KELECHEK

“Манас” ААКнун акционерлери: “Коррупциялык схемадан улам 23 жылдан бери укуктарыбыз бузулуп келе жатат”

“Манас” ААКнун акционерлери: “Коррупциялык схемадан улам 23 жылдан бери укуктарыбыз бузулуп келе жатат”

Жалал-Абад шаарындагы “Манас” ачык акционердик коомунун (ААК) акционерлери 23 жылдан бери болуп келе жаткан коррупциялык схемадан улам укуктары бузулуп, мыйзамдуу кызыкчылыктары сакталбай жаткандыгын бүгүн, 16-сентябрь күнү “Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда өткөн жыйында билдиришти.

Жалал-Абад шаарынын тургуну, “Манас” ААКнун акционери Абдуллажан Назаровдун сөзүнө караганда, бул акционердик коом мурда Жалал-Абад шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазасы болуп келип, кийин реформалоодон улам “Манас” ачык акционердик коомго айландырылган. Анын жетекчилигине мурда ушул автобазада жетекчи болуп иштеген Калдарбек Казакбаев шайланган. Реформалоо учурунда ал автобазада иштегендерден 2000 (эки миң) сомдон чогултуп, “ишкананы менчиктештирип, баарыңар акционер болосуңар” деп айткан экен. Ошол себептен, башында баары акча чогултуп беришкен.

- Мына арадан 23 жыл өттү, бирок менчиктештирүүнүн, реформалоонун жакшы ийгиликтерин К.Казакбаев өзү көрүп, биз – акционерлер эч нерседен жок куру жалак кала бердик. Себеби, ушул жылдар аралыгында бизди катыштырып бир дагы жылдык отчеттук чогулуштарын өткөрө элек. Мындай чогулуштарга таптакыр башка кишилердин, ошол жердеги базарда иштегендердин катышуусу менен өткөрөт экен. Ошонун кесепетинен биз – акционерлер 23 жылдан бери дивидент ала элекпиз. Себебин сурасак, “ишкана карыз, төлөп жатат” дейт. Ошол себептен, бизге эч нерсе ашпайт имиш. Биздин укугубуз бузулуп жаткандыктан улам, КР Президентине, прокуратурага, финполицияга арыз жазып кайрылдык. Биз кайрылган органдардын баары тең “мыйзамдуу иштеп жатат” деп, К.Казакбаевдин талабын жактап жатышат. Булардын жасап жаткан ишин коррупция деп атоого болот. К.Казакбаев “Манас” ААКнун өзүнүн жеке менчик ишканасы кылып алыптыр. Автобазаны базар кылып ачып, ар кимге арендага берет. Автобазага тиешелүү жерлерди саткандыгы боюнча биз баарын билебиз. “Сага эмне керек? Айтканыңды жасаймын” дейт. Мен анын айтканына көнбөдүм. Шаардык кеңештин депутаттарына да кайрылдык. Эмне кылышыбызды билбей, аргабыз кеткенден улам сиздерге кайрылып жатабыз. Убагында автобазада 1,5 миң киши иштейт эле. Алардын арасында каза болгондору болсо да, калган 1000ге жакыны бар болсо керек. Казакбаев бирөөнөн да кабар алып койгон жок. Мына ишканада 40-50 жыл иштеген акелерибиз бар. Ишканага барсак, дивидент төлөмөк түгүл, “сенин эч кандай акцияларың жок!” -  деп 57 пайыз акцияны кантип топтоп алганы бизге белгисиз?.. Ал болгону ишканада 5-6 жыл гана иштеген. Биз жогорку бийлик органдарына кайрылып, бизге К.Казакбаевдин мыйзамсыз иштерин тергеп беришин суранат элек, ал миллиондогон акчаларды кайдан таап жатат? - дейт А.Насыров.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын тургуну, “Манас” ААКнун акционери Курманбек Алтынбаев аксакалдын айтымында, жаңы ишке келгенде аке деп сыйлап турган К.Казакбаев азыркы учурда акционерлерди тааныгысы келбейт.

- Бирге канча жыл иштегенибизге карабай, Казакбаев мени “сиз ким элеңиз?” дейт. Жогорку билимдүү экен, жалал-абаддык болот турбайбы деп профкомго айтып жүрүп, секинден тепкичке көтөрүп, жетекчи кылып шайлап койгонбуз. Азыркы учурда ошол кездеги кесиптештерин тааныбай, эч кандай акцияңар жок деп келет. Мына автобазанын айланасын курчап дүкөндөрдү куруп, ичин базарга айландырып салды. Ошол жерден түшкөн каражаттан жылына ишкананын ардагерлерин эс алдырып турса болбойбу? Ошол жерде канчалаган механиктердин бөлмөлөрү бар эле. Азыр ошол бөлмөлөр ажааткана болуп калды. Ошону карап койсо болбойбу? Ошол автобазадан түшүп жаткан каражаттын эсебинен. Көптөгөн жылдар иштеген жумушчулардын бирөөнөн да “Казакбаев жардам берди” деген сөздү укпадым. Бир жолу кайрылдым, “үка бир дүкөн ачып алайын, жер бербейсиңби?” – десем, мага эски откананы көрсөттү. Мунун ичиндеги батереясын, имараттын кыштарын өзүм алам, сен жерин аласын” деди эле, ыракмат үка мага жериңдин керекги жок деп кол шилтеп кетип калгамын. Же болбосо, өзүм жеңген машинамды берген жок. Мен таксист болуп иштегемин. Мен ушуга да капамын, - дейт Курманбек Алтынбаев аксакал.

Ошондой эле, “Манас” ААКнун акционери, Жалал-Абад шаарынын тургуну Маматкарим Исаевдин берген маалыматына караганда, маалымат жыйынга катышып отургандардын баары кеминде автобазада 30-40 жыл иштешкен.

- Акционердик коом жылына акционерлерге дивидент төлөп, ооруп калса, бюллитендерине да акча төлөп бериши керек. Ал эми азыркы учурда автобазанын жетекчиси акыбалды сурамак түгүл, иштеген жылыбызды так эсептеп бербейт. Мен өзүм автобазага барып, мен пенсияга чыгам, мага стажымды эсептеп бергиле десем, 40 жылдын ордуна 9 жыл стажды жазып берди. Мен Казакбаев менен урушуп-талашсам, “сен жогол, бул жерге тиешең жок” деп кууп чыкты ишканадан. Ал эми кайра куруудан мурун Калдар Казакбаев өзү болгону автобазада 5-6 жыл гана мурун келип иштеп калган. Ошондон улам, бизге директор болуп, ал учурда бизге жакшы мамиле кылчу. Чуркап жүрүп, асты-үстүбүзгө түшүп жатып, андай кылабыз, мындай кылабыз деп айтып турчу. Ошентип жүрүп “автобазанын карызы көп, силерге дивидент бербейбиз” деп, акыры бизди автобазага жолотпой койду. Болуптур, 1,5 миң адамдын ырыскысын жеп түгөтүптүр деп тим койдук. Анан көпчүлүгүбүз пенсия курагына жетип калганда, эми пенсияга чыга албай кыйналып жатабыз. Менин бир пайыз акциям болсо, бир баланын 20 пайыз акциясы бар эле. Аны да ар кандай жол менен жолотпой жүрүп, акыры ал каза болуп калды. Каза болгондон кийин, балдарын коркутуп жүрүп, 20 пайыз акциясын тартып алды. Мына ушул жерде отурган Абдуллажан акени жолдон кармап алып, жакалап коркутканга чейин барган. Бардыгынын коркутуп үшүн да алып койгон. Эми биз чымырканып, теледен бизди көргөн кесиптештер болсо бизге келип кайрылып, акционерлердин жыйынын өткөрүп, тарттырып жиберген акцияларыбызды кайра калыбына келтирүү үчүн иш алып баралы деп жатабыз. Бизди тааныгандар баарыңар коркпой келип, акционерлердин жыйынын өткөрүп, өз укугубузду бирге коргойлу, - деди М.Исаев.

Мындан сырткары, маалымат жыйынга катышкан Жалал-Абад шаарынын тургуну, “Манас” ААКнун акционери Анваржан Мамадалиев да жогорудагы акционерлердин сөзүнө кошулуп, мыйзамсыз жүрүп жаткан иштерди ачыкка чыгарууга укук коргоо органдары жардам берсе деген тилегин билдирип кетти.

Жалал-Абад облустук финполициянын тергөөчүлөрүнүн токтомунда жазылган маалыматтарга караганда, “Манас” ААКнун жетекчиси Калдар Казакбаевге акционердик коомдун негизги үлүштүк 56,18 пайызы таандык экен. Экинчи тараптын да сөзүн угууга “Көк-Арт Инфо” маалымат борбору даяр экендигин эскертип кетмекчибиз.

“Көк-Арт Инфо” маалымат борбору.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад облусунда квалификациялуу юридикалык жардам алгандардын...

Жалал-Абад облусунда квалификациялуу юридикалык жардам алгандардын...

Жалал-Абад облустук юстиция Башкармалыгынын кызматкерлери 26-июнь күнү жарандарга бекер...

АНАЛИТИКА 2019-06-24  19:11

Жалал-Абадда “Баардыгы үчүн коопсуз кан!” акциясы өттү (ФОТО)

Жалал-Абадда “Баардыгы үчүн коопсуз кан!” акциясы өттү (ФОТО)

Жыл сайын 14-июнь – Эл аралык Донорлор күнүнө карата Улуттук Кызыл Ай коому ар түрдүү ураан менен ар...

АНАЛИТИКА 2019-06-18  11:31

Катаракта 20 миллион адамды сокурлукка алып келген (ФОТО)

Катаракта 20 миллион адамды сокурлукка алып келген (ФОТО)

Акыркы мезгилдердеги глобалдык экологиялык проблемаларга байланыштуу, Дүйнө жүзүндө 240-250 миллион...

АНАЛИТИКА 2019-06-10  21:03

Ден соолук - бардыгы үчүн! (ФОТО)

Ден соолук - бардыгы үчүн! (ФОТО)

Жыл сайын 7-апрелде – Бүткүл Дүйнөлүк ден соолук...

АНАЛИТИКА 2019-04-08  04:05

Окуучулардын “Алтын сертификат” алуусуна түрткү берген Гүлжан...

Окуучулардын “Алтын сертификат” алуусуна түрткү берген Гүлжан...

Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу Михаил Бабкин атындагы №1...

АНАЛИТИКА 2019-03-30  20:23

Мугалим – мөмөлүү дарак! (ФОТО)

Мугалим – мөмөлүү дарак! (ФОТО)

Жалал-Абад шаарындагы алдыңкы мектептердин сап башында турган,  бир кылымга тете тарыхы бар...

АНАЛИТИКА 2019-03-29  18:23

Таланттарды таптаган, сынактардан калбаган «Ариет» балдар...

Таланттарды таптаган, сынактардан калбаган «Ариет» балдар...

Жакында Казакстандын борбору Нур-Султан (Астана) шаарында  өткөн “Астана жылдыздары – 2019"-...

АНАЛИТИКА 2019-03-27  16:22