Тажик авиакомпаниясынын кезектеги учагы жүргүнчүлөрүн Дүйшөмбүгө жеткире алган жок
Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын учактарынын бири 100дөн ашык жүргүнчүсүн Орусиянын Красноярск шаарынан Дүйшөмбүгө жеткире алган жок.
«Боинг» учагы 11-сентябрь күнү эртең менен Красноярсктан Дүйшөмбүгө учушу керек болчу. Бирок жүргүнчүлөрдү жайгаштыруу маалында учактын асманга көтөрүлүүсүнө тыюу салынган. «Андан кийин бизди алып кетиш үчүн Тажикстандан башка учак келиши керектигин айтышты. Биз алгач отурган учак бузук болуп, аны оңдоого эки-үч күн керек экен», -деп билдирди жүргүнчүлөрдүн бири.
«Таңкы саат 4төн бери аба майданда жүрөбүз, эртең мененки 8де бир жолу тамак беришкен, ошол бойдон биз жөнүндө унутуп калышты. Түштөн кийин бизди эч ким карабай жатканын, арабызда улгайган жана бала эмизген аялдар бар экенин айтып аба майдан жетекчилигине кайрылдык. Алар бизди «Сомон Эйр» авиакомпаниясы карашы керек деп жооп беришти», - деди ал.
Бул акыркы бир жума ичинде тажик аваикомпанияларынын учактарында техникалык мүчүлүштүктөрдүн бар экендиги аныкталган экинчи учур. 6-сентябрда «Тажик Эйр» авиакомпаниясынын Дүйшөмбүгө багыт алган учагы жарым сааттан кийин кайра Бишкек аба майданына келип конууга мужбур болгон. Ал каттамдын жүргүнчүлөрү 8-сентябрда гана Дүйшөмбүгө жеткирилген.
Тажикстандын эки ири авиакомпаниясы эсептелген «Сомон Эйр» менен «Тажик Эйр» америкалык Boeing жана орусиялык ТУ учактарына ээлик кылат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53