюшуп, ата-энелер кызы андан ары жашайбы, жашабайбы? Ата-энелер буга көңүл бурбай жатышат. Ошол себептен, ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл. Кызын эрте турмушка берүү үчүн кыздарын мектепке окутпай койгон ата-энелер көп болуп жатат.

Бизде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдар көп эле учурда кайрылышат. Көп учурда алар өздөрүнүн укутарын коргошпойт, чыдап, “балдарымдын келечеги үчүн” деп мыйзам чегинде чара колдонууга макул болушпайт, укук коргоо органдарына кайрылышпайт. Жөн гана “тартипке чакырып койсоңуз, түшүндүрүп койсоңуз” деген өтүнүч менен гана бизге кайрылышат. Алар бул зомбулукка көнүп да калышкан. Аялдар зордук-зомбулукка дуушар болсо, анын айынан балдары запкы тартат. Чыдабай ажырашып кеткен аялдар бар. 2016-жылы эки эненин арызынын негизинде сотторго катышып, алардын балдарын энесине алып берип, энелердин пайдасына чечкенге жардам бердик. Жаш  балдарды атасы тартып алган учурлар да бар. Энесинен тартып алып, эркектер өз кызыкчылыгын көздөп, баланын тагдырына балта чаап коюп жатышат. Коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу керек. Никесин мамлекеттик каттоодон өткөрүү керектигин ар бир жаш үй-бүлө билиши абзел. Бул аялдар үчүн өтө зарыл деп эсептейм”, - дейт А.Аманова. 

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Мелис Шералиевдин берген маалыматына караганда, зордук-зомбулукка учураган аялдар көбүнчө үй-бүлөлүк чатак болгондуктан, күйөөсү менен жарашып алышып, сотко чейин барган учурлар көп кездешпейт.

“Зордук-зомбулукка кабылган аялдарга коргоо ордерлерин беребиз. Ар бир иш көзөмөлгө алынат. Бүгүнкү күнгө карата 20дан ашык коргоо ордерлери берилген. Жалал-Абад шаарында кыз ала качуу, эрте турмушка чыгуу фактылары катталган жок. Участкалык инспекторлор жергиликтүү башкармалыктар менен чогуу үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иштерди алып барышат. Же болбосо, көчмө кабылдамлар менен барып, элдерден арыздарды алып жатабыз. Бүгүнкү күндө зомбулукка дуушар болдум, эрте турмушка чыгып, укугум тебеленди, ала качып кетти  деген арыздар жок”, - дейт М.Шералиев.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 6 айында 41 адам өзүнүн өмүрүнө кол салган болсо, анын ичинен 11и аялдар болгон. Мындан сырткары, 12 аял жана 16 эркек да өзүн-өзү өлтүргөнгө аракет жасашкан. Өзүнүн өмүрүнө кол салуу -  бул үй-бүлөдөгү ар кандай зордук-зомбулуктан болушу да мүмкүн дешет адистер.

Жалал-Абад шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Нурия Азимбаеванын берген маалыматына караганда, облус аймагында 2016-жылдын жарым жылында 4359 нике күбөлүгү берилсе, 649 жубай расмий түрдө ажырашкан.

Адистердин пикиринде, ажырашуулар зордук-зомбулуктун айынан жана кыздардын жаш курактан турмушка чыгуусу себеп болушу ыктымал деген пикирди карманышат.

Ал эми 2016-жылдын башынан бери “Ишеним борборунун” психологуна 200дөн ашык аял психологиялык жардам сурап кайрылышкан. Алардын арасында зордук-зомбулуктун айынан 2 аял өзүнүн өмүрүнө кол салгысы келгенин айтса, бирөө өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасагандыгын билдирген.

Акырында айтаарыбыз, облус борбору болгон Жалал-Абад шаарында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдар убактылуу жашай турган кризистик борбордун болушу зарыл. Бул маселеге жергиликтүү бийлик төбөлдөрү келечекте көңүл бурса жакшы болот эле деген тилекти билдирип кетмекчибиз.

Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24