KELECHEK
rek

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн жарыялады. Бул 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30 пайызга аз дегенди билдирет.

Улуттук банктын сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, экспорттун азайышы мунайга болгон баанын төмөндөшү менен байланыштуу. Өткөн жылдын төртүнчү чейрегине салыштырмалуу экспорттун төмөндөшү 16 пайыздан ашат. Мунайды жана газ конденсатын экспорттоо 41,1 пайызга кыскарган.

Импорттук товарлардын көрсөткүчү дагы 2010-жылдан берки эң төмөнкү деңгээлге түшүп калган. Импорт биринчи чейректе 5,7 миллиард долларды түзүп, 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27,8 пайызга төмөндөгөн.

Импорттун көлөмүнүн азайышы валюта курсунун олку-солку болушунан келип чыккан. Негизинен азык-түлктөн тышкаркы күнүмдүк жана инвестициялык товарларды алып кирүү кыскарган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанга картошка сатуу маселеси Астанада талкууланат

Казакстанга картошка сатуу маселеси Астанада талкууланат

Буга байланыштуу 11-майда кыргызстандык адистер Астанага барып, казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:49