Түркия Гүленди камоо боюнча АКШга расмий өтүнүч жиберди
Түркия Юстиция министрлиги 13-сентябрда Фетхуллах Гүленди камоо өтүнүчү менен АКШга расмий кат жөнөттү. Анкара аны аскердик төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деп айыптоодо.
Түркия өкмөтү Гүлендин тарапташтары кутумга барып, азыркы бийликти кулатууга чама жумшаган деп эсептейт. Диний ишмерди мекенине кайтаруу маселесин Эрдоган менен Обама Кытайда өткөн "Чоң жыйырмалык" саммити учурунда талкуулашкан.
Америка администрациясынын атайын өкүлү Анкара маселени укуктук эмес саясий жактан чечүүнү талап кылганын билдирген.
Динаятчы Фетхуллах Гүлен 1999-жылдан бери АКШда ыктыярдуу бозгунда жүрөт. Ал Түркиядагы июлдагы төңкөрүш аракетине катыштыгы жок экенин айтып келет. Түрк өкмөтү Гүлен негиздеген “Хизмет” кыймылын террордук деп таап, аны менен тилектеш делгендерди камап же ишинен айдоодо.
Окуядан кийин түрк бийлиги дароо АКШдан Гүленди экстрадициялоону талап кылган. А Вашингтон ал үчүн далилдерди сураган. Кийинчерээк Түркия Юстиция министрлиги тийиштүү документтерди жөнөткөнүн, Вашингтон алганын билдирген болчу.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53